Биз менен байланышыңыз

Күрөш: Мээрим Жуманазарова мурдун сындырган казак атаандашын утту

Кыска кабар , Спорт | 2 Июн 2023 | 292 | 0

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Мээрим Жуманазарова Бишкекте өтүп жаткан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы Дүйнөлүк рейтингдик мелдештин жарым финалына чыкты.

Ал 68 кг салмак категорияда беттешип, 1/4 финалда казакстандык Елена Шалыгина менен күч сынашты. Беттеш 1:1 эсебинде жыйынтыкталып, жеңиш Жуманазаровага ыйгарылды.

Финалдык беттештер саат 18:00дө башталат.

Белгилей кетсек, 1-4-июнга чейинки аралыкта Бишкекте күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өтүүдө.

Буга чейин 11-апрелде Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча Азия биринчилигинде Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн казакстандык Елена Шалыгина менен күрөшкөн.

Кармаштын 12-секундасында казакстандык балбан Мээрим Жуманазарованы мурунга сүзгөн. Жуманазарованын мурду канап кеткенине байланыштуу оюн токтолуп, дарыгердин кароосуна жөнөтүлгөн.

Беттешке кайра чыкканда мурдуна салынган кебез түшүп кетип, кайра канаган. Бул жолу канды басылтуу мүмкүн эмес болгондуктан оюн мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, жеңиш казакстандык спортчуга ыйгарылган.

Мээрим Жуманазарованын атаандашы мурдун сындырганы үчүн оюн токтотулду

Copyright © 2017 Maral FM