Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы кызматына ат салышкан айымдар

Саясат | 16 мая 2023 | 548 | 0

Бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында акыйкатчы кызмат ордуна сунушталган талапкерлер каралды. Фракциялар кызматка болгону эки талапкерди сунушташты. Алардын бири мурдагы прокурор болсо, экинчиси Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимованын жардамчысы болгон. Ошол эле учурда Акыйкатчы институтунун жамааты сунуштаган талапкер каралган жок.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети бүгүнкү жыйынында акыйкатчы кызматына, башкача айтканда, Атыр Абдрахматованын ордуна Жамиля Жаманбаева менен Кулира Кубатованын талапкерлигин карады.

Жамиля Жаманбаеваны «Мекенчил» депутаттык тобу жана «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясы, Кулира Кубатованы «Ыйман Нуру» фракциясы көрсөткөн.

Мыйзам боюнча тармактык комитет 25-майга чейин акыйкатчы кызматына талапкерлерди карай алат.

Акыйкатчы кызматына талапкер көрсөтүү тууралуу комитетке фракциялардан эки сунуш түшкөнүн комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова билдирди.

«Фракциялардын акыйкатчы кызматына талапкер сунуштоо чечими комитетке келип түштү. Ошого байланыштуу бүгүнкү жыйында алардын талапкерлигин карайбыз».

Мыйзам боюнча парламенттик фракциялар үчкө чейин талапкер сунуштоого укуктуу. Бирок бул жолку акыйкатчыны тандоодо «Ынтымак», «Ишеним», «Альянс» жана «Бүтүн Кыргызстан» фракциялары талапкер көрсөткөн эмес.

Мыйзам боюнча талапкерлерди Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети аңгемелешүүдөн өткөрүп, андан соң мүчөлөрдүн көпчүлүк макулдугу менен парламенттин жалпы жыйынына алып чыгат.

Талапкер Жамиля Жаманбаеваны депутат Жусупбек Коргонбай уулу тааныштырып, учкай маалымат берди. Жамиля Жаманбаева буга чейин прокуратурада иштеген, учурда 46 жашта. Коомчулукта көзөмөл органында иштеген адамдын талапкерлиги сын-пикирлерди жаратууда. Ал прокурордун мурдагы орун басары катары акыйкатчы болуп калса, адам укуктарын кантип коргой турганын мындайча түшүндүрдү:

«Прокуратура органдары мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. Ал эми акыйкатчы жарандын Конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик көзөмөл жүргүзөт. Ошондуктан акыйкатчы менен прокурордун функцияларынын кандайдыр бир деңгээлде айкалышы бар деп ойлойм». 

Ал эми талапкер Кулира Кубатова акыйкатчы саясатка аралашпай, эң ириде адам укугу менен эркиндигинин сакталышын камсыз кылышы керектигин белгиледи. Ошондой эле ал мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованын ишиндеги артыкчылыктары менен кемчиликтерин атады.

«Бардык кызматкердин аткарган ишинин терс жана оң жактары болот. Атыр Абдрахматова жаштар менен жакшы иштеше алды. Азыр балдарга болгон кароо жок болуп калып жатат. Кемчиликтеринен айта турган болсок, жетекчи дипломат болушу керек. Коллективде ар түрдүү мүнөздөгү адамдар болот. Алардын жакшы жана жаман жактарын тең карап, ишмердүүлүгүнө жараша иш бөлүштүрүү керек. Акыйкатчы коллективди туура ишке жолдоп бериши керек».

Баштапкы адистиги технолог 52 жаштагы Кулира Кубатова бир нече жыл Саламаттыкты сактоо министрлигинде, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде ар кандай кызматтарды аркалаган. Андан соң депутат Динара Ашимованын коомдук башталыштагы жардамчысы болгон. Азыр ал Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Климаттын өзгөрүүсүн туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгында эмгектенет.

15-майда Жогорку Кеңештин төрагасына жана фракция башчыларына Акыйкатчы институтунун 57 кызматкери кол койгон кайрылуу жөнөтүлгөн. Анда институттун жалпы жамааты акыйкатчы кызматына учурдагы аппарат башчы Аскат Азарбековду шайлап берүүсүн өтүнүп жатышканы жазылган.

Бирок комитеттин бүгүнкү жыйынында алар сунуштаган жарандын талапкерлиги каралган жок. Мыйзам боюнча акыйкатчы кызматына талапкерди парламенттик фракциялар гана сунуштоого укуктуу экенин Кыргызстандын биринчи акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу белгиледи.

Ал эми расмий органдарга жиберилген каттарга 14 күндөн бир айга чейинки аралыкта жооп берилиши керек. Жооп жазылбаган убакта мыйзам бузуу болуп саналат.

«Акыйкатчыны шайлоо мыйзамында аны аппарат кызматкерлерине көрсөтүү укугу жазылган эмес. Алар талапкерди сунуштай алышпайт. Бул мыйзам жазылып жатканда омбудсмендин өзү жок болчу, ошондуктан аны мен киргизген эмес элем. «Депутаттар менен коомдук уюмдар көрсөтө алат» деп жазган экен, бирок кийин депутаттар «коомдук уюмдар» деген бөлүгүн алып коюптур. Азыр талапкерди Жогорку Кеңештин фракциялары гана көрсөтө алат. Ошондуктан аппараттын өзүнүн жамааты талапкер көрсөтө албайт. Мен дайыма бир эле эскертүүнү айтып келем, «эч качан бейөкмөт уюмдардан жана күч органдарынан акыйкатчы шайлабоо керек» деп. Бейөкмөт уюмдардан келгендер чоң акча менен иштеп көнүп калган, күч структураларында иштегендер, сот болобу, прокурор болобу, милиция болобу, адамдарды дайыма камап келген, акыйкатчы тескерисинче, адам укугун коргошу керек». 

Талкуунун соңунда тармактык комитет талапкерлерди Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүү чечимин кабыл алды.

Кыргызстанда Акыйкатчы институту 2002-жылы ноябрда ачылган. Ал — адамдардын жана жарандардын укуктарын коргоого багытталган, парламенттин алдындагы көз карандысыз орган.

Copyright © 2017 Maral FM