Бүгүн, 19-апрелде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жана жашыл экономика» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.
Жыйында атайын адистер, талдоочулар жашыл экономиканы жана тоолуу аймактарды өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктарды, аны чечүү жолдорун, жеке сектордун туруктуу өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.
Илимий-практикалык конференция тоо экосистемаларын жана жашыл экономиканы туруктуу өнүктүрүүнүн актуалдуу көйгөйлөрүн, жолдорун талкулоо максатында өткөрүлдү.
Кыргыз улуттук университетинин ректору Төлөбек Абдрахманов аталган иш-чарага башка өлкөлөрдүн окумуштуулары келип тажрыйбалары менен бөлүшөрүн билдирди.
«Бүгүнкү илимий-практикалык конференцияга башка мамлекеттерден келген окумуштуулардын жана биздин кыргыз окумуштууларынын илимий баяндамаларында жакшы идеялар, пландар жана сунуштар айтылат деп ойлойм. Ал эми иш-чаранын алкагында резолюция кабыл алынып, өкмөткө жана башка мамлекеттик органдарга сунуштар берилет».
Учурда коопсуз жашоо түзүү үчүн экологиялык тобокелдиктерди азайткан өндүрүштүк күчтөрдүн бардык тармагын кайра багыттоо зарылчылыгы келип чыгууда. Мындай пикирин Кыргыз география коомунун президенти Саламат Аламанов билдирди.
Анын айтымында, экологиялык көйгөйлөр аймактардын келечектеги туруктуу өнүгүүсүнө коркунуч туудурат. Ушуга байланыштуу жашыл экономика келечекте туруктуу өнүгүүнүн перспективдүү вектору болуп саналат. Жаңы идеяларды, инновацияларды жана IT технологияларды киргизүү энергияны жана ресурстарды үнөмдөөгө өбөлгө түзөт, жаңы багыттардын өсүшү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
«Туруктуу өнүгүү деген түшүнүк — табигый ресурстардан өзүбүздүн муктаждыктарыбызга жараша байлыктарды алып пайдалануу. Бирок эң негизги максат, келечек муунга өзүбүз пайдаланып жаткан чөйрөнүн жок дегенде сапатын калтырышыбыз керек. Эгер биз акылдуу болсок, ошол чөйрөнү жакшыртып туруп, келечек муунга өткөрүп беришибиз керек. Бул дүйнөлүк концепция, туруктуу өнүгүүнүн маңызы да мына ушунда болуп жатат.
Ал эми жашыл экономика биринчи иретте, биз пайдаланып жаткан азык-түлүктө, экинчиден, биздин кийген кийимибизди деле колдонсо болот. Бардыгы химиялык кошулмалар менен байытылып, кандайдыр бир көпкө чыдагандай материалдар менен жасалып жатат. Бул адамдын жашоо деңгээлин жогорулатканы менен ден соолугуна тескери таасирин тийгизет.
Жашыл экономика дегенибиз, ар бир өндүрүмдү табигый ресурстун негизинде өндүрүү идеясы. Башкача айтканда, мурдагы адамзат жашап келген чөйрөнү калыбына келтирүү. Менин оюмча, бүгүнкү конференцияда ар түрдүү маселелер талкууланат. Эгер алгылыктуу ойлор болсо, мамлекет сөзсүз колдоого алып, жакшы иштерди өбөлгөлөйт деген үмүттөбүз».
Профессор Темир Кулматов Кыргызстандын жашыл экономикасын жана тоолорун туруктуу өнүктүрүүгө кайсы көйгөйлөр тоскоолдук кылып жатканын түшүндүрдү.
Анын айтымында, эң биринчи көйгөй – бул абанын булганышы. Буга себеп болгон дагы эле көмүр жагып жылытылган үйлөрдүн жылуулук системасын электр энергиясына өткөрүлбөгөнүнөн көрөт. Ошол эле кезде энергияга бай өлкө болуп туруп, электр жылуулукка өткөрүлбөгөнүн себеби электр станциялардын жетишсиздиги болуп жатат.
«Ал эми экинчи көйгөй, «Жашыл мурас» өнөктүгүнүн алкагында жакшы иштер алып барылып жатат. Былтыркы жылдан бери көчөттөр, бак-дарактар отургузулуп, отчёт берип жатышат. Бирок ошол көчөттөрдү отургузардан мурун аны билип тигүү керек. Мисалы, бул дарак бул жерге туура же ылайыктуу деген сыяктуу, бизде болсо көрүнгөн жерге отургузуп коюп, анын жарымынан көбү көктөбөй калып жатат.
Дагы бир көйгөй, жайыттарды туура пайдалануу. Мурунку совет учурунда жайыт маселеси көзөмөлгө алынчу, азыр жеке менчикке өткөндөн бери эл да малын айылдын тегерегинен чыгарбас болду. Мен өзүм Ак-Сайды көрүп келдим, анын бийик тоолорунда бир да малдын изи жок, өзүңөр билгендей Ат-Башыда мал көп. Айылдын тегерегин болсо тытып коюшуптур, муну менен айткым келгени бир жери таптакыр каралбай калып жатат, бир жерин болсо тыттырып жатышат».
Адистердин айтымында, жыл сайын туруктуу экономикалык кызматташуунун аркасында тоолуу аймактарды өнүктүрүү деңгээли артыкчылыктуу болуп келе жатат. Жашыл экономика аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук максаттарды жана стратегиялык милдеттерди ишке ашыруунун негизги инструменттерин түзөт. Кыргызстандын түгөнгүс жаратылыш деңгээли жашыл өсүү моделин ишке ашырууга жана тышкы саясий аренада алдыңкы экоөлкө катары чыгууга мүмкүндүк берет.
Эл аралык конференциянын алкагында КУУнун Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Адал индустрияны өнүктүрүү борбору «Экотехнолоджис» ЖЧКсы менен меморандумга кол койду. Мындан ары тиешелүү мамлекеттик органдарга жана өкмөткө сунуштар берилери айтылды.