Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Бомба коюлду» деген билдирүүлөр чет өлкөлөрдөн келүүдө

Коом , Саясат | 26 Апр 2023 | 467 | 0

Бүгүн, 26-апрелде эртең менен Бишкек шаарында бир катар мектептерге «бомба коюлганы» тууралуу маалымат түшүп, окуучулар, мугалимдер эвакуацияланган. Мындай окуя соңку аптада эле экинчи ирет кайталанды. Бул маселелердин акыркы кезде көп кайталанышы коомчулукту дүрбөлөңгө салууда. Ал эми тиешелүү органдар иликтөө жүрүп жатканын, бомба тууралуу билдирүүлөр чет өлкөлөрдөн келерин билдирген.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы эртең мененки саат 8:07 чамасында Oxford International School мектебине, Рефал атындагы жеке менчик мектепке, ошондой эле  № 4, 63, 90, 33, 51, 17, 67 жана 62 орто мектептерине «бомба коюлганы» тууралуу кабарлама алган. Иликтөө жүргүзүү үчүн окуучулар, мугалимдер, башка кызматкерлер сыртка чыгарылган. Изилдөөнүн жыйынтыгында кооптуу эч нерсе табылган эмес.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын инспектору Бактыгүл Акматалиева бомба коюлганы тууралуу маалыматтар бир гана мектептерге эмес, жогорку окуу жайларга да түшкөнүн айтып, тиешелүү иштер жүргүзүлгөнүн маалымдады.

«Бомба коюлганы тууралуу маалыматтар 10 мектептен сырткары, Жусуп Баласагын атындагы КМУга, Борбордук Азиядагы Америка университетине жана Бишкек мамлекеттик университетине да түшүп, тиешелүү иштер жүргүзүлдү.

Бишкек шаарынын ИИББи эскертет: «бомба» жөнүндө билдирүү менен сиз коомдук коопсуздукка кол салып, уюмдардын жана ишканалардын нормалдуу ишин бузуп, укук коргоо органдарынын олуттуу күчтөрүн жана каражаттарын башка жакка буруп, конкреттүү жарандардын кызыкчылыгына зыян келтиресиз.

Сиз «бомба» (террордук акт) тууралуу жалган маалымат таратарыңыз менен кылмыш аяктаган деп эсептелет. Мындай кылмыштар ар кандай жасалышы мүмкүн: оозеки, жазуу, уюлдук телефон менен чалуу, интернет мейкиндигинде билдирүү аркылуу. Көп учурда маалымат жашыруун берилет, бирок, кылмыш-жаза жоопкерчилиги үчүн кылмышкер өзү жөнүндө маалымат бердиби же жокпу, бул маанилүү эмес, баары бир жоопкерчиликке тартылат».

Бишкектин тургуну Тынымкандын үч баласы борбор калаанын мектептеринин биринде окуйт. Анын айтуусунда, балдары окуган мектепте бомба тууралуу жалган кабар үчүнчү ирет кайталанып, балдардын окуусу үзгүлтүккө учурап жатат. Ал укук коргоо органдары тарабынан маселе чечилбей жатканын сындады.

«Биздин мектепте экинчи жолу «бомба коюлду» деп чыгып жатат. Балдарыбызды эвакуация кылып, ата-энелерге чалып, «азыр келип балдарды алып кеткиле» деп айтып жатышат. Жумуштарыбызды калтырып, мектепке чуркайбыз. Деги тынч окушабы балдар? Улам сайын эле бомба деп, сабактары болбой калып, окушпай да калды. Эртең менен балдарды окууга жөнөтүп жатып, «бүгүн тынч окуп келишсе экен» деп тилеп калдык. Эмнеге мындай болуп жатты экен, чечилип калса жакшы болмок».

Борбор калаанын жогорку окуу жайларынын биринин студенти Аида университеттте бомба коюлганы тууралуу кабарлардан кийин тайпасы менен окууга баруудан чочулап калганын айтып берди.

«Биз группалаштарыбыз менен Whatsapp тайпасында жазышып жаттык: «Эмнеге мындай болду калды экен? Ким тарабынан жасалды экен?» — деп баары кыжалаат болуп жатышты. Чындап эле коркуп калдык. Эки күн окууга барган жокпуз, бирок эртеси баргандан кийин «тынч эле болсо экен» деп чочулап калдык».

Бишкекте 18-20-апрель күндөрү да бир катар окуу жайлардын жана мектептердин имаратына бомба коюлганы тууралуу кабар түшкөн. Мындан улам бардык имараттагы адамдар эвакуацияланып, сапёрлор барган. Текшерүү учурунда эч кандай жарылуучу зат коюлбаганы маалым болгон.

Өткөн жумада бул маселе парламентте да көтөрүлүп, депутаттар атайын кызмат эмне иш аткарып жатканын сураган.

Парламент депутатынын суроосуна жооп берип жатып, УКМКнын төрагасынын орун басары Айбек Шаменов билдирүү чет өлкөлөрдөн түшүп, аны тараткандарды аныктоо мүмкүн болбой жатканын түшүндүргөн.

«Электрондук катты жөнөткөн аккаунт Орусия же Украинанын аймагында катталган. Азыр кызматташуу аркылуу аларды аныктап чыгуу үчүн аракеттер көрүлүп жатат. Алар аныктап берсе, биз андан аркы иштерди аткарабыз. Маселе бир күндө түзүлүп, кат жөнөтүлгөндөн кийин кайра жок болуп кеткен аккаунттарда болууда. Алар катты түрдүү даректерден жиберип, биздин ишке кыйынчылык жаратууда».

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова УКМК иликтөө иштерин күчөтүү керек деп эсептейт. Муну менен бирге мектептеги директорлор жоопкерчиликтүү иш алып барып, күзөтүү кызматын күчтөндүрүшү керектигин белгиледи.

«Мында мектептердин өзүндө да күнөө болуп жатат. Мисалы, биз, ата-энелер, күзөтчүгө деп акча чогултуп берип жатпайбызбы, күзөтчүлөрдү күчтөндүрүп, катуу көзөмөлгө алуу керек. Экинчиден, мектепке окуучулардан башка эч кимди киргизбөө зарыл. Балдардын коопсуздугу үчүн эч кимди киргизбей, эшиктерди жаап салуу керек. Үчүнчүдөн, мектептердин бардык жагына камераларды орнотуу зарыл. Көп мектепте камералар бар, бирок алар иштебейт. Ошондуктан маселелер жаралууда».

Бүгүнкү күндө маалымат каражаттарынын жогорку деңгээлде өнүгүп жатышы ушул сыяктуу коркунучтар, террордук, экстремисттик чакырыктар, ыплас иштер менен алектенген адамдарды күн санап көбөйтүүдө.

Мындай пикирин коопсуздук маселелери боюнча эксперт Артур Медетбеков билдирип, экстремисттик топтордун мүчөлөрү үчүнчү өлкөлөр аркылуу Кыргызстанда болуп жаткан көрүнүштөргө каршы, же болбосо коркутуу-үркүтүү, башаламандык кылуу максатында ушундай кадамдарга барып жатканын түшүндүрдү.

Ал маселени чечүү кыйынчылыктарды туудурарын, бирок чечсе болорун белгиледи.

«Электрондук почтага билдирүү кайсы мамлекеттен келсе, биздин укук коргоо органдары ошол мамлекеттеги кесиптештери менен келишим, мамиле түзүп, алар менен биргелешип, бизге түшүп жаткан ар кандай маалыматтарды алар аркылуу иликтесе болот. Жок дегенде бир-эки аккаунтту таап алса, андан кийин маселени чечүү оңой болот». 

Мындан сырткары Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бүгүн Токмок шаарындагы Борбор Азия эл аралык университетинин колледжинин студенттери жана кызматкерлери эвакуацияланган. Аталган окуу жайдын электрондук почтасына имаратка бомба коюлганы тууралуу билдирүү келгени такталды.

Copyright © 2017 Maral FM