Биз менен байланышыңыз

21-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 20 Апр 2023 | 176 | 0
Сүрөт: Султан Досалиев

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 21-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Чүй облустарында жаан жаашы мүмкүн, Талас жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15;

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +15…+17 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM