Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Тамчыдагы жерлерди өкмөт тартып алып жатканы айтылууда

Коом , Саясат | 4 мая 2023 | 709 | 0

Ысык-Көл районуна караштуу Тамчы айылынын тургундары жерлерин өкмөт мыйзамсыз тартып алып жатканын айтып чыгышты. Жер тилкеге ээлик кылган 70 адам президентке кайрылып, бул маселени тез арада мыйзам чегинде чечип берүүсүн суранышты. Алар жерлерди мыйзамдуу сатып алышканын, тиешелүү документтери бар экенин билдиришти. Ал эми президенттин администрациясы бул боюнча эмне дейт? 

Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы жер тилкелерине ээлик кылган 70 адам президентке кайрылып, маселесин чечип берүүнү өтүнүштү.

Алардын бири Балыкчы шаарынын тургуну Кубанычбек Токтобеков 2006-жылы 10 сотыхтан 2 жер тилкесин сатып алган. Ал учурда экөөнүн тең кызыл китептери жокко чыгарылып жатканын айтат.

«2006-жылы 10 сотыхтан эки жер сатып алганбыз. Мен өзүм төрт баланын атасымын. Балдарыма деп алгам. Ошол убакта жер кымбаттап жатканда алгам. Сатып алган жер тилкелерин өкмөт, соттор, Ысык-Көл облустук администрациясы жокко чыгарып жатат. Бул боюнча кайсыл жакка кайрылууну билбей турабыз. Президент бул маселени чечип берет деп ойлойбуз».

Дагы бир жердин ээси Максатбек Саякбаевдин айтымында, мамлекет көлдүн жээгине жакын жерлерди тартып алууда.

«2022-жылдын күзүндө Тамчыдан 1,5 гектар жер сатып алганбыз. Атайын инвестор таап, пансионат салалы дегенбиз. Мамлекет бизден бул жерлерди тартып алганы жатат. Биз ага каршы деле эмеспиз. Бирок ордуна башка жер беришин талап кылабыз. Бизге каяктагы тоого жакын жерлерди сунуштап жатышат. Бизге көлдүн жээгине жакын жерлер керек. Мамлекетке керек болсо, ала берсин. Бирок биздин жогорудагы талаптарыбызды аткарышсын».

Президентке кайрылгандардын арасында Нина Полищук аттуу жаран да бар. Анын айтымында, алардын жер тилкелери Тамчы аэропортунан ылдыйда жайгашкан, жалпы аянты 100 гектарды түзөт. Ал жер ээлеринин укуктары корголбой жатканын айтат.

Полищук бул маселени өкмөт жер ээлери менен биргеликте сүйлөшүү жолу аркылуу чечүү керектигин сунуштады.

«Бүгүн 70 жер ээсинин атынан кайрылып жатабыз. Кыргызстанда азыркы күндөгү инвестициялык саясат канааттандырарлык деңгээлде эмес. Эгер бул жерлер мамлекетке керек болсо, биз каршы эмеспиз. Мамлекеттин өнүгүшүнө, кошумча жумуш орундары түзүлүп, экономикага салымын кошсо жакшы. Бирок биз бул жерлердин ээлерибиз. Биз Кыргызстандын жараныбыз. Президентке, өкмөт башчыга кайрылабыз. Бул маселеге көңүл буруп, жер ээлеринин укуктарын коргоп берүүнү суранабыз».

Президенттин администрациясы бул маселе боюнча үн катып, Тамчы айылындагы жер тилкелерге документтерди берүү учурунда бир катар мыйзамдар бузулганын билдирди.

Президенттин администрациясы жер-жерлерде болгон жыйындарда бул жерлердин ээлерине жана пайдалануучуларына мыйзам бузуулар боюнча бир нече жолу түшүндүрмөлөрдү берген.

«Тамчы айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер тилкелеринин менчик ээлери жана пайдалануучулары менен жерди пайдалануу боюнча мыйзамдардын бузулушуна байланыштуу соттук териштирүүлөр жүргүзүлүп жатат. Бул жерлер мамлекеттик маанидеги маселелерди чечүү үчүн бошотулууда. Жер тилке ээлерине ошол эле Тамчы айыл өкмөтүнүн аймагынан башка жерлер мыйзам чегинде сунушталууда», — деп айтылат Президенттин администрациясынын билдирүүсүндө.

Учурда Ысык-Көл облусунун аймагындагы жер фондун инвентаризациялоо максатында жер мыйзамдарын бузууларды жоюу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM