Биз менен байланышыңыз

Каржы секторунда инновациялык технологиялардын ролу талкууланды

Экономика | 25 мая 2023 | 678 | 0

Бишкекте эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү төлөм рыногун санариптик ыкмаларга өткөрүү, туруктуу жана жашыл каржылоо маселелерин талкуулашты. Форумга Казакстан, Грузия, Өзбекстан, Монголия, Азербайжан, Орусия, Пакистан жана башка өлкөлөрдөн эксперттер да катышты. Министрлер кабинетинин төрагасы геосаясий окуяларга байланыштуу глобалдык экономикалык туруксуздукка карабастан, Кыргызстандын банк системасы туруктуу иштөөсүн көрсөтүп жатканын белгиледи.

Бишкек эл аралык каржы форуму сегизинчи жолу өткөрүлүп жатат. Быйылкы иш-чарада талаш-талкуу көбүрөөк орун алып, тажрыйба алмашуулар жүрүп, интерактивдүү оюндар ойнотулуп, демотаанытымдар жасалды.

Кыргызстан банктар союзунун президенти Анвар Абдраев Кыргызстандын банк сектору кандай нукта баратканын жана дүйнөлүк тенденциялардан артта калбоо үчүн эмне кылуу керектигин айтып берди:

«Геосаясий окуяларга, экономикалык өзгөрүүлөргө жана банк секторунун өнөктөштөрүнүн аракеттерине байланыштуу бүгүнкү күндө дүйнөдө технологиялык мүмкүнчүлүктөр жана туруктуу өнүгүү темалары курч бойдон турат. Биз глобалдык финансылык чынжырдын бир бөлүгү катары жаңы пайда болуп жаткан мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп, аларды өлкө экономикасына ыкчам киргизүүгө аракет кылышыбыз керек. Ушундай иш-чараларды өткөрүү менен биз эл аралык деңгээлдеги өнөр жай лидерлеринин көңүлүн жана аракеттерин бириктиребиз, бир каржы тилинде сүйлөгөн жана инновация талаасын жараткан кесипкөй рыноктун катышуучуларынын тажрыйбасын алып, өзүбүздө өнүктүрмөкпүз».

Эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү банктык төлөм системасы, накталай эмес төлөмдөр, жасалма интеллект жана киберкоопсуздукту өнүктүрүү боюнча сунуштарды беришти. Ошондой эле «жашыл» долбоорлорду туруктуу каржылоо, экология жана «жашыл» инвестициялар, чакан жана орто бизнес үчүн экономикалык жактан натыйжалуу инфраструктура маселелери көтөрүлдү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда каржы рыногун толук кандуу өнүктүрүүгө багытталган саясатты жүргүзүүгө мүмкүндүк берген негизги үч факторду атады:

«Биринчиси, Кыргызстандын өзүнүн улуттук валютасы болгон сом; экинчиси, өз алдынча акча-кредиттик жана салыктык-бюджет саясатынын болушу; үчүнчүсү, улуттук ЭЛКАРТ төлөм системасынын болушу, ал ички төлөмдөрдү жана транзакцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Өлкөдө банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн санариптик инфраструктурасын өнүктүрүүнү, инновациялык банктык операцияларды жана санариптик төлөм технологияларын киргизүүнү тездетүү зарыл».

Мындан сырткары Жапаров Улуттук банкка банк жана төлөм чөйрөсүндө жаңы технологияларды, финтех-стартаптарды кабыл алууга көмөктөшө турган стандарттарды активдүү ишке киргизүүнү тапшырды.

Visa компаниясынын Борбор Азия өлкөлөрү жана Азербайжан боюнча вице-президенти Кристина Дорош дүйнөлүк тренддер тууралуу айтып, Кыргызстанда алардын колдонула баштаганы өнүгүүнүн көрсөткүчү экенин белгиледи.

«Биз дүйнөлүк тренддер жөнүндө сөз кылганда, алар Кыргызстанда колдонулуп, бат өнүгүп жатканын баса белгилеп айта алабыз, анткени өлкөнүн сегиз банкында жаңы технологиялар ишке киргизилүүдө. Булар: чакан жана орто бизнести колдоо, карталарды төлөөгө кабыл алуунун жаңы формаларын колдонуу, электрондук коммерцияны өнүктүрүү сыяктуу мүмкүнчүлүктөр. Бул — чоң жетишкендик».

Орусияда банктардын биринде эксперт болуп иштеген Дмитрий Юдин дүйнөдөгү геосаясий окуялардан улам Кыргызстанга келген мигранттар көбөйүп жаткандыктан аларды кармап калуу үчүн банк сектору дүйнөлүк стандарттарга жооп бериши керектигин айтат. Банктык кызматтар чет элдик жарандардын суроо-талабына жооп берсе, өлкө экономикасы бат эле жогорку көрсөткүчтөргө жетет.

«Сырттан келген жарандар көп акча менен келет. Алар Кыргызстанда бизнес ачышы же инвестиция салышы мүмкүн. Башка мамлекеттердин банк сектору бир топ баскыч алдыда. Ушул сыяктуу жогорку көрсөткүчтөгү тейлөөлөргө көнүп калган кардарлар бул жактан да ошондой кызматтарды талап кылышат. Мындай учурда атаандаштык күчөп, суроо-талап көбөйөт, кыргыз банк сектору бул мүмкүнчүлүктү колдонуп, өлкө экономикасын жаңы деңгээлге чыгарып алса болот».

Сегизинчи эл аралык каржы форуму Кыргызстандын улуттук валютасынын киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган.

Иш-чаранын жүрүшүндө башка мамлекеттерден келген эксперттер сунуштарын айтып, жергиликтүү мамлекеттик мекемелерге тапшырмалар берилди.

Copyright © 2017 Maral FM