Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ЭТТКны иштетүүдөгү көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланды

Коом , Экономика | 11 мая 2023 | 469 | 0

Бүгүн Бишкекте электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды иштетүүдөгү көйгөйлөрдү жана аны чечүү жолдорун, ишкерлердин укугун коргоону талкуулаган жыйын өттү. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, учурда электрондук кызматка 66 миңден ашык колдонуучу катталган. Мекеме бул көрсөткүч аздык кыларын билдирди. Ишкерлер аймактарда электрондук кызмат тууралуу маалымат жетишсиз болуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөй жатканын айтышууда. Жыйындын алкагында адистер бизнес өкүлдөрүнүн суроолоруна да жооп беришти.

Салык консультанттары палатасынын башкармалыгы, Экономика министрлиги жана Салык кызматынын өкүлдөрү бизнес ассоциациялардын мүчөлөрү менен жолугуп, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды иштетүүдөгү көйгөйлөрдүн чечүү жолдорун талкуулашты.

Коштомо кагазга байланыштуу ишкерлер жыл башынан бери көптөгөн суроолор менен Салык кызматына кайрылып келишет, бир нече жолу нааразылык акциясы да өткөн.

Кыргызстандын Салык консультанттары палатасы башкармалыгынын төрайымы Татьяна Кимдин айтымында, кайрылган ишкерлердин талаптары, сунуштары эске алынып, суроолорго ыкчам жооп берүүгө аракеттер көрүлүп жатат. Муну менен катар ал ЭТТКны иштетүүдө бир топ көйгөйлөр чечилгенин айтат.

Ошол эле учурда аталган электрондук кызматты иштетүүдө дагы деле чечилбей келген тоскоолдуктар бар экенин моюндады.

«Бизден «Товарларды өткөн дата менен каттоого мүмкүнбү?» деп сурашат, мындай болушу мүмкүн эмес. Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды иштетүүдө методологиялык кемчиликтер бар. Өткөрүлгөн товарлардын реквизиттерин салык төлөөчү эмес Салык кызматы бекитет. Ошондой эле салык төлөөчү үч эсептик программада иштөөгө мажбур. Товарлардын позициялары ашыкча майдаланып кеткен. Бирок бул ЭТТКны ишке ашыруу үчүн киргизилген. Ар бир товардын өзүнүн штрих-коду бар. Товарлар бирдей болсо да, бирок өлчөмү боюнча айырмаланган күндө да, отчёт үчүн маалыматтардын жана позициялардын көлөмү көбөйөт. Бул кээ бир сатуучулар үчүн оорчулук жаратууда».

ЭТТК – бул товарлар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирген унаа жөнүндө маалыматтарды камтыган электрондук документ. Ал ыкчамдык үчүн, кеңсе чыгымдарын азайтуу, сатып алуучу-сатуучу-ташуучу чынжырындагы башкарууну жакшыртуу үчүн керек.

ЖИА бизнес ассоциациясынын мүчөсү Наргиза Мирбек кызынын айтымында, учурда аймактардагы ишкерлерде ЭТТК боюнча маалымат жетишсиз болууда.

Ал бизнес коомчулуктун арасында аталган электрондук кызмат тууралуу түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүп, атайын окутуулар уюштурулушу керектигин белгиледи. Элеттеги ишкерлер ЭТТКны иштетүүдө төмөнкүдөй көйгөйлөргө туш болуп жатат:

«Шаарларда ири ишкерлер бухгальтер, программисттерди жалдап иштете алат. Ал эми аймактарда ЭТТК ишке киргенден бери баштагыга салыштырмалуу бир аз жеңилдеди. Бирок дагы деле орчундуу көйгөйлөр бар. Мисалы, чакан жана орто бизнес ээлери кошумча жумушчуларды алууга мүмкүнчүлүгү аз. Мындан сырткары аймактарда интернет иштетүүдө мүчүлүштүктөр жаралып калышы мүмкүн. Анын кесепетинен ишкерлердин жумушу аксап калат. ЭТТК ишкерлердин ортосундагы кызматташууну жеңилдетпей, кандайдыр бир деңгээлде тоскоолдуктарды жаратууда».

Ал эми Мамлекеттик салык кызматынын товарларды байкоо механизмин көзөмөлдөө жана көзөмөл-кассалык машиналарды жайылтуу башкармалыгынын башчысы Азат Алманбетов түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, мекеме тарабынан электрондук кызматты иштетүү боюнча атайын видеороликтер даярдалып, кыргыз жана орус тилинде жайылтылып жатат.

Мындан сырткары Алманбетов учурда ишкерлердин сунушу менен системага өзгөртүүлөр киргизилип жатканын билдирди.

«Атайын жумушчу топ түзүлдү. Ага Салык кызматынын, Экономика министрлигинин өкүлдөрү жана бизнес өкүлдөрү кирген. Жумушчу топ ЭТТКга өзгөртүүлөрдү, жеңилдетүүлөрдү киргизүү боюнча талкууларды жүргүзүүдө. Азыр атайын токтом долбоорун да иштеп чыгуудабыз. Учурда жобону жеңилдетип, түшүнүктүү кылып жазууга аракет кылып жатабыз. Ар бир ишкер жобону окуп, дароо кантип толтуруу керектигин түшүнүшү үчүн. Буга чейин бизге көптөгөн сунуштар келип түшкөн. Эгер сунуш орчундуу болсо, аны кабыл алып жатабыз».

Быйылкы жылдын 1-январынан тарта ЭТТКны товарларды жүгүртүү менен алектенген ишкерлер колдонууга милдеттүү. Ал таза жана ачык атаандаштык үчүн шарт түзүп, контрабандалык, контрафакттык товарларды ташууга бөгөт коёт.

Марттын башында Жогорку Кеңештин жыйынында ЭТТК колдонбогондорго айып салуунун мөөнөтү 2024-жылдын 1-январына жылдырылган.

Copyright © 2017 Maral FM