Биз менен байланышыңыз

«Борбор Азия – Кытай» саммити: Саясий-экономикалык байланыштын жаңы баскычы

Саясат | 19 мая 2023 | 344 | 0

«Борбор Азия – Кытай» саммитинен кандай жыйынтык күтүлүүдө?

19-майда 3000 жыл мурда Улуу Жибек жолу башталган Сиань шаарында Кытай биринчи жолу Борбор Азия өлкө лидерлерин чакырып, чоң саммит өткөрдү. Кытайдын эң алгачкы борбору, Орто Азияга жакын жайгашкан шаары Сианда беш өлкө башчысынын жолугушуусу чоң маанини камтыйт.

Кытай «Борбор Азияны бирдиктүү аймак катары кабыл алып, саясий-экономикалык байланышты жаңы баскычка чыгаруу ниетин көздөөдө. Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданын көлөмү өткөн жылы 70,2 млрд долларга жеткен. Быйыл биринчи кварталда соода жүгүртүү 22%га өсүп, эми эле 17,8 миллиард долларды түздү.

Кытайдын Борбор Азия өлкөлөрү менен мамилеси бүгүн кандай жана келечекте кандай болушу мүмкүн? Бул суроого эл аралык мамилелер боюнча серепчи Кубан Абдымен жооп берди:

«Акыркы 10 жылдын ичинде Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода алакасы эки эсе көтөрүлгөнү көрүнүп турат. Мурун 34 млрд болсо, азыр 70 млрд долларга чейин чыкты. Бул өлкөлөр ортосунда соода-сатык мүмкүнчүлүктөрү кенен экенин көрсөтүп жатат. Кытай экологиялык таза продуктуларга кызыкдар экенин билдирип, ушул жаатта да алга жыла турган макулдашууларга барышы ыктымал. Кытайга Кыргызстан таза продуктуларын буга чейин эле сатып келген. Кытай Кыргызстандын балына кызыкдар болгонун көрсөткөн. Өзбекстан менен Кытайдын ортосундагы алака абдан жогорку деңгээлге чыгып кетти. Өткөн жылы Өзбекстан Кытайга 40 миң тонна алча экспорттогону белгилүү. Газ сатуу боюнча Түркмөнстан Орусиядан кийин эле экинчи орунда турат. Ал эми Казакстан менен Кытайдын алакасы мурунтан эле тыгыз болчу». 

Пекиндин «Бир алкак- бир жол» долбоору 2013-жылы сентябрда Казакстанда жарыяланган. Кытай анын негизинде Борбор Азия, Африка, Европа жана башка аймактарга соода жүргүзүү ыкмасын сунуштап келет. Долбоор жарыяланган 10 жыл аралыгында соода-сатык жолго салынып, эми Борбордук Азия өлкөлөрү аркылуу Европага чыгуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат. Бул жаатта «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу долбоору башталуу алдында турат. Анын натыйжасында чыгымдар азайып, кеминде бир апта убакыт үнөмдөлө турганы, Борбор Азиядагы бардык өлкөнүн соода көлөмү артары айтылууда. Пандемия учурунда Кытай менен алака солгундап кеткен болсо, быйыл кайра жандана баштады.

Президент Садыр Жапаров «Борбор Азия — Кытай» саммитинде:

  • «Борбор Азия – Кытай» жаңы экономикалык диалогунун биргелешкен стратегиясын иштеп чыгууну;
  • санариптик жана «жашыл» инфратүзүмдүн  байланышын өнүктүрүүнү;
  • «жашыл» инвестициялык долбоорлордун маалымат банкын түзүүнү;
  • көзөмөл-өткөрүү пункттарында айыл чарба жана азык-түлүк товарларын бажылык тариздөө үчүн «экспресс коридор» тажрыйбасын жайылтууну;
  • «акылдуу» айыл чарба тармагында кызматташууну, сууну үнөмдөөчү, «жашыл» жана жогорку натыйжалуу технологияларды ишке киргизүү боюнча тажрыйба алмашууну сунуштады.

«Кыргызда «Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» деп айтылат. Биздин элибиз менен өлкөлөрүбүз эзелтеден бүгүнкү күнгө чейин улуу Кытай менен, биздин ак ниет коңшубуз, ишенимдүү досубуз жана өнөктөшүбүз менен, жылуу мамилелерин сактап келе жаткандыгы – бардыгыбыз үчүн чоң олжо. Эгерде биздин аймак экономикалык кызматташтыктын жана өз ара алаканын бардык формасы ийгиликтүү түзүлгөн бирдиктүү геоэкономикалык мейкиндик катары калыптанса, биздин өлкөлөр үчүн бул чоң артыкчылык болуп калышы мүмкүн. Кытайдын «Бир алкак – бир жол» долбоорун биргелешип ишке ашыруу жана аны биздин өлкөлөрдүн улуттук өнүгүү стратегиялары менен шайкеш алып кетүү экономикалык күчтүү натыйжа берерине ишенем».

«Борбор Азия – Кытай» мамлекет башчыларынын саммитинин жыйынтыгында Сиань декларациясы кабыл алынды. Анда өнөр жай тармагында инвестициялык кызматташуу, соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө, айыл чарба жана бажы министрлеринин жолугушуусун уюштуруу жана Ишкер кеңешин түзүү сыяктуу бир катар макулдашуулар каралды. Документке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол коюшту.

Кытай 30 жыл ичинде орто мамлекеттен дүйнөдөгү эң таасирдүү өлкөлөрдүн бирине айланды. Ал өлкөлөр арасындагы чыр-чатакта ортомчулук роль аткарып, аймактык маселелерге таасир этип келет. Кытай мындан ары Борбор Азия мамлекеттери менен кандай стратегиялык иштерди жүргүзөрүнө, Борбор Азия Кытай үчүн канчалык маанилүү экенине эксперт Бакыт Жумагулов токтолду.

«Борбор Азия — Кытай үчүн маанилүү аймак. Себеби Кытайдын глобалдуу долбоорунда да эмне үчүн «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу маанилүү болуп жатат? Кытай кээ бир геосаясий аспектилерде оюнчу болуп жатканда кээ бир учурда Америка менен келишпестиктер болууда. Алсак, Тайвань маселеси боюнча. Ошондой маселелер жаралган учурда, Кытайдын деңиз аркылуу жүк жеткирүү маселесинде тобокелчиликтер жаралууда. Ошондуктан альтернативдүү жолдорду кароо керек болуп жатат. Бул жактан Улуу Жибек жолун эске алганда Кытай менен тарыхый да байланыштарыбыз бар. Азыр курулуп жаткан «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу ишке кирсе, эң маанилүү болот».

Жакында эле Орусиянын президенти Владимир Путин аймактагы таасирин көрсөтүү үчүн Борбор Азия лидерлерин Жеңиш күнүнүн урматына Москвада чогулткан. Бирок соңку жылдары Орусиянын бул аймактагы таасири жоголуп бара жатканын эксперттер белгилешет. Орусия өзү Кытай менен стратегиялык өнөктөш болгондуктан анын Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон жолугушуусуна каршылык көрсөтө албайт. Эки өлкөнүн тең негизги максаты АКШнын Борбор Азияга позициясын бекемдешине каршы туруу экени айтылып келет. 24-майда Борбор Азия өлкөлөрүнүн айрым президенттери кайрадан эле Евразия Экономикалык Биримдигинин саммитине катышат.

Copyright © 2017 Maral FM