Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда мунай өндүрүү кайра жанданабы?

Коом , Саясат | 23 мая 2023 | 370 | 0

Кытай Кыргызстандагы мунайды кайра иштетүүчү «Жунда» заводун куруунун экинчи этабын баштоого даяр. Бул Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариевдин Кытайга болгон иш сапарынын алкагында белгилүү болду. Эки тарап сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.

«Жунда» заводунун курулушунун экинчи этабы качан башталат жана канткенде натыйжалуу иштеп кете алат? 

Президент Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапарынын алкагында Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Шанси провинциясынын Эл аралык соодага көмөктөшүү комитетинин төрагасы менен жолугушту.

Тараптар Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү «Жунда» заводун курууга жооптуу Шансин көмүр-химиялык өндүрүш корпорациясынын Кыргызстандын экономикасына инвестиция салуу демилгесин талкуулашты.

Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматынын жетекчиси Назира Ахмедова сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлганын, бул келишим быйыл ишке кирерин маалымдады.

«Буга чейин «Жунда» заводу Шансин көмүр-химиялык индустриалдык корпорациясы тарабынан салынган. Алар эми курулуштун экинчи этабын баштайбыз деп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Бул ири компаниянын өкүлдөрү заводдун курулушунун экинчи этабына киришип, К-5 евростандарттын мунай заттарын терең иштетүү, ошондой эле полипропилен өндүрүшүнө басым жасоо ниетин билдиришти. Аталган келишимди ушул жылдан баштап ишке киргизебиз деп жатышат».

«Жунда» заводу жыл сайын 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. Кытайлык инвестор аны курууга 300 миллион доллар жумшаган. Завод 2013-жылы ишке берилип, бир жылдан кийин аз убакытка өндүрүшү токтоп, кайра уланган.

2015-жылы Финансы полициясы заводдун айрым кызматкерлерине «салыкты жашырды» деген айып менен иш козгогон. 2018-жылдын аягында Жайыл райондук соту бул ишти карап, «кылмыш курамы жоктугуна» байланыштуу актоо өкүмүн чыгарган.

Андан кийин ишин жанданткан завод 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу кайрадан токтогону кабарланган.

Өкмөт сырттан мунай өндүрүмүн алып келе албай, заводдун иши үзгүлтүккө учурады. Кайра иштетүү үчүн керектелген мунайзатты өлкөгө киргизүүгө Казакстан каршылык көрсөткөн. Эми заводду кайра ишке киргизүүдөн мурун коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселелерди чечүү зарылчылыгын саясат талдоочу Орозбек Молдалиев белгиледи.

«Азыр экинчи этабын куруп бүтүп, иштетебиз дешсе да, өзүбүздө мунай азыктары жок болгондуктан, бизге мунайзатты кайра иштетип чыгарганга кошуна мамлекеттер макул болобу, кызыкдар болобу? Казакстан чийки зат (сырьё) береби? Эгер ушул маселелер чечилсе, завод иштеп кетиши мүмкүн. Албетте, өзүбүздө мунай өндүрө турган ишканабыз болсо, жакшы болмок, көз карандысыз болуп, көрүнгөнгө жалдырабай калмакпыз. Экологдордун талаптары да туура, ушуга көңүл буруу зарыл. Экологиялык тартипти бузбай иштей тургандай болушу керек».

Кыргызстанда «Жунда» заводунан тышкары Жалал-Абадда, Баткенде, Чүйдүн Кемин, Кант, Кайыңды райондорунда мунайды кайра иштетүүчү заводдор бар.

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп кирүүнүн алдында өлкөдөгү мунайды кайра иштетүүчү заводдордун баарын жаңылап, сапаттуу мунайзаттарын чыгарууга милдеттенме алган. Бул милдеттенменин мөөнөтү 2019-жылы 12-августта бүткөн. Бирок бүгүнкү күнү Кыргызстанда сапаттуу мунайзат эмес, аны өндүрүүчү ишканалардын иши токтоп турат.

Эгер заводдун курулушунун экинчи этабы бүтүп ишке берилсе, жумуш орундар түзүлөт. Мындан сырткары өлкөдө күйүүчү-майлоочу май чыгарылып, ички муктаждыктарды камсыз кылуу жолго салынат. Мындай пикирин саясат талдоочу Сейтек Качкынбай билдирип, завод өлкө экономикасына бир топ пайдасын тийгизерин кошумчалады.

«Кыргызстан боюнча колдонулуп келе жаткан муктаждыктын үчтөн бирин ошол заводдун иштете ала турган потенциалы бар деген сөздөр айтылган. Эгер иштеп калса, өтө сонун болот. Себеби биз азыр даяр, иштелип чыккан бензинди алып келип жатпайбызбы. Эгер сырттан чийики заттын өзүн алып, ушул жерден мазутун мазут, соляркасын солярка кылып бөлүп колдоно турган болсок, биз кыйла арзан түшмөк. Ички муктаждыкты да жеңгенге өбөлгө түзүлмөк».

Кыргызстан күйүүчү майды негизинен Орусиядан импорттойт. 2022-жылы сырттан жалпысынан 310 млн доллардан ашуун акчага бензин, 300 млн долларга чукул акчага дизелдик отун импорттолгон. Анын 99%ы Орусиядан келген. Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянсак, соңку бир жыл ичинде бензиндин импорттук баасы 27%га чейин, ал эми дизелдин баасы эки эсе өскөн.

Жыл башында Экономика жана коммерция министрлиги менен Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү майды импорттоо боюнча макулдашкан. Ага ылайык, 2023-жылы Орусиядан 460 миң тонна бензин, 485 миң тонна дизель, 150 миң тонна керосин, 50 миң тонна чийки мунай жана 60 миң тонна битум пошлинасыз импорттолот.

Copyright © 2017 Maral FM