Биз менен байланышыңыз

«Ата журт-Кыргызстандын» депутаттык тизмесиндеги талапкер акыйкатчы болду

Саясат | 17 мая 2023 | 459 | 0

Жогорку Кеңештин 17-майдагы жыйынында мурдагы прокурор Жамиля Жаманбаева Кыргызстандын акыйкатчысы болду. Анын талапкерлигин парламентте көпчүлүктү түзгөн, бийликчил делген депутаттык топтор шайлады. Анын шайлануусу депутаттар арасында жана коомчулукта ар түрдү сын-пикирлерди жаратууда. Кыргызстанга ушул тапта акыйкатчы керекпи жана ал өз ишин тоскоолдуксуз, эркин алып бара алабы? Темага алдыда кененирээк токтолобуз. 

Шейшембидеги Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы кызматына талапкерлерди шайлоо өтүп, жыйынтыгында Жамиля Жаманбаева көпчүлүктүн колдоосуна ээ болду. Акыйкатчы кызматына «Мекенчил» депутаттык тобу менен «Ата журт-Кыргызстан» фракциясы Жамиля Жаманбаеваны, «Ыйман Нуру» фракциясы Кулира Кубатованы, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы Бакыт Рысбековду сунуштаган.

Кулира Кубатова өз талапкерлигин алып салгандыктан кызматка ат салышуу Жамиля Жаманбаева менен Бакыт Рысбековдун ортосунда өттү.

Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында Жамиля Жаманбаева 48 депутаттын «макулдугу» менен акыйкатчы болуп бекитилди. Ал эми анын атаандашы Бакыт Рысбековго 20 депутат «макул», 1 депутат «каршы» добуш берген.

Жамиля Жаманбаева 1977-жылы 22-февралда Фрунзе (Бишкек) шаарында төрөлгөн. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук универститетин «юриспуденция» адистигинде аяктаган.

Алгачкы эмгек жолун 1998-жылы Бишкек шаарынын  Октябрь райондук прокуратурасында стажёр болуп иштөө менен баштаган. 2001-жылга чейин ушул эле органда прокурордун жардамчысы, прокурордун улук жардамчысы, 2001-2004-жылдары Свердлов райондук прокуратурасында улук тергөөчү, прокурордун улук жардамчысы, 2004-2007-жылдары Бишкек шаардык прокуратурасында тергөөгө көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн прокурору, 2018-2021-жылдары башкы прокурордун орун басары кызматтарын аркалаган. 2021-жылы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан 28чи номерде депутаттыкка талапкер болгон.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев маалымат каражаттарына басым кылуу маселесин көтөрүп, «Сиздин оюңузча, бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттарына кысым болуп жатабы?», — деп сурады. Буга жооп катары Жамиля Жаманбаева маалымат каражаттарына басым жок деп эсептей турганын айтты.

Дастан Бекешов бүгүнкү бийлик үн чыгарбаган, эл аралык уюмдарга кайрылбаган, принциби жок, уруксатсыз башка тармактарга баш бакпаган, жөн гана жумушуна 9да келип, 6да кетип, акырын гана жүрө берген акыйкатчыга муктаж экенин белгиледи.

Муну менен катар депутат Адахан Мадумаров мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматова кызматынан мыйзамсыз кеткенин сынга алды.

«Мыйзам одоно түрдө бузулду. Акыйкатчы өз ыктыяры менен кеткенде гана ошондой кетет. Эгерде парламент баяндамасын жактырбай койсо, анда автоматтык түрдө кетет. Эгерде кайсы бир кетирүү жөнүндө демилге көтөрүлсө, анда комиссия түзүлүшү керек эле. Комиссия түзүлгөн жок. «Ата журт-Кыргызстан» кетирүү жөнүндө демилге көтөрдү, комиссия түзбөй туруп, комитет чечим чыгарып берди».

Кыргызстандын тарыхында биринчи акыйкатчы гана өз мөөнөтүн толук өтөгөн, калгандарынын баары мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Укук коргоочу, юрист Эржан Кайыпов бүгүнкү күндө Акыйкатчы иниститутунун табияты бузулуп, жоюп салса деле боло турган деңгээлге жеткенин белгиледи. Азыр деле оң өзгөрүүлөрдү күтүүгө мүмкүн эместигине көзү жетип турганын жашырган жок.

«Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү башкача. Бул кызматка укук коргоочулар келиши керек. Азыр «Эл аралык уюмдар Акыйкатчы аппараты менен кандай кызматташат?» деген суроо жаралып жатат. Бир чети кызматташууга мажбур болушса, экинчи жагынан кызматташса, алар тараптан да эки жүздүү мамиле болуп калат. Жалпысынан протест болушу керек. Жаңы дайындалган акыйкатчынын инсандыгы үчүн эмес, Акыйкатчы аппаратына жасалган мамиле үчүн протест кылып, кызматташуудан баш тартышы керек. Себеби бул — «ишмердүүлүк өспөйт, эффективдүүлүгү жогорулабайт» дегендин көрсөткүчү. Адам укуктарын түшүнгөн адис келиши керек. Ар бир юрист адам укугун түшүнбөшү мүмкүн. Тартип сактоо органынын баары — юрист, адам укугун эң көп ошолор бузат.  Ошондуктан бул институттун табияты бузулду. Жоюп жиберсе деле жаман эмес, ушуга жетип калдык».

Журналист Канышай Мамыркулова 23 жыл прокуратура органында иштеген, буга чейин коомчулукка белгилүү болбогон айымдын акыйкатчы болушу «президентке жана бийликке ыңгайлуу кадр келди» деген ойду жаратарын айтты.

«Адам укуктарына, демократиялык баалуулуктарга маани берген өлкө болобуз» десек, анда акыйкатчынын шайланышы ачык-айкын, басым-кысымсыз, жарандардын ишенимин жарата ала турган негизде даярдалышы керек. Анан эми эч кимге аты-жыты белгисиз, бир гана прокуратура органында 23 жыл жылбай эмгектенген кадрдын акыйкатчылыкка келиши албетте, «президентке ыңгайлуу кадр келди» деген ойду жаратат». 

Жыйындын соңунда Жогорку Кеңеш акыйкатчынын кызматка шайланышы боюнча тиешелүү токтом кабыл алды. Жаманбаева ишине киришип жатып, Жогорку Кеңештин трибунасынан Конституцияны жана мыйзамдарды так сактоого, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо көз карандысыз, адилет жана калыс иш алып барууга ант берди.

Copyright © 2017 Maral FM