Биз менен байланышыңыз

Тажикстандын Баткенге кол салганына эки жыл. Эмне өзгөрдү?

Коом , Саясат | 28 Апр 2023 | 562 | 0

Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасында 2021-жылдын апрель айында, андан кийин 2022-жылдын сентябрь айында каргашалуу окуялар катталды. Бул каргашалуу окуяларда 99 жаран курман болуп, орду толгус оор жоготуулар болду, 500гө жакыны жараат алды. Мындан сыткары үйлөр, социалдык объектилер талкаланган. Президент бул окуялардан кийин облусту калыбына келтирүү иштери толук кандуу жүргүзүлгөнүн билдирди. Ал эми жергиликтүү жашоочулар кандай ойдо?

Бактыбек Салимбеков Баткен облусунда жашаган активисттердин бири. Ал кандуу окуялардан кийинки эки жылда кандай өзгөрүүлөр болгондугун айтып берди.

«Чек араны бекемдөө боюнча иштер жүрүп жатат. Аскерлер көбөйтүлдү. Жаңы заставалар курулду. Бүгүнкү күндө да курулуп жатат. Чек ара маселеси чечилип жатат деген менен эч бир расмий органдардан жерлердин такталганы тууралуу маалымат берилбеди. Бул боюнча ишти комиссия өзү эле жүргүзүп жатат. Жергиликтүү элдин, бийликтин байланыш жок. Кеңеш да алган жок».

2021-жылдын 29-апрелинде тажик тараптын Баткен облусунун Лейлек районуна куралдуу кол салуусунан 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык обьект, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган.

Мындан сырткары үйлөр тонолуп, короодогу мал уурдалып, 12 унаа турган жеринде күйүп кеткен. Баткен облусу боюнча келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 1 млрд 337 млн 897 миң 831 сомду түзгөнү айтылган.

Тажик тараптын Баткен облусунун Лейлек районуна куралдуу кол салуусунан эң көп Максат айылы жабыркаган. Аталган айылдын тургуну Жумагул Ташбаев мамлекет берген убадасын акырындап аткарып жатканын, бирок көпчүлүк тургундар кооптоонуп айылга кайта электигин айтат.

«Максат айылы боюнча үйлөр бүтүп калды. Эл бирок кире элек. Мектеп, бала бакча да оңдолуп бүттү. Азыркы учурда иштеп жатат. Бирок тургундардын кээ бири келип, айрымдары келе элек. Мамлекет берген убадасын аткарганга аракет кылып жатат. Эки жыл ичинде өзгөрүүлөр бар. Бирок чек ара чечилгиче, дагы деле кооптоонуу бар. Ошондуктан азыркы учурда эл аз».

Кагылышуунун кесепеттерин жоюу максатында прзиденттин эки жарлыгы чыккан. Аларга ылайык, жарандардын талкаланган турак жайларын калыбына келтирүүгө мамлекеттин бюджетинен 1 млрд 385 млн 670 миң сом бөлүнүп берилгени кабарланган.

Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов учурда кыргыз-тажик чек ара макселесин чечүү максатында атайын комиссия иштеп жатканын айтты.

Ал Баткен эли үчүн мамлекет тарабынан бардык тармак боюнча колдоо көрсөтүлүп, бирок чек ара маселесин чечүү кечеңдеп жатканын кошумчалады.

«Эки жыл ичинде эки жолу Тажикстан тарап Кыргызстанга куралдуу кол салды. Анын кесепетинен жарандарыбыз жабыркап, курман болгондор да катталды. Мындан сырткары бир канча социалдык объекттер талкаланды. Бирок мамлекет тарабынан облуска өзгөчө макам статусу берилди. Анын ичинде чек арага жайгашкан айылдарга өзгөчө чек ара статусу берип, бардык тармакта колдоо көрсөтүлүп келе жатат. Ошол эле учурда Баткен өнүктүрүү фонду жакшы программаларды ишке ашырып жатат».

Бүгүн президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууларда курман болгон жарандарды эскерүүгө байланыштуу кайрылуу кылды.

Президент биринчи жолку кагылышуудан кийин мамлекет чыйралып, чек ара коопсуздугун бекемдөө максатында кечиктирилгис чараларды кабыл алганын айтты. Өлкө тарыхында алгач ирет республикалык бюджеттен Куралдуу күчтөргө заманбап аскердик техника жана башка керектүү жабдыктар сатып алынды жана натыйжада экинчи жолку кагылышууда татыктуу жооп кайтарылып, мизи майтарылып, көптөгөн курмандыктардын болушуна жол берилбегенин билдирди.

Коомдук ишмер Досбол Нур уулунун айтымында, өкмөттүн берген тапшырмаларын убагында аткарбагандар ишти артка тартып жатат.

Ал тапшырма алгандардын арасында мамлекеттин акчасын Баткенге жумшабай, уурдагандар да бар экенин айтат.

«Өкмөт өзү жасабайт. Өкмөт тапшырма берет. Ал эми тапшырма алгандардын так аткарганы жана аткарбаган кашаңдар бар. Алар ар кандай себептер менен мамлекеттин акчасын жеп алып, өкмөткө шылтоолоп койгондор бар. 30 жылдын ичинде өзгөрүү чоң. Чек ара маселесине көңүл бурулуп жатат. Элди окуудан өткөрүп куралдандырыш керек. Жок дегенде үй-бүлөсүн коргосун. Ал эми Тажисктан ынтымакка келип, кайра айнып калган учурлары көп болууда».

2021-жылдын апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасында катталган кандуу окуяда Кыргызстандан 36 киши каза болуп, 154ү жараат алган.

2022-жылы 14-17-сентябрдагы чек ара окуясында 62 кыргызстандык шейит кетип, 200гө жакын адам ар кандай жараат алды. 600дөн ашык коомдук имарат жана турак үй өрттөлүп, талкаланган.

Copyright © 2017 Maral FM