Биз менен байланышыңыз

Быйыл жер семирткичтер салыштырмалуу арзан сатылууда

Коом , Экономика | 26 Апр 2023 | 523 | 0

Быйыл өлкөдө айдоо-себүү иштери кеч башталды. Учурда Нарын облусунан сырткары бардык аймактарда жазгы талаа жумуштары жүрүп жатат. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, өлкө боюнча 651 миң 200 гектар жерди айдоо пландалган. Бүгүнкү күндө анын 394 миң гектарына эгин эгилди. Министрлик быйылкы үрөн, жер семирткич, күйүүчү-майлоочу май боюнча маалымат берди. 

Кыргызстанда ушул күндөрү айдоо-себүү жумуштары жүрүп жатат. Айыл чарба министрлигинин дыйканчылыкты өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Адилет Нарынбеков түштүк аймактарда эгин айдоо аяктап калганын айтты.

Ошондой эле быйыл үрөндүн жана жер семирткичтердин көлөмү жетиштүү деп ишендирди.

«Нарын облусунда аба ырайына байланыштуу баштала элек. Өлкө боюнча быйыл 651 миң 200 гектар жерди айдоо планы коюлган. Бүгүнкү күндө 394,2 миң гектар жер айдалды. Ал эми арпа-буудай учурда 247,8 миң гектар жерге айдалды. Бул жалпы белгиленген аянттын 71 пайызын түзөт. Былтыр мамлекеттен каражат бөлүнүп, Орусиядан үрөн алып келинген. Былтыр да себилген. Азыркы учурда да себилип, аймактарга таратуу иштери жүрүп жатат. Үрөн жагынан маселе жаралган жок».

Министрликтин өкүлү айыл чарба иштерине керектелүүчү күйүүчү-майлоочу май мамлекет тарабынан атайын жеңилдик менен берилип жатканын кошумчалады.

«Күйүүчү-майлоочу май жагынан да жакшы колдоо болууда. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу быйылкы жылга да арзан баада дизель берүү буйругу чыккан. Бүгүнкү күндө жалпы жазгы талаа жумуштарына 3 млн 466 миң 600 литр май дыйкандарга берилиши пландалып, учурда 2 миллиондон ашыгы берилип бүттү. Бир литр майдын баасы 65 сомдон деп белгиленген. Азыркы учурда бир литрдин баасы 72 сомдун тегерегинде болуп жатат. Ал эми мамлекет тарабынан жеңилдик катары бардык аймакта 65 сомдон сатылып жатат».

Былтыр жер семирткичтердин баасы эки эсе кымбаттаганы дыйкандарды түйшүккө салган. 2021-жылы орто эсеп менен 22 сом болсо, 2022-жылы 45 сомго чейин жогорулаган. Жер семирткичтердин кымбатташы дыйкандардын нааразычылыгын жаратып, мамлекеттен арзандатып берүүнү суранышкан.

Ал эми быйыл жер семирткичтер былтыркыга салыштырмалуу 20 сомго арзан сатылып жатканын Кыргыз жер семирткич ташып келүү ассоциациясынын төрагасы Эрлист Акунбеков билдирди.

Анын айтымында, быйыл былтыркыга салыштырмалуу дыйкандардын 1 млрд 220 млн сому үнөмдөлдү.

Акунбеков жыл башында Өзбекстандын компаниясы Кыргызстанга 100 миң тонна минералдык жер семирткич жеткирүү боюнча келишимге кол коюлганын айтты.

Марттын ичинде Өзбекстандан Кыргызстанга 20 миң тонна минералдык жер семирткич, тагыраагы, 10 миң тонна карбамид, 10 миң тонна селитра жеткирилди.

Калган бөлүгү апрель айынан июль айына чейин кезек-кезеги менен 20 миң тоннадан жөнөтүлүп турат.

«Быйыл жазгы талаа иштери былтыркыга салыштырмалуу кечирээк башталды. Бул аба ырайына байланыштуу болду. Дыйкандар үрөн сээп бүтө элек. Бүгүнкү күндө 65%ы гана жетишип жатат. Учурда жер-жерлерде айдоо иштери жүрүүдө. «Бай Дыйкан» компаниясы менен Өзбекстандын «Узкимёимпекс» компаниясы Кыргызстанга 100 миң тонна минералдык жер семирткич жеткирүү боюнча келишимге кол коюшту. Учурда жер семирткичтер келип жатат. Быйыл арзан. Былтыркыга салыштырмалуу 1 кг 20 сомго арзан. Былтыр өкмөт аралаша коюп, күйүп калышкан».

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары парламенттин жыйындарында дыйкандардын маселелерин көтөрүштү. Алардын бири депутат Мирлан Самыйкожонун айтымында, жазгы талаа жумуштары башталган учурда суунун жетишсиздиги ар бир аймакта чечилбеген көйгөй бойдон калууда.

Эл өкүлү өкмөттүн жазгы талаа иштерине көргөн даярдыгын сынга алды.

«Жазгы талаа иштерине даярдык көрүүдө алгач ирригация болушу керек. Өкмөттөн аймактарга солярканын, жер семирткичтердин, ошондой эле үрөндүн жеткирилиши боюнча да маселелер бар. 65 сомдук солярка айылдарга жеткиче 85 сомго чейин көтөрүлүп жатат. Бул маселелерди өкмөт да жакшы карашы керек. Дыйкандарга солярканын баасы 65 сомдон жетип калса, жакшы болот».

Өлкө аймагында 600 дыйкан чарба жана 3 миңден ашуун фермердик чарба бар. Кыргызстанда айыл чарба тармагына бир дыйканчылык мезгили үчүн 276 миң тонна минералдык жер семирткич керектелет. Анын ичинен 156 миң тоннасы азот. Жер семирткичтерди ташуу боюнча 7 жеке ишкер жана бир ассоциация иш алып барат.

Кыргызстан боюнча биринчи жазгы талаа жумуштары үчүн план боюнча 1-мартка чейин 50 миң тонна жер семирткич чачуу керек болчу. Алар Орусиядан, Казакстан жана Өзбекстандан ташып келинет.

Copyright © 2017 Maral FM