Биз менен байланышыңыз

Бир жыл мурун түзүлгөн Туризм фонду коррупцияга шектелүүдө

Саясат | 4 мая 2023 | 405 | 0

Жогорку Кеңештин 4-майдагы жыйынында «Кыргыз Республикасындагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коомундагы акыркы кырдаал боюнча маалымат берилди. Фонддун өкүлдөрү Кылмыш-жаза кодексинин «коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголгонун тастыкташты. Бир жыл мурда Министрлер кабинети тарабынан түзүлгөн Туризмди колдоо фондуна ачылган иштин чоо-жайына алдыда кененирээк токтолобуз.

Жогорку Кеңештин бүгүн, 4-мартта өткөн жыйынында улуттук туризмди өнүктүрүү максатында былтыр март айында Министрлер кабинетинин демилгеси менен түптөлгөн Туризмди колдоо фондунун айланасында болуп жаткан акыркы кырдаал боюнча маалымат угулду.

Алгач прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева чыгып сүйлөп, 22-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети фондго Кылмыш-жаза кодексинин «коррупция» беренеси менен иш козгогонун маалымдады. Бул иштин алкагында 28-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чечим чыгарып, фонддун кеңсеси жана анын жетекчиси Елена Калашникованын, айрым кызматкерлердин үйү тинтүүгө алынган. Маалым болгондой, апрелдин аягында фондго аудитордук текшерүү дайындалган.

«Башкы прокуратура аталган фондго эч кандай кылмыш ишин козгогон жок. Фондго Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 22-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин «коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. 28-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечиминин негизинде, фонддун кеңсеси жана анын жетекчиси Елена Калашникованын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Ошондой эле 29-апрелде фондго аудитордук текшерүү дайындалган».

УКМКнын төрагасынын орун басары Тимур Шабданбеков билдиргендей, кылмыш иш туристтик Rest Pointтарды курууда коррупциялык иштер болгондугуна байланыштуу ачылган.

«22-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан аталган фондго Кылмыш-жаза кодексинин «коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголду. 28-апрелде Туризмди колдоо фондунун кеңсеси жана жетекчиси Елена Калашникованын үйү УКМК тарабынан тинтүүгө алынды. Жыйынтыгында курулуш иштеринин документтери, Калашниковага таандык Орусиянын жарандыгындагы үч паспорт, Кыргызстан жарандыгындагы бир паспорт алынган. Учурда керектүү тергөө иштери жүрүп жатат».

Жыйындын жүрүшүндө Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашникова кылмыш иши козголгонун жаңы билгенин айтып, ишкананын кеңсеси жана өзүнүн, кызматкерлеринин үйү тинтилгенин ырастады.

Калашникова маалымдагандай, баштапкы капиталы 1 млрд сомду түзгөн Туризмди колдоо фондунда учурда 762 млн 190 миң 370 сом накталай сакталып турат. 257 млн 67 миң 294 сом сарпталып, анын 113 млн сому туристтик эс алуучу жайларды курууга кеткен. Жалпысынан 68 жерге Rest Point салынып жатат. Калашникова билдиргендей, тендер боюнча бир Rest Point 6,5 миллион сомго бааланган. Андан тышкары канализация жана электр энергиясын туташтыруу сыяктуу иштери 7-8 млн сомго чейин барат.

Депутат Шайлообек Атазов кош жарандуулугу бар жарандын фондду жетектеп келгенин сынга алып, башында эле ага каршы болгонун билдирди.

«Дайыма парламентте кадр саясаты аксап жатканын айтып келебиз. Азыркы болуп жаткан иштер: кадр саясатындагы эле шалаакылык. Мен бул жаран жетекчи болуп келгенде эле кыргыз тили менен кыргыз туризмин түшүнбөй турганын айткам. Дайыма туура эмес кадрларды коёсуңар, алар бир-эки жыл шайтан араба тепкендей тээп туруп, таштап кетишет. Ысык-Көлдүн Тамгасында «олимпиадалык база түзөбүз» деген долбоорубузга, «жеке мейманкана салабыз» деп ушул мейманкана каршы чыккан. Мүмкүн ошого кылмыш иши козголгондур. УКМК кылмыш ишин козгоп, туура кылыптыр». 

Ага жооп катары Калашникова жарандык маселеси мыйзамга каршы келбей турганын билдирди.

Депутат Эмил Токтошев да өткөн жылы фонддун ачылышына каршы болгонун билдирип, мамлекет бизнеске аралашпашы керектигин эскертти.

«Ушул фондду ачкандан көрө, ошого кеткен акчаны туристик фирмаларга аз пайыз менен насыя берсе, алар эффективдүү иштетет болчу. Бизде Маданият министрлигинин астында Туризм депараменти бар, алар канча акча алып, кандай иштерди жасайт? Бул саясат өзү туура эмес. Мамлекет туристик ишканаларга көмөк көрсөткөндөн мурда, «баарын мен кылам» деп өзүнө алып алды». 

Фонд ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди, Кыргызстанды чет өлкөлөргө таанытууну жана инвестиция тартууну ишке ашырат. Туризмди колдоо фондунун жетекчиси Елена Калашникова УКМК кызматкерлери паспортун алып койгондуктан инвесторлор менен кездеше албай, ишмердүүлүгү боюнча 86 жолугушууну четке кагууга аргасыз болгонун, анын кесепетинен бир канча чыгымга учураганын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM