Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Башмыйзамдын талаптары толук аткарылабы?

Саясат | 11 мая 2023 | 411 | 0

Жогорку Кеңештеги Конституциянын 30 жылдык мааракесине арналган жыйында төрага Нурланбек Шакиев Башмыйзамдын 30 жыл ичинде тогуз жолу өзгөртүүгө дуушар болушу көбүнчө саясий топтун, саясий  кызыкчылыктын эркине, каалоосуна жараша болуп келгенин айтты.

«Көпчүлүк президенттер өзүнөн жоопкерчиликти алып салуу үчүн аткаруу бийлигинин башында турган премьер-министрди күнөөлүү деп таап, каалаган учурда жумуштан кетирип, бардык күнөөнү ага оодарып келди. Бул жолу президент Садыр Жапаров: «Өлкөдө болуп жаткан оң көрүнүшкө да, терс көрүнүшкө да бир киши жооптуу болсун», — деп, бардык жоопкерчиликти өзүнө алды. Бул — эң чоң жоопкерчилик». 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ар бир мамлекеттин Конституциясынын мазмуну мезгилдин, доордун талабына ылайык, геосаясий кырдаалга жараша өркүндөтүлүп, жаңыланып турарын белгилеп, акыркы жолку өзгөртүү Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө шарт түзүп жатканына токтолду.

«Бул — мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошондуктан 30 жылдын ичинде негизги мыйзамга бир нече жолу өзгөртүү киргизилген. Акыркы Конституцияга 2021-жылдын 5-майында президент Садыр Жапаров кол койду. Кыргыз эли мамлекетти өнүгүүгө алып баруучу оптималдуу туура башкаруу моделин тандап алды десек жаңылышпайбыз. Конституцияны колдоп берген элибизге терең ыраазычылык! Биз тарыхтан тажрыйба алып, 30 жылда өзүбүздү таптык. Азыркы Башмыйзамда мамлекеттин саясий, укуктук жана экономикалык негиздери туура аныкталды. Адам укуктарын коргогон бөлүк бардык Башмыйзамыбызда эч өзгөргөн жок. Отуз жылдын ичинде демократиялык-укуктук жолдон тайган жокпуз. Мамлекеттик башкарууда Конституция президенттик башкарууну түзөт. Азыр аткаруу бийлигинин башына президент келди. Мындай жоопкерчилик экономикада жакшы натыйжаларга түрткү болду». 

Кыргызстан эгемендик алгандан бери Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча тогуз жолу референдум өткөрсө, акыркысы 2021-жылдын 11-апрелинде өттү. Ага шайлоочулардын 36,75%ы катышып, жаңы Конституцияны 79,25%ы колдоду.

Кыргыз ССР Жогорку Советинин (легендарлуу парламент) төрагасы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов 1993-жылы биринчи Конституциянын кабыл алынышы Кыргызстан тарыхында түбөлүк кала турган маанилүү окуя болгонун белгилеп, Башмыйзамдын бат-баттан өзгөртүлүшүнө каршы экенин билдирди.

«1990-жылдын 15-декабрында легендарлуу парламент тарабынан «Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгү жөнүндө» Декларация – эгемен Кыргызстандын башатын, пайдубалын түзгөн эң жогорку документ кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө» Декларация, биринчи Конституция – аталган Декларациянын түздөн-түз уландысы болуп саналат. Бүгүн айрым жаш депутаттар Конституцияны өзгөртүүнү сунуштап жатышат. Айланайындар, анын эч кандай кереги жок. Жаңы Конституциянын 66-беренесинин 2-бөлүгүндө мындай деп турат: «Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин камсыз кылат». Жетет ушул пункт».

Кошумчалай кетсек, 10-майда Жогорку Кеңеште Башмыйзамдын талаптары аткарылбагандыгы талкууланып, аны редакциялап чыгуу сунушталган.

Депутат Адахан Мадумаров кеп Конституцияда эмес, кеп коомдо жана коомду башкарган бийликте экенин айтып, дүйнөдө Конституциясы жок туруп деле адам укуктары жогорку деңгээлде сакталган өлкөлөр барын учкай билдирди.

 «Бул кызыл китептин бир да нормасы сакталбайт. «Кыргызстандын жарандары туулгандан баштап эркин жана өз пикирлерин, талаптарын ээн-эркин жыйын өткөрүп айта алат» дейт. Өткөрүп көргүлө бүгүн, «Горький паркында гана өткөрөсүңөр» дейт бүгүн. Анан кайсы эркиндикти айтып жатабыз? Бүгүн бул жерде сөз айтарда да толгонуп жатып айтабыз. Биз көкөлөтө берип, ушул жерге келдик, кайсы президентти көкөлөткөн жокпуз, айткылачы? Баарыңыздар тизилген бойдон кете бериңиздер, «жакшы бир келечекке баратабыз» дей албайм. Кайда баратканыбызды бир Жараткан өзү билет. Мен муну майрамдаганга күчүм жетпейт. Эгерде Башмыйзамда жазылгандардын баары кыйшаюусуз аткарылып жатса, мен ушул китепти төбөмө көтөрүп жүргөнгө даярмын. Бирок андай эмес».

Ал эми депутат Нуржигит Кадырбеков Башмыйзам ой келди которула берген документ эмес экенин эскертип, анын 30 жылдын ичинде бир да жолу кыргызча жазылбаганын сынга алды. Анын айтымында, «акыркы Конституция кыргыз тилинде жазылды» делгени менен эки тилдеги версиясында дал келбестиктер көп жана туура эмес которулган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Кыргызстандагы өкүлү Луиз Чемберлен катышуучуларды куттуктап, Конституция мамлекет менен жарандардын ортосундагы негизги келишимдик документ катары адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышын кепилдеген, эркектер менен аялдардын тең укугун белгилеген, өнүгүүнү камсыз кылган, адилет коом түзүүгө багытталган негизги мыйзам экенин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы — Кыргызстандын башкы мыйзамы. Ал 1993-жылдын 5-майында Жогорку Кеңештин алгачкы курамы — «легендардуу парламенттин» 12-сессиясында кабыл алынган.

Андан бери Башмыйзам бир нече ирет өзгөрүүгө, оңдоолорго тушугуп, акыркы редакциясына 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн референдумда добуш берилип, ошол жылдын 5-майында президент Садыр Жапаров кол койгон.

Copyright © 2017 Maral FM