Connect with us

Климат боюнча жыйын: Суу ресурстарын үнөмдүү пайдаланууда кечигип жатабыз

Коом , Саясат | 22 Май 2023 | 483 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңеш жыйын өткөрдү. Анда экологияны коргоо, жашыл экономиканы жайылтуу, энергия алуунун жаңы булактарын иштеп чыгуу боюнча сунуш-пикирлер айтылды. Экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн мыйзамдык базаны чыңдоо зарылчылыгы сөз болду.

Акыркы жылдары Жер шарында климат өзгөрүп, абанын орточо жылдык температурасынын кескин жогорулашы байкалууда. Анын таасиринен мөңгүлөр тез эрип, кар аз жаап, суу азаюу ыктымалы бар. Мындай кооптонууларды Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев айтып, экологияны жана жаратылыш ресурстарын сактоо багытында жигердүү иш алып баруу керектигин белгиледи.

«Иш-чарада экологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө аяр мамиле кылуу керек. Муну менен катар Париж келишими аркылуу Кыргызстан парник газдарын чыгарууну 43,62% кыскартууга милдеттеме алган. Бул милдеттеменин алкагында ГЭСтерди куруу, энергия алуунун жаңы булактарын өнүктүрүү боюнча ири долбоорлорду ишке ашыруубуз керек».

Экологияны коргоодо эл аралык донорлор менен кызматташуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын алкагында заманбап технологияларды өндүрүшкө киргизүү маселелери белгиленди.

Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин төрагасынын орун басары, депутат Камила Талиева климаттык өзгөрүүлөрдүн ичинен мөңгүлөрдөгү мындай өзгөрүүлөр кооптуу жагдайга алып келиши анык экенин айтты.

«Эң ири көйгөйлөрүн айтып өтөйүн: биринчиси, суу ресурстарынын булганышы. Буга кандай чара көрүлөт? Биз муну алдын алышыбыз керек. Керек болсо кечигип баратабыз. Андан кийинки маселе, абанын булганышы. Кышында Бишкек жана Ош шаарларынын деңгээлинде алып караганда канча адамдын өмүрүнө коркунуч келип жатат. Кийинки маселе, органикалык өндүрүштү жетишсиз деңгээлде пайдалануу. Же болбосо уулуу жер семирткичтерди пайдалануу басымдуу болуп жатат. Мунун менен катар эле биз жерди ысырап колдонобуз. Ушул маселени өкмөт айтып келе жатат. Биз да ушул багытта эл аралык коомчулук менен биргеликте маселелерди чечели деп турабыз».

2021-жылы ноябрда Глазгодогу климаттын өзгөрүшүнө арналган COP-26 саммитиндеги сөзүндө президент Садыр Жапаров эл аралык коомчулукка кайрылып, экологиялык көйгөйлөрдү чогуу чечүүгө чакырган. Ал Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүрдөн баш тартып, жашыл экономикага өтөрүн билдирген.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдында Климаттык каржылоо борбору түзүлгөн. Анын максаты климаттык саясатты иштеп чыгууга, каржылоо булактарын тартууга жана долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүү болуп саналат. Жаратылыш ресурстары министри Мелис Тургунбаев жогоруда аталган борбор менен климаттын өзгөрүшүнүн шартында кандай иштер аткарылып жатканын айтып берди.

«Климаттык каржылоо борбору 2023-жылдын февраль айынан баштап жалпы суммасы 75 млн долларга чейин эки долбоордун концепциясын иштеп чыгып, жашыл өнүктүрүү фондунун кароосуна жиберген. Азыркы мезгилде фонддун расмий корутундусун күтүп жатабыз. Мындан тышкары аталган борбор суммасы 125 млн долларды түзгөн эки долбоордун концепциясын иштеп чыгуудабыз. Июнь айында бул долбоорлорду эл аралык фонддордун бирине тапшыруу пландаштырылган».

Бишкек соңку жылдары дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын катарынан түшпөйт. Алсак, World Air Quality Index порталы былтыр декабрда борбор калаанын абасындагы зыяндуу бөлүкчөлөрүнүн көлөмү жогорку көрсөткүчкө жетип, глобалдык алкакта эң булганыч шаарлардын сап башына чыкканын билдирген.

Адистер мындайда зыянды азайтуу үчүн энергиянын кошумча булактарын өндүрүүнү сунушташат.

«Шамал жана Күн электр станциялары» ассоциациясынын төрайымы Кундуз Кырбашева жылытуу системасы электр же таза энергияга өткөрүлсө, ыш маселесинен арылууга болорун белгилейт.

«Биз үйлөрдү жылытканда көмүрдү эмес, таза энергияны колдонуп, маселени чечсек болот. Таза энергия – бул Күн, шамал жана суудан алынган электр энергиясы. Баарына эле белгилүү болгондой, суу потенциалын биз толук кандуу колдонбойбуз. Бардык жакта айтылып келет, «10% гана колдонулат» деп. Андан тышкары Күн менен шамал станциялары жаңы эле курулуп башталды. Ушуларды өнүктүрүп, үйлөрдү жылытууда таза энергиянын пайдалануусу көбөйтсөк, ыш маселесинен арыла алабыз».

Борбор Азиядагы Америка университетинин «Тянь-Шань» аналитикалык борбору менен ЕККУ академиясынын изилдөөсүнүн маалыматына ылайык, акыркы алты жылда көмүр жакканда бөлүнгөн зыяндуу газ 22%га көбөйгөн. Кыргызстанда көмүргө муктаждык мурдагыдай эле күчүндө.

Кыргыз Өкмөтү 2023-жылга чейин конуштардын баарын газдаштырууну пландаган. Бишкек мэринин айтымында, бүгүнкү күндө конуштардын болжол менен жарымына эле газ жеткирилген.

Экологиялык көйгөйлөрдү талкуулаган жыйындын соңунда резолюция кабыл алынып, тиешелүү министрликтерге тапшырмалар берилди.

Copyright © 2017 Maral FM