Биз менен байланышыңыз

Орусиядагы күйүүчү майдын тартыштыгы Кыргызстанга да таасир этүүдө

Экономика | 2 Июн 2023 | 700 | 0

Июнь айында Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу майлар рыногунда бир литр бензиндин баасы 2,5-3 сомго кымбатташы мүмкүн. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматына караганда, мунай сатуучу компаниялар баанын өсүшүн теңдөө жана күтүүсүз өзгөрүүлөрдөн качуу саясатын улантууну көздөп жатышат. Ассоциация дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы көтөрүлүп баратканын, мунайдын Brent үлгүсү 1,2% кымбаттап, 77,34 долларга чейин чыкканын кулак кагыш кылууда. Буга байланыштуу Кыргызстандын жергиликтүү жеткирүүчүлөрү июнь айына карата күйүүчү май менен камсыз кылууда кыйынчылыктарга дуушар болууда. 

Июнь айында өлкөнүн күйүүчү-майлоочу майлар рыногунда бир литр бензиндин баасы 2,5-3 сомго кымбатташы мүмкүн экенин Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов кабарлады.

Анын айтымында, быйылкы жылдын май айында Санкт-Петербург товардык биржасында бензиндин баасы жаңыланып, тоннасына 61 миң 700 рублдан ашык болгон.

Эшатов учурда орус бийлиги бензиндин тартыштыгын жана ички рынокто баанын өсүшүн улантпоо үчүн аны экспорттоого убактылуу тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатканын айтты.

«Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майдын 95 пайызы Орусиядан ташылат. Баанын кымбатташынын себептерине токтолсом, Кыргызстан Орусиянын бензин чыгарган заводдорундагы дүң баалардан көз каранды. Ошол баалар кандай болсо, Кыргызстандын ичиндеги баалар ошого карап коюлат. Бирок бүгүнкү күндө Орусиянын өзүндө күйүүчү-майлоочу майга болгон таңкыстык пайда болууда. Нефть иштетүүчү заводдорго биринчи кезекте ички керектөөлөрдү толугу менен камсыз кылгандан кийин гана экспортко чыгаргыла деген тапшырмалар берилип жатат».

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин табигый монополияларды жана доминанттык түзүм рынокторун жөнгө салуу бөлүмүнүн адиси Айдай Алимбекова эки күн мурун агенттиктин жетекчилигинин катышуусунда күйүүчү-майлоочу майлар рыногундагы кырдаал талкууланганын билдирди.

Ал бензиндин кымбатташына жол бербөө максатында кызмат тарабынан сунуштамалар иштелип чыгып, Экономика жана коммерция министрлигине жөнөтүлгөнүн маалымдады.

«Орусиядагы заводдордо күйүүчү-майлоочу майга болгон баа өзгөрсө, Кыргызстанга да сөзсүз таасир тийгизет. Ушул жылдын 30-майында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бул боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кызматтын жетекчиси Тайлаковдун төрагалыгы астында өлкөнүн нефтетрейдерлери менен жумушчу кеңешме өттү. Жыйынга Нефтетрейдерлер ассоциациясы, «РН-кыргызнефтепродукт», «Газпромнефть-Азия», «Альфа Ойл», «Партнер Нефть», «ШНОС» компаниялары катышты. Анда күйүүчү май менен камсыз кылуучулардын жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылуу максатында нефтетрейдерлерге бир катар сунуштамалар да берилди».

Өлкөдө мунайды кайра иштетүүчү он завод бар. Алардын эң ириси «Токмок» жана «Жунда» заводдору оңдоодон толук өтүп ишке кирсе, Кыргызстан өзүн-өзү күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кыла алат. «Жунда» заводу жылына 800 миң тонна, «Токмок» заводу 400 миң тонна күйүүчү-майлоочу май иштеп чыгат.

Ал эми экономист Расул Түлеев эгер Орусия экспорттоого тыюу салса, күйүүчү майды Казакстан жана Түркмөнстандан ташып келүү боюнча келишим түзүү керектигин сунуштады.

Мындан сырткары ал Кыргызстандагы мунайды кайра иштетип, ички рынокту эле камсыздабастан, коңшу өлкөлөргө экспортко чыгарууга болорун белгиледи.

«Кыска убакыт ичинде бул маселени чечүү кыйын. Биз азыр бензин боюнча Орусияга байланып калганбыз. Мисалы, Казакстан жана Түркмөнстан менен келишим түзүп, ал жактан ташысак болот. Кыргызстандын түштүгүндө да нефть бар. Өзүбүздүн мунайды кайра иштетсек, ички рынокту жапкандан тышкары экспорттоого мүмкүнчүлүгүбүз болмок. Мындан тышкары нефти-химия тармагы да өнүкмөк».

Кыргызстан бир жылда 1 млн 200 тонна күйүүчү-майлоочу май керектейт. Анын 1 млн тоннага жакыны Орусиядан алып келинсе, 200 тоннасын ички заводдор камсыздайт.

Copyright © 2017 Maral FM