Биз менен байланышыңыз

Түркияда президенттик шайлоонун экинчи туру өтөбү?

Саясат | 15 мая 2023 | 383 | 0

Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо кызуу өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча башкы атаандаштар Режеп Тайып Эрдоган менен Кемал Кылычдароглу экөө тең 50%дык чекти басып өтө элек. Мындан улам шайлоонун экинчи туру 28-майда өтөрү болжолдонууда. Эң кызыгы, экинчи турда ким кантип алдыга чыгат жана үчүнчү талапкердин колдоочулары кимисин тандайт? Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Түркияда президенттик жана 28-чакырылыштагы парламенттик шайлоо 14-майда өтүп, добуш берүү Түркия убактысы боюнча саат 08:00дө башталып, саат 17:00дө аяктады. Өлкөдө 60 миллион 697 миң 843 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. Чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдө добуш берүү процесси 9-майда аяктаган.

Президенттик шайлоонун бюллетенинде учурдагы президенти Режеп Тайып Эрдоган, Мухаррем Инже, Кемал Кылычдароглу жана Синан Огандын ысымдары бар. Бирок талапкерлердин бири Мухаррем Инже 11-майда күтүүсүздөн талапкерлигинен баш тартканын жарыялаган. Бюллетендерди басып чыгаруу жана таратуу иштери мурда эле аяктагандыктан Инженин ысымы бюллетендерде калган.

28-чакырылыштагы эл өкүлдөрүн аныктоо үчүн өткөрүлгөн парламенттик шайлоого Түркия боюнча 24 саясий партия жана 151 көз карандысыз  талапкер катышты.

Шайлоочулар президенттикке жана эл өкүлдүккө өздөрүнүн тандоосу орун алган бир узун, бир кыска бюллетенди бир конвертке салып, үкөккө ташташты.

Президенттикке талапкерлердин бири да абсолюттук көпчүлүктү ала албаса, 28-майда добуш берүүнүн экинчи туру өтөт. Биринчи расмий эмес жыйынтыктар боюнча президенттик шайлоо үчүн добуштардын 98%ы саналып бүттү жана анын жыйынтыгы төмөнкүчө:

  • Режеп Тайып Эрдоган: 49,45%,
  • Кемал Кылычдароглу:44,82%,
  • Синан Оган:5,2%,
  • Мухеррем Инже 0,4%

Учурда парламенттик шайлоо үчүн добуштардын 97%ы саналып бүттү жана анын жыйынтыгында:

  • Элдик альянс: 49,5%
  • Адилеттик жана өнүгүү партиясы (АК партия): 35,5%
  • Улутчул кыймыл партиясы (MHP):10,2%
  • Улуттук альянс: 36,3 %
  • Республикалык элдик партия (CHP): 25,1%
  • Жакшы партия (İyi parti): 9,93 % добуш алды.

Шайлоонун расмий жыйынтыгы эртең 16-майда аяктайт. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов ТүркПАнын байкоочу миссиясынын курамы менен 10дон ашык шайлоо тилкесинде болгон. Ал шайлоо тууралуу буларга токтолду:

«Бюллетендердеги добуштарды санап чыгууну байкадык. Жалпысынан шайлоонун жүрүшүнө бүткүл дүйнө көз салды. Түркия эли шайлоого активдүү катышканы, ооруп жатканына карабай, шайлоо участкаларына келгени көңүлдү бурат. Бул эл өз өлкөсүнүн келечегине кайдыгер эмес дегенди билдирет. Атаандаштык катуу болду. Шайлоолор ачык жана таза өттү. Түркия эң жакшы маанисинде демократия эмне экенин бүткүл дүйнөгө көрсөттү. Парламенттик жана президенттик шайлоолорго жеке өзүм байкоо салганыма кубанычтамын, анткени Түркия мамлекетинин тагдырын эл өзү чечкенин көрсөттү. Президенттик шайлоонун экинчи туру күтүлүүдө. Бирок шайлоонун расмий жыйынтыгы эртен, 16-майда чыгат».

Негизги талапкер катары учурдагы президент Режеп Тайып Эрдоган Стамбул шаарынан добуш берсе, оппозициячыл блоктун талапкери Кемал Кылычдароглу Анкара шаарынан добуш берди. Добуш берүү Кыргызстандагыдай эле мектептерде өтөт.

Коомдук ишмер Шаирбек Маматокторов Түркиядагы президенттик шайлоонун экинчи туру болорун болжолдойт. Анын айтымында, экинчи турдун жыйынтыгын Кылычдароглы да, Эрдоган да чечпей, Синан Огандын колдоочулары чечет деген ойдо.

«Чакан гана саясий күчкө ээ болгон Синан мырза 5% добушка ээ болду. Мухеррем Инже шайлоого катышуудан баш тарткандыктан анын добуштары эске алынбайт. Ал буга чейинки шайлоодо 30% добуш алып, Эрдогандын негизги атаандашы болгон, анын талапкерлигин алуусу да жөн жерден эмес. Ал ушунча күндөн бери баарына чыдап келип эле анан шайлоого үч күн калганда эмне үчүн баш тартып салышы керек? Бул жерде дагы бир маселе бар. Үчүнчүдө бараткан Синан Огандын өмүр баяны да кызык. Ал бир аз улутчулураак жана кызыктай көз караштагы талапкер. Ал Москвада окуган, ушул күчтөргө, ушул тарапка ыктайт. Ал Эрдоганга каршы көрүнгөнү менен анын союздаштарын колдойт. Ошондуктан ал Кылычдароглына ыктабай коюшу мүмкүн, себеби ал батышчыл эмес. Эгерде Эрдоган дагы бир аз аракет кылып койсо, Огандыны колдогондор ал жакка ооп, кайра эле Түркияда эч нерсе өзгөрбөй калышы мүмкүн». 

Режеп Тайып Эрдогандын тушунда инфиляция 4%га өсүп, жумушсуздук күч алганы, ошондой эле акча чыгарууга кийлигишкени айтылып келет. Ал өз бийлигин сактап калуу үчүн өлкөнүн башкаруу режимин, парламенттиктен президенттикке өткөргөн. Учурда анын башкы атаандашы Кемал Кылычдароглу парламентаризмди жактай турганын айтып, деморкратияга ыктап, АКШ менен болгон мамилени жакшыртып, инвестиция тартууга убада берүүдө. Шайлоонун жыйынтыгында кандай өзгөрүүлөрдү күтсө болот. Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай буларга токтолду:

«Эгерде бийликке Эрдоган келсе, эч нерсе өзгөрбөйт, ошондой эле болот. Ал эми Кылычдароглу келсе, акценттер өзгөрөт. Эрдогандын бийлиги элди эмес, саясий режимдерди колдойт. Ошондуктан Садыр Жапаров жаңы бийликке келгенде Орхан Инандыны салып берген. Мындайча айтканда режимдерди колдойт, эли экинчи орунда турат. Эгерде Кылычдароглы келсе, ал элге акцент жасап, аларды демократияга үндөйт. Түркия авторитардык өлкө, демократиялык көрсөткүч боюнча 103-орунда турат. Бизге караганда аларда демократия бар. Биз болсо 115-орунда болуп, авторитардык режимде турабыз. Ошондуктан бизге да таасир бериши мүмкүн». 

Түркияда шайлоонун расмий жыйынтыгы 16-майда жарыяланат. Ага карабастан Азербайжандын президенти Илхам Алиев Режеп Тайып Эрдоганды жана «Элдик альянсты» президенттик жана парламенттик шайлоодо көпчүлүк добушка ээ болушу менен куттуктап, телефон чалган.

Copyright © 2017 Maral FM