Connect with us

Орусиянын сүт боюнча чечими мамлекеттикпи же жеке кызыкчылыкпы?

Дүйнө , Коом , Саясат | 24 Апр 2023 | 416 | 0

21-апрелден тарта Орусиянын Айыл чарба боюнча федералдык кызматы Кыргызстандын сүт азыктарын өлкөсүнө киргизүүгө тыюу салды. Буга Кыргызстанда сүт тармагын толук көзөмөлгө алуу системасы жок деген жүйө келтирилди.

Ал эми Кыргызстандын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы буга байланыштуу Орусиядан расмий кат келе электигин билдирип жатат.

Жергиликтүү сүт заводдор сүт азыктарын кандай сапатта чыгарып жатышат? Мунун аркасында саясат жокпу?

Расмий жарыяланган маалыматтарга ылайык, Россельхознадзордун кызматкерлери 10-16-апрелде Кыргызстандагы сүт ишканаларын жана чийки зат базаларын текшерип, жыйынтыгында эреже бузуулар бар экенин аныкташкан.

«Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргызстанда сапатты жана коопсуздукту камсыздаган тиешелүү органдардын иши натыйжалуу эместиги аныкталды. Кыргыз ишканаларында чийки зат кайдан алынарын аныктаган система жок. Компаниялар документи жок сүттү алат, ошондой эле өнүм белгиси (маркасы) жок сакталат», — деп билдирген алар.

Кыргызстандын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчи орун басары Бакыт Шарапов Орусиянын Айыл чарба боюнча федералдык кызматынан Кыргызстандын мамлекеттик мекемелерине эч кандай документ же кат келбегенин айтты.

Мындан сырткары ал текшерүүгө келген комиссиянын өкүлдөрү сүт заводдордун ишмердүүлүгүнө жана сүттүн сапатына жакшы баа берип, ыраазы болуп кетишкенин белгиледи.

«Орусиядан келген өкүлчүлүк завод, ишканаларды текшергенден кийин бизде таза сүт ири көлөмдө өндүрүлүп жатканына ынанышты, сүттүн сапаты жакшы экенине баа беришти, ишканалар заманбап жабдыктар менен жабдылышына да таң калып, жакшы сөздөрдү айтып кетишти. Бир-эки майда ката, кечиликтерди айтышты, а бирок жүйөлүү себептерди айтышкан эмес. Тыюу салуу боюнча чечим интернетке чыккандан кийин бизге келген өкүлчүлүктүн мүчөлөрү менен телефон аркылуу сүйлөштүк. Алар өздөрү таң калып, «Андай болбошу керек эле, эмнеге мындай чечим чыккан болду экен? Силерде бардык шарт жакшы болгон. Жогору жактагылар ушундай чечим чыгарса, анда ушундай болуп калыптыр», — деп айтышкан».

Чүй облусундагы сүт заводдордун биринин өкүлү Сыргак Орозкулов Кыргызстанда лабораториялар салынбай калганын, буга байланыштуу сүттүн сапатында маселелер бар экенин моюндады. Муну менен катар сүттү заводдорго өткөргөн тургундар ар кандай кошулма жана антибиотиктерди кошуп саткан учурлар бар экенин белгиледи.

«Негизи бизде көйгөйлөр бар. Аларды четке кагууга болбойт, моюнга алуу керек. Өлкөдө керектүү лабораториялар салынган жок. Мисалы, жыл сайын эттен, сүттөн зыяндуу заттар же антибиотиктер чыгып калат. Ал эми ири ишканалардын лабораториялары бар, алар албетте, текшеришет. Аларга киреше алып келген кардарларын ууландырбайт да. Ошондуктан таза иштегендер да бар, аны менен катар эле сапатсыз өндүрүп жаткандар да жок эмес».

«Сүт» агроөнөр жай класстеринин жетекчиси Бекжан Турганбаевдин чарбасын Орусиядан келген өкүлдөр текшерип, жакшы баа берип кетишкен. Ал кыргыз сүтү таза жана сапаты жакшы экенин, Казакстанда кыргыз сүтү биринчи орунда турарын, көптөгөн суроо-талапка ээ экенин белгиледи. Бирок кантсе да Орусиянын сыны пайдасын тийгизерин айтып, мындай түшүндүрдү:

«Бир четинен сын-пикир айтылып жакшы болду. Сүттү кайра иштетүүчү заводдордун ишмердүүлүгүн тартипке салып, сүт чогулткандар да жоопкерчиликтүү мамиле кылып калышат. Бул сындар биз үчүн жакшы эле пайдасын тийгизет. Өзүбүздүн кемчиликтерибизди көрүп, оңдоп, келечекте туура нукта иш жүргүзүп калабыз».

Сүт маселесине байланыштуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 24-апрелдеги жыйынында маселе көтөрүлдү. Анда айыл чарба министринин орун басары Нурдин Алишеров сүт маселесине байланыштуу кыргыз өкмөт өкүлдөрү Москва шаарында жүргөнүн, сүйлөшүүлөр өтө турганын кабарлады.

«Сүт боюнча Россельхознадзордун чечими чыккандан бери иштер жүргүзүлүп жатат. Айыл чарба министринин бир орун басары учурда Москвада. Ал Россельхознадзордун башчысы менен жолугат. Ал жерде биздин элчи да болот. Жыйынтыгы боюнча маалымат берилет. Сүт азыктарынын 73%ын Казакстанга экспорттойбуз. Калганын Орусияга, Өзбекстанга жөнөтөбүз. Учурда Өзбекстанга экспортту көбөйтүү жаатында иштер жасалып жатат».

Ушул айдын башында Орусиянын Айыл чарба боюнча федералдык кызматы «Тойбосс» компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы табылганын билдирип, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл кызматтарынын ишин чабал деп баалаган. Бул доомат катуу нааразылык пайда кылып, «Тойбосс» компаниясы адал азыктарды гана чыгарарын билдирген.

Февраль айында ушул эле кызмат Кыргызстандын балыктарынан да зыяндуу заттар табылганын айтып чыккан.

Айрым талдоочулар орусиялык мекемелердин удаалаш билдирүүлөрүн атайын жасалган экономикалык тоскоолдук деп мүнөздөп жатышат.

Эл аралык мамилелер боюнча серепчи Эсен Өмүракундун пикиринде, Орусия мындай аракеттери менен өз саясатын жүргүзүп, Кыргызстанга каршы экономикалык ыкмаларды колдонуп жатышы мүмкүн.

«Бул жерде мамлекеттик саясат турабы же жеке кызыкчылык мамлекеттик саясатка таасир берип жатабы, ошону кароо керек. Себеби, ошол эле кыргызстандык «ТойБосс» компаниясынын ишмердүүлүгүн, алар таза иштегенин баарыбыз билебиз. Бул учурда сүт азыктары боюнча да жеке кызыкчылыктар Орусиянын саясатына таасирин берип жатышы мүмкүн.

Орусиянын дүйнөлүк, эл аралык санкцияларын Орусияга каршы колдонууга биз тоскоол болуп жатсак, биз аркылуу Батыштын продукциясы, Батыш тыюу салган продукциялар Орусия тарапка өтүп жатканы боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатса, Орусия алдын ала басым көрсөтүп коюшу мүмкүн. Анткени Орусия дайыма ушундай саясатты карманып, мигранттарды, мунай, газ продукцияларын курал катары колдонуп келет».

Кыргызстанда жыл өткөн сайын сүттүн көлөмү көбөйүп жатканын Улуттук статистика комитети билдирген. Андагы маалыматка таянсак, 2021-жылы 1 млн 698 миң тонна, 2022-жылы 1 млн 734 миң сүт өндүрүлгөн. Анын 3000-4000 тоннасы заводдо иштетилип, өндүрүлгөн азыктын жарымы экспорттолот.

Copyright © 2017 Maral FM