Биз менен байланышыңыз

«Бүтүн Кыргызстан» сөз эркиндигин коргоо боюнча жыйын өткөрдү

Саясат | 26 мая 2023 | 353 | 0

Жогорку Кеңештин «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясы Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы жана ага карата бийликтин мамилеси боюнча жыйын өткөрдү. Анда ЖМКлар боюнча коомдук талкууда турган мыйзам долбоору кеңири талкууланды. Отурумга маалымат каражаттарынын, тиешелүү мамлекеттик мекемелердин, уюмдардын, жогорку окуу жайлардагы журналистика факультеттеринин өкүлдөрү жана башкалар катышты. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

«Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясы коомдо орчундуу маселеге айланган сөз эркиндиги боюнча жыйын өткөрдү. Анда сөз эркиндигинин конституциялык кепилдиктери жана учурдагы кырдаал талкууланды. Маселенин көтөрүлүшүнө соңку мезгилдеги сөз эркиндигине карата жасалган мамиле түрткү болуп жатканы белгиленди.

Биринчи баяндаманы «МедиаПолиси» коомдук бирикмесинин юристи Нурбек Сыдыков жасап, ал акыркы күндөрү коомчулукта кызуу талкууга алынган ЖМКлар боюнча мыйзамдагы тобокелчиликтерге токтолду.

«Массалык маалымат каражаттары боюнча мыйзамда эң башкы маселе веб-сайттар массалык маалымат каражаттары катары каттоодон өтүшү керек. Мыйзам долбоорунун бешинчи вариантында «Санариптик өнүктүрүү министрлиги да каттоодон өткөзө алат» деп кошумча киргизилип жатат. Муну менен Санариптик өнүктүрүү жана Адилет министрликтерине бирин-бири кайталаган функциялар берилип калды. «Веб-сайттарды, ишканалардын сайттарын маалымат каражаты катары көрсөтүү мүмкүн эмес» деп көрсөтсөк да, алар «катталышы керек» деп жазып жатышат. Каттоо, аны жокко чыгаруу иштери да кооптуу болуп көрүнүп жатат. Анткени аны жокко чыгарууга Юстиция министрлигине укук берилип жатат, биз: «Аны жокко чыгарууга соттун чечими керек», — деп биринчи вариантынан бери айтып жатабыз. Бирок алар ушул күнгө чейин өзгөртпөй, ошол бойдон коомдук талкууга чыкты».

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров да бул мыйзам боюнча пикирин айтып, Жаңы Башмыйзам ишке киргенден кийин Юстиция министрлиги ЖМКлар боюнча мыйзамды экспертизадан өткөрүп, аны алмаштырууга жана өзгөртүү киргизүүгө муктаждык жок экенин билдиргенин, бирок ага карабай алмаштырууга кызыкдар тараптар болуп жатканын сындады.

«Адилет министрлиги Жаңы Конституцияны кабыл алганда бардык мыйзамга ревизия жасаган, «кайсы мыйзамдар Башмыйзамга дал келбейт?» деп. Дал ушул Адилет министрлиги «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзам таптакыр өзгөртүүгө дуушар болбошу керек» деп жазып жатат. Бизде баары тескерисинче болуп жатат. Адилет министрлиги расмий кат жөнөткөнүнө карабай, дал ушул мыйзамды өзгөртүүгө киришти. Демек, бул мыйзамдын кабыл алынышына кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы бар».

Президенттин администрациясы «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорун 16-майда коомдук талкууга койду. Документти кайра иштеп чыгуу үчүн былтыр ноябрда жумушчу топ түзүлүп, аларга 15-майга чейин мөөнөт берген. Жумушчу топко кирген эркин медиалардын өкүлдөрү, юристтер принципиалдуу маселелер боюнча берген сунуштары кабыл алынбай, кайрадан каралбай калган мыйзам долбоору сунушталып жатканын айтышкан.

Көз карандысыз журналист Канышай Мамыркулова Кыргызстанда маалыматтык кооптуу абал түзүлгөнүн белгилеп, коомчулукта иргеп алуу, чыпкалоо жөндөм жок болгондуктан, «фейк-фабрикалардын» маалыматына ишенип жатышканына өкүнүчүн билдирди. Ошондой эле ал журналисттердин биримдиги жогунан, бир күч боло албаганынан улам да чет өлкөдөн көчүрүлүп алган мыйзамды таңуулап жатканына кейиди.

«Кыргыз журналисттери ар бири өз кесибин жана кадыр-баркын сыйласа, ар бир чиновник жана саясатчы ошого жараша мамиле кылат. Биз ошого жетишибиз керек болчу. Бизде кандай болуп жатат? Биз үчүн Президенттин администрациясы мыйзам жазып жатат. Биз анын жетегинде кетип баратабыз. Мисалы, мен айтат элем, «Укушев мырза, кечирип коюңуз, сиз буга чейин Өмүрбек Текебаев менен биригип алып, «демократиянын баалуулуктары» деген китеп жазып жүрбөдүңүз беле. Эми медаль аларда эле Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүп алып таңуулап жатасыз», — деп. УТРКнын белдүү эле журналисти жазып жатат, «Укушев укмуш мыйзам жазыптыр, эми порнографияга чек коюлат экен» деп. Бийликке ыңгайлуу журналисттер да, ыңгайсыздары да Укушев жазып койгон мыйзамдын айланасында кеп кылып отурабыз. Ага айтуу керек, «Кечирип кой, аксакал, сен журналистиканын табиятын түшүнбөйт экенсиң, түшүнбөгөндөн кийин таңуулаба!» — деп. Анан азыр да «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип жатыптыр, мунун да учкуну кыргыз журналисттерине тийип жатат». 

Талкуунун жүрүшүндө депутат Айбек Осмонов коомдук пикирди калыптандырууда ЖМКнын ролу чоң экенин, тилекке каршы, журналисттер арасында маалыматты коомдун кызыкчылыгына туура келбеген жолдор менен манипуляциялагандар да бар экенин белгилеп, өлкөдөгү окуяларды объективдүү чагылдырууга чакырды.

Катышуучулар ошондой эле заманбап журналистикадагы жана журналисттерди даярдоодогу көйгөйлөр, анын ичинде маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер боюнча сөз кылышты.

Copyright © 2017 Maral FM