Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлери жолугушту

Коом , Экономика | 12 мая 2023 | 567 | 0

Бүгүн Бишкекте айыл чарба продукцияларын экспорттоого жана Кыргызстандын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн тышкы рынокко чыгуусуна көмөктөшүү максатында уюштурулган форум өттү. Ага Кыргызстандан жана Өзбекстандан 250дөн ашык ишкер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Өзбекстандан келген сатып алуучулар менен В2В жолугушуулар уюштурулуп, бир катар келишимдер түзүлдү. Буга чейин өткөн форумда жергиликтүү ишкерлер өзбекстандык ишканалар менен байланыш түзүп, Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын экспортун көбөйтүшкөн. Ишкерлер айыл чарба продукцияларын экспорттоодо кандай тоскоолдуктарга туш болушат?

«Агро-экпортёр» форумуна 250дөн ашык ишкер катышты. Анда экспорт менен алектенген ири компаниялар бул чөйрөгө жаңыдан аралышып келе жаткан ишканалар менен тажрыйбаларын бөлүштү.

Форумга катышуу үчүн өлкөнүн ар кайсы аймактарынан чакан жана орто бизнес ээлери келишкен. Алардын бири Ош облусунан келген ишкер Гүлбурак Матаева 11 жылдан бери эзме курут өндүрүү менен алектенет.

Ал бул иш-чарага продукциясын экспортко чыгаруунун жол-жобосун билүү, маалымат алуу максатында катышты.

«Биз жакында эле продукциябызга жаңы товарларды коштук. Таза курут, чөбөгө курут, ак курут, куруттун суюк түрүн жасайбыз. Азыркы учурда Кыргызстандын булуң-бурчуна жайылттык, бирок экспортко чыгара элекпиз. Болгону Москвага кеткен жарандар өздөрү сатып алып кетишет. Мындан сырткары Өзбекстан менен Казакстанга да ушундай жол менен алып чыгышууда. Мамлекет тарабынан ишкерлерге колдоо болуп, жакшы көңүл бурулса, экспортко чыгууга оңой болмок».

Иш-чарага бир канча жылдан бери өндүрүшүн сыртка экспорттоп келген ири компаниялар да катышып, тажрыйбалары менен бөлүштү.

«Аман-Гринфуд» компаниясынын аткаруучу директору Асыла Умарбекова компания 2013-жылдан бери бал азыктарын дүйнө жүзүнө экспортко чыгарып келерин айтат.

Ал бүгүнкү жолугушуу ар бир катышкан ишкер үчүн маанилүү жана пайдалуу экенин белгилеп, жаш ишкерлерди айтылган маалыматтарды колдонууга чакырат.

«Азыркы учурда өндүргөн товарларды көптөгөн өлкөлөргө экспорттоп жатабыз. Мисалы, Дубайга, Перс булуңуна, Америкага, Кореяга, Тайванга, Японияга, Индияга жиберебиз. Бүгүнкү иш-чарага бизди спикер катары чакырышты. Кантип бул деңгээлге жеттик, кандай тоскоолдуктар болду, ушулар тууралуу айтып бердик. Ишкерлер үчүн мындай форумдар абдан керек. Анда ар кандай талкуулар жүрөт. Анын алкагында көптөгөн суроолорго жооп алса болот».

Кыргыз-өзбек агрофоруму АКШнын USAID уюмунун «Агросоода» долбоорунун алкагында уюштурулду. Долбоордун соода байланыштары бөлүмүнүн башчысы Данияр Андакулов Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-сатыкты кеңейтүүгө форум пайдасын тийгизип жатканын билдирди.

Анын айтымында, буга чейин мындай форумдар Кыргызстанда жана Өзбекстанда өтүп, жыйынтыгында айыл чарба продукциясынын экспортун көбөйтүүгө жардам берген.

«Бул иш-чара — ишкерлер үчүн аянтча. Анда көптөгөн ишкерлер өнөктөштөрүн тапса болот. Муну менен катар кардарларды таба алышат. Мындай жолугушууларды Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында өткөрүп келебиз. Мындан сырткары Өзбекстандын Наманган, Анжиян, Фергана жана Ташкент шаарларында өткөрдүк. Жалпысынан бир жылда мындай иш-чарадан 21ди өткөрдүк. Жыйынтыгында 7,4 млн долларлык келишимдер түзүлдү. Анын 5 миллиондон көбү ишке ашырылды. 75тен ашык экспорт келишимдери жана меморандум түзүлдү».

Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев да ишкерлердин мындай жолугушууларга барып турганы жакшы деп эсептейт. Токтогазиев айыл чарба өндүрүштөрүн чет жакка чыгарууда мамлекет тарабынан жеңилдиктер каралып, шарттар түзүлүшү керектигин айтат.

«Мындай талкуулардын негизинде көптөгөн адамдын көз карашы өзгөрөт. Билбеген нерселери тууралуу маалымат алышат. Бүгүнкү иш-чарага спикер катары ири ишканалардын өкүлдөрү катышууда. Бул ишканалар бир топ жылдан бери экспортко чыгып келишет. Алар өзүнүн иши тууралуу айтып берип жатышат. Катышуучулар алардын тажрыйбасынын негизинде өздөрү үчүн керектүү, пайдалуу маалыматтарды алышат. Мындан сырткары көргөзмө да болуп жатат. Ишкерлер продукциясын көрсөтүп, тааныштырууда. Бул да кызматташууга чоң жардам берет».

Акыркы үч жылда USAID 30дан ашык кыргызстандык компаниянын эл аралык көргөзмөлөргө катышуусуна демөөрчүлүк кылып, Өзбекстандан келген өнөктөштөр менен форумдарга жана B2B жолугушууларына 100дөн ашык кыргызстандык компанияны тарта алды.

Натыйжада, алар өзбекстандык ишканалар менен байланыштарды түзүп, Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын экспортун көбөйтүштү.

«Агросоода» долбоору — кыргызстандык дыйкандарды жана айыл чарба ишканаларын колдоп, Өзбекстан менен соода байланышын кеңейтүү аркылуу өлкөдө жумуш орундарын көбөйтүүгө багытталган беш жылдык долбоор.

Copyright © 2017 Maral FM