Биз менен байланышыңыз

Таркович: Кыргызстандын футболчулары коргонууну күчтөндүрүшү зарыл

Спорт | 23 мая 2023 | 401 | 0

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович маалымат жыйын өткөрдү. Анда кыргыз футболунун келечеги, көйгөлөрү, алдыда боло турган Азия Кубогуна, CAFA NATIONS CUP-2023 эл аралык мелдешине жана башка мелдештерге даярдыгы тууралуу сөз болуп, журналистер кызыктырган суроолоруна жооп алды. 

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасына башкы машыктыруучу болуп дайындалган словакиялык Штефан Таркович менен Кыргыз футбол союзу ушул жылдын 2-майында 2024-жылдын 30-июнуна чейин келишим түзгөн. Улуттук курама команданы тогуз жылдан бери Александр Крестинин машыктырып келген.

Маалымат жыйында башкы машыктыруучу Штефан Таркович менен эмне үчүн келишим бир жылга түзүлгөнүн Кыргыз футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков мындайча түшүндүрдү.

«Кыргызстан чет жактан биринчи жолу башкы машыктыруучу алып жатат. Буга чейинки машыктыруучу кыргыз футболунун ашканасын билчү. Штефан Таркович менен эмне үчүн бир жылга келишим түзгөнүбүздүн биринчи себеби, Азия Кубогуна жолдомобуз бар, бир оюн бүтпөй туруп, экинчи оюн Дүйнө чемпиондугуна тандоо туру ноябрда башталат. Алдыда бизде негизги алты оюн бар. Ошолордун жыйынтыгында биз Штефан Таркович менен иштеше алабызбы же жокпу, чечим чыгарабыз».

50 жаштагы Штефан Таркович УЕФАнын Pro-машыктыруучу лицензиясына ээ. 2020-жылдан 2022-жылга чейин Словакиянын улуттук курама командасын машыктырган. Словакия курама командасы 2020-жылы футбол боюнча Европа чемпионатынын финалдык баскычына чыккан.

Штефан Таркович Кыргызстанга келишимде көрсөтүлгөн убакыттан эрте келгенин, анын себеби жергиликтүү чемпионаттын беттештери жана футбол инфраструктурасы менен таанышуу болгонун айтты. Кыргызстанга бир ай мурдараак эле келген жаңы башкы машыктыруучу жаңы оюнчуларды тандоо үчүн он бешке чукул оюн көргөнүн билдирди.

«Биринчиден, көп оюнду көрүү оор, он бешке жакын оюн көрдүм. Бул мен үчүн азыр жетиштүү маалымат деп ойлойм. Алдыда жергиликтүү оюнчуларды анализдеп, дагы карап чыгабыз.  Азыр кимдир бирөөнү мыкты ойнойт дей албайм. Анткени мен жаңы эле келдим, дагы маалымат алуум керек. Бирок алдыда кыргыз футболунун деңгээлин көтөрүп, өзгөчөлүк алып келгенге аракет кылам».

«Кыргыз спорт» телеканалынын баяндамачысы Бактыяр Кыдыралиевдин пикиринде, жаңы келген машыктыруучудан көптү үмүт кылса болот. Анткени анын тактикасы: коргонууга басым жасап, атаандаштардын алсыз тарабын билип, чабуулга өтүү. Андан сырткары машыктыруучулардын да курамы тажрыйбалуу экенине токтолду.

Ошондой эле ал Азия Кубогунда Кыргызстандын атаандаштары күчтүү экенин, бирок жакшы оюн көрсөтүп, 1\8 финалдык баскычка чыгууга мүмкүнчүлүк барын белгиледи.

«Азия Кубогунда Кыргызстандын атаандаштары күчтүү. Бирок, ошого карабастан Кыргызстан жакшы көрсөткүч менен 1\8 финалдык баскычка чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Ар бир тайпадан эки команда чыгат, андан сырткары дагы төрт команда мыкты оюн көрсөткөнү үчүн 1\8 финалга чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Анда кийинки баскычта күчтүү командаларга туш келип калбасак эле, биздин курама командада күчтүү оюнчулар бар».

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Бишкекте 1-9-июнь күндөрү машыгууларды өткөрөт. Кыргыз футбол союзунун басма сөз кызматы бул CAFA NATIONS CUP-2023 эл аралык мелдешине даярдык экенин билдирди.

Улуттук курама команданын жаңы башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичтин штабы 33 оюнчудан турган футболчулардын кеңейтилген тизмесин жарыялаган. Ага Кыргызстандын курамасына төрт жылдан бери чакырылбай калган коргоочу Азамат Байматов, чабуулчу Антон Землянухин да кошулган. Алар бул жолу эмне үчүн чакыртылганын башкы машыктыруучу мындайча түшүндүрүп берди.

«Менимче, футболчуга караганда да команданын күчтүүлүгү маанилүү. Бул нерсе мага да тиешелүү. Менин милдетим командага эң пайдалуу жана сапаттуу оюнчуларды алып келүү, аларды командага тартуу. Буга чейинки оюндарда Кыргызстанды курама командасынын дарбазасына тогуз гол кирип, анын алтоо стандарт абалынан кирген. Биз коргонууну күчөтүшүбүз керек. Менин оюмча, Азамат Байматов бул орунга татыктуу. Албетте, андан башка да мыкты оюнчулар бар».

2024-жылдын башына жылган Азия Кубогунда Кыргызстандын атаандаштары белгилүү болгон. Анда Кыргызстан F тайпасына жайгашып, Сауд Арабиясы, Таиланд, Оман өлкөлөрү менен туш келген.

Copyright © 2017 Maral FM