Биз менен байланышыңыз

ЖМК жөнүндө мыйзамдын бешинчи варианты да нааразычылык жаратты

Коом , Саясат | 15 мая 2023 | 377 | 0

Президенттин администрациясы «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорунун бешинчи вариантын сунуштады. Документти кайра иштеп чыгуу үчүн былтыр жыл аягында президент Садыр Жапаров түзгөн жумушчу топ ушул күнгө чейин бир чечимге келе элек. Жумушчу топко кирген эркин медиалардын өкүлдөрү, юристтер принципиалдуу маселелер боюнча берген сунуштары кабыл алынбай жатканын айтышууда.

Долбоордо веб-сайттар Санариптик өнүктүрүү министрлигинен тармактык маалымат каражаты катары каттоодон өтүүгө милдеттүү экени жазылган. Бул эреже медиа коомчулук тарабынан нааразычылыктарды жаратууда. 

Президенттин администрациясы сунуштаган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорунун бешинчи варианты 56 беренеден турат. Анда Кыргызстандагы медиамекемелердин иштөө тартиби, маалымат топтоо жана аны таратуу жол-жоболору жазылган.

Алсак, документте үзгүлтүксүз чыгып турган мезгилдүү басылмалар, телеканалдар менен радиоканалдар, веб-сайттар, маалымат агенттиктери жана маалымат чогултуу, аны таратуу менен алектенгендер жалпыга маалымдоо каражаты деп эсептелинет.

Мыйзам долбоорунда жалпыга маалымдоо каражаты мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин гана ишин баштай турганы жазылган. Ошондой эле веб-сайттар Санариптик министрлигинен милдеттүү түрдө тармактык маалымат каражаты катары катталууга тийиш деген талап коюлган. Дал ушул сунуш талаш жаратууда.

«Медиаполиси» институнун юристи Нурбек Сыдыков жогоруда белгиленген сунуштар туура эмес деп эсептейт. Ал жумушчу топ аталган ченемдерди мыйзамдан алып салуу боюнча Президенттин администрациясына бир нече жолу кайрылышканын, бирок майнап чыкпай жатканын белгиледи.

«Буга чейин «бардык веб-сайт милдеттүү түрдө Юстиция министрлигинен каттоодон өтүшү керек» деген маселе бар эле. Жаңы сунушталган вариантында Санариптик өнүктүрүү министрлигинен өтүшү керек болуп калыптыр. Эми ар кандай веб-сайттар бар, мамлекеттик органдардыкы же ММК катары иштебеген веб-сайттар бар, алардын баарын каттоодон өткөрүү мүмкүн эмес. Көп берене ММК өкүлдөрү үчүн кооптуу болууда. Ошондуктан жумушчу топ мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү талап кылып, жүйөлөрдү келтиришти. Президенттин администрациясы ал жүйөлөрдү негизсиз деп эсептеп, кабыл албай жатат». 

Жаңы иштелип чыккан мыйзам долбоорунун бешинчи версиясында Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаты болуп каттоодон өтүү үчүн Юстиция министрлигине же Санариптик өнүктүрүү министрлигине арыз берилери көрсөтүлгөн.

ЖМК ачылгандан кийин алты айдын ичинде ишин башташы керек. Бул убакыт аралыгында эч кандай материал чыгарбаса, каттоо күбөлүгү жараксыз болуп калат.

«Адилет» укуктук клиникасынын эксперти Жылдыз Азыкова медиакоомчулуктун нааразычылыгын туудурган ченемдер алынбаса, сөз эркиндиги чектелерин жана көз карандысыз журналисттерди жоготуп алуу коркунучу бар экенин айтат.

Мыйзамдын чийки жактарына жана ал көптөгөн түшүнүксүз жагдайларына токтолду.

«Мыйзам долбоорунун демилгечилери, мамлекеттик органдар тарабынан түзүлгөн ЖМКлар катталууга милдеттендирилбей турганын жазышууда. Биз азырынча мамлекеттик органдардын расмий сайттары жөнүндө сөз болуп жатканын же мамлекеттик органдар тарабынан түзүлө турган атайын ЖМКлар тууралуу сөз болуп жатканын түшүнө албай жатабыз. Бул жерде түшүнүксүз жагдайлар көп болуп турат.

Муну менен алгач, албетте, медиасектор жабыркайт. Биз көз карандысыз медианы жоготуп алышыбыз мүмкүн. Экинчиден, бул жерде сөз эркиндиги адамдын негизги укуктарынын бири катары басмырланып жатат, анткени мыйзам долбоору ЖМКнын ишин жөнгө салууга багытталганына карабастан, ал бардык жарандын сөз эркиндигин камтыйт».

Долбоордун баштапкы вариантында 2023-жылдын 1-июнуна чейин кайра каттоодон өтпөгөн ЖМК жабылары жазылган. Серепчилер муну бийликке жакпаган маалымат каражаттарын жабуу аракети деп баалашкан. Азыркы долбоордо мындай ченем ачык жазылбаса да, ошого алып барышы мүмкүн деген кооптонуулар бар.

«Жалпыга маалымдоо каражаттары» жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, «Говори ТВ» сайтынын жетекчиси Кайыргүл Урумканова президенттин администрациясы алардын сунуштарын кабыл албай жатканын айтууда.

Ал Юстиция министрлиги жана Башкы прокуратуранын ЖМКга карата көзөмөл жана ыйгарым укуктардын кеңейшине нааразычылыгын билдирди.

Ошондой эле бүгүн, 15-майда жумушчу топтун акыркы күнү экенин эскертти.

«Президенттин буйругу менен жумушчу топтун жумушу бүгүн, 15-майда бүтүшү керек. Жумушчу топтун иши узартылабы? Белгисиз. Демек эртең биз кандай статус менен барып мыйзам долбоорун талкуулайбыз, билбейм. Буга чейин талкуулай элекпиз. Биз жөн гана Президенттин администрациясы берген мыйзам долбоордун бешинчи версиясын карап жатабыз, бирок талкууга өтө элекпиз».

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн былтыр декабрда жумушчу топ түзүп, жетекчилигине Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушовду дайындаган. Андан бери жумушчу топ эки эле жолу жыйынга чогулганы айтылды.

Президенттин администрациянын негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган ЖМК тууралуу мыйзам заман талабына жооп бербей калганы жазылган.

Copyright © 2017 Maral FM