Биз менен байланышыңыз

Баткенге бөлүнгөн 500 млн сом: Казынага кеч түшкөн акча жана бюрократия

Коом , Саясат | 4 мая 2023 | 666 | 0

2021-жылы Баткен облусуна өзгөчө статус берилген. Анын алкагында облусту өнүктүрүү программасы түзүлүп, ар жылы 500 млн сомдон кем эмес акча бөлүү тапшырылган. Былтыркы жылга бөлүнгөн 500 млн сом толук иштетилбей калганын Каржы министрлигинен билдиришти. Ага эмне себеп болгонун жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн сурадык. 

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Эмил Токтошев Баткенге былтыр бөлүнгөн каражаттын канчасы иштетилгенин сурап, аны Каржы министрлиги көзөмөл кылышын талап кылды.

«Каражаттын канчасы иштетилди? Бизге маалыматтар келип жатат: «Акча жөнүндө уккан жокпуз, эч ким ала алган жок», — деп. Мүмкүн жергиликтүү жетекчиликте маселе болуп жатат, же министрликтен акча кеч бөлүнүп берилип жатат? Ишкерлерге бөлүнгөнү менен алар колдонушу керек да. Бул маселени көзөмөлдөп коюңуздар, быйыл да былтыркыдай көрүнүш кайталанбасын».

Каржы министринин орун басары Улугбек Календеров Баткен облусун өнүктүрүүгө былтыр бөлүнгөн 500 млн сом толук иштетилбей калганын айтты. Ал кошумчалагандай, каражатты туура колдонуу боюнча Баткендин айыл өкмөт башчыларына чейин окутуу иштери жүргүзүлгөн.

«Өткөн жылы Лейлек менен Баткен районунун администрациясына 500 млн сом бөлүнгөн. Бирок тилекке каршы, кандайдыр бир процедуралардын негизинде толук иштетилбей калганы тууралуу маалымат бар. Акча өз убагында эле барган. Жеке оюм боюнча акчаны колдонууда жоопкерчиликтен чочулоодон улам ушундай фактылар бар».  

Баткен облусунда 537 миң калк жашайт. Алардын 65%ы, тагыраагы, Кыргызстанда эң көп Баткен облусунун тургундары ички жана сырткы миграцияда. Ошондой эле облустун айыл өкмөттөрүнүн 99%ы, тагыраак айтканда, 31 айыл өкмөттүн 30у дотацияда. Ошондуктан Баткенди өнүктүрүү үчүн жыл сайын 500 млн сомдон кем эмес акча бөлүнүп турмай болгон.

Лейлек районунун айылдык кеңешинин депутаты Жумагул Ташбаев Баткен облусун өнүктүрүү фондунан каражат алынып, айылдарда бир топ иштер аткарылганын айтты.

«Менин маалыматым боюнча көп акча иштетилип, бир топ жумуштар жасалды. Мисалы, Кулунду айыл өкмөтү 9 млн сомго экскаватор алды, аны азыр жергиликтүү эл иштетип, аябай жакшы болуп калды. Ошондой эле Кулундуда асфальт төшөө иштери жасалды. Дагы Маргун айыл өкмөтүнө 2,5 километр жерге 200-труба менен суу түтүкчөлөр орнотулду. Ушул сыяктуу жакшы жана көп иштер аткарылды, «акча иштетилген жок» деген маалыматтар жалган болушу керек».

Былтыр Баткен облусуна бөлүнгөн 500 млн сомдун 125 млн сому Баткен районуна которулган. Бул каражат райондун инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган 9 долбоорду ишке ашыруу үчүн каралган. Бирок 125 млн сом былтыр ноябрь айында түшкөнүн, аны иштетүүгө ыкчам аракеттер көрүлгөнүн, бирок тендер процедураларын өткөргөнгө чейин каржы жылы аягына чыгып, акчаны толук иштетүүгө жетишпей калганын Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Учкунбек Жоробаев айтты.

 «Каржы жылы бүтүп калгандыктан өздөштүрүү болбой калган. Тендерлер жарыяланып, ошол бойдон калып калган. Дагы белгилей турган нерсе, ошол долбоорлордун документтештирүү иштери, тендер процедуралары болгучакты каржы жылы аяктап, башкача айтканда, декабрь айына өтүп, акча кайра кетип калган. Бизге быйылкы жылга акчанын бир бөлүгү бөлүнүп берилди, азыр аны туура жана так иштетүү, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иш алып баруудабыз».

2021-жылы 14-октябрда Баткен шаарында «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» форуму өтүп жаткан мезгилде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыл сайын Баткен облусуна казынадан 500 млн сомдон бөлүнүп турарын билдирген. Бөлүнгөн акча ай сайын берилбей, жыл башында эсепке түшүп, экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалары мерчемделген.

Copyright © 2017 Maral FM