Биз менен байланышыңыз

Ички аба каттамдардын кымбаттыгы нааразылыкты күчөттү

Коом , Экономика | 2 мая 2023 | 1068 | 0

Кыргызстандын ички авиакаттамдарынын баасы көтөрүлгөнү айтылып, нааразычылыктарды жаратууда. Бүгүнкү күндө авиакассалар билетти 3500 сомдон 5500 сомго чейин сатышууда. Алар муну күйүүчү-майлоочу майдын кымбаттаганы менен байланыштырууда. Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Баткен авиакаттамдарынын билет баасын тартипке салуу боюнча коомдо суроо-талап көп. Ал эми мамлекет кандай иштерди жүргүзүүдө? Билет жакын арада арзандашы мүмкүнбү? 

Бишкек шаарынын тургуну Иман Тойчубеков өткөн жумада апасына Бишкектен Раззаков шаарына учак билетин 6 миң сомго сатып берген. Ал былтыр билетти 3500дөн 4000 сомго чейин сатып алып турчу. Билеттин кымбаттаганы карапайымдардын капчыгына оор болуп жатканын айттты.

«Өзүм Бишкекте турам, апам Раззаков-Бишкек, Бишкек-Раззаков авиакаттамдары менен көп келип-кетип турат. Жакында эле билетти алты миң сомго алып бердим. Мурда 3500дөн 4000 сомго чейин алчумун. Кээде 4000 сомдон да өтүп кетет эле. Бирок 6 миң сом, бул эмне деген баа? Карапайым элге эле кыйын болду. Айрым учурда такыр орун калбай калат. Бир жума же 3-4 күн мурун билет алып коюу керек».

«Манас» эл аралык аэропортунун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Алия Курбанованын айтымында, авиакомпаниялар жеке менчик болгондуктан, баасын өздөрү коёт. Аэропорт билеттин баасына кирише албайт.

«Азыркы учурда ички авиакаттамдарды «Тез Жет» жана «Авиа Траффик» компаниялары аткарат. Көбүнчө «Тез Жет» компаниясы ички каттамдарды ишке ашырат. Ал компания Бишкектен Ошко, Бишкектен Раззаковго, Бишкектен Жалал-Абадга каттамдарды жүргүзөт. Жайында Оштон Ысык-Көлгө, Баткен шаарына да аткарат. «Манас» аэропорту билеттердин баасынын кымбатташына тиешебиз жок. Авиакомпаниялар жеке менчик болгондуктан, бааны өздөрү чечишет».

Өлкөдө ички авиакаттамдарды «Тез Жет» жана «Авиа Траффик» компаниялары аткарат.

«Тез Жет» компаниясынын өкүлү Мээрим (аты өзгөртүлгөн) Бишкек-Раззаков каттамына билеттердин баасы 5500 сом экенин жана ал тиешелүү түзүмдөр аркылуу бекитилгенин ырастады. Баанын былтыркы жылга салыштырмалуу 1500 сомго жогорулаган себебин мындай түшүндүрдү:

«Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек багыттары боюнча ички каттамдардын баасы минималдуу 3200, максималдуу 3700 сом. Мындай саясат бизде көптөн бери бар. Он жылдан бери учабыз, он жылдан бери ушундай эле тариф. Ал эми Бишкек-Раззаков жана Раззаков-Бишкек багыттары боюнча билеттин баасы 5500 сомго кымбаттады. Себеби 1 тонна отун (топливо) 1500 доллар турат. Өзүн актабайт экен, ошол себептен баасын көтөрдүк. Анткени Исфанага чейин учак 1 саат 5 мүнөт учат, ал эми Ошко 35 мүнөттө жетет. Жолдук узактыгына жараша да болуп жатат».

Өлкөдөгү бааларды көзөмөлдөө жана жөнгө салуу иштерин Монополия менен күрөшүү кызматы алып барат. Мекеменин басма сөз катчысы Сахиба Кадырова баа бүгүнкү мыйзамдарга ылайык түз жөнгө салынбай турганын, кызматтын ыйгарым укуктары жетишсиз экенин айтат.

«Бул жерде бир топ компания бар. Биз аларды «Үстөмдүк абалды ээлеген» реестрге киргизгенбиз. Бирок, баа бүгүнкү мыйзамдарга ылайык түз жөнгө салынбайт. Бүгүнкү күндө авиакомпаниялар өкмөттүн алдында өз алдынча Жарандык авиация агенттиги деген чоң орган бар, ошолор менен макулдашып, анан бааны бекитет. Эгерде керектөөчүлөр тарабынан кандайдыр бир арыздар, кайрылуулар болсо, биз мыйзам чегинде иш алып барабыз».

Жүргүнчүлөр билет баасын көзөмөлгө алууну бийликтен талап кылып жатышат. Бирок тиешелүү мамлекеттик органдар бул маселеге кийлигише албайбыз деген жооп менен кутулушат.

Ички авиакаттамдарга болгон билет баасынын кымбатташы тууралуу депутат Камила Талиева да Жогорку Кеңештин жыйынында маселе көтөргөн. Ал авиациядагы ички саясатты тартипке келтирип, билетин арзандатууну талап кылган.

«Лейлек району борбордон 1200 км алыстыкта жайгашкан. Жергиликтүү тургундар бир сутка жол жүрүп Бишкекке жетишет. Себеби авиабилет өтө тартыш, андан сырткары баасы 5300дөн 5900 сомго чыгып кетти. Эл арасында нааразычылык абдан күчөп жатат. Билеттин баасын арзандатуу жагын жолго койгула. Чек арада жашаган эл болсо, билет баасы 6 миң сомдон болуп жатса, эмне деген нерсе? Баа күйүп жатат бул жерде».

Авиакассалар билет баасы миң сомдон 1,5 миң сомго чейин кымбаттап кеткенин жүйө келтирип жатышат. Акыркы айда Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарына каттаган таксилердин баасы да көтөрүлүп кеткени айтылды.

«Манас» эл аралык аэропортунун маалыматына караганда, Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча күнүнө алты ирет учак учат.

Мындан сырткары Жалал-Абадга жумасына алты жолу, Раззаковго жумасына эки жолу учак учат.

Copyright © 2017 Maral FM