Connect with us

Токмок мэринин камалышы: Мамлекеттеги түшүнүксүз кадр саясаты

Саясат | 18 Апр 2023 | 573 | 0

Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасындагы коррупцияга шектелип камакка алынды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аталган ишканадан 130 миллион сомдук зыян аныкталганын билдирди. Самаевдин камалышы саясий чөйрөдө да, коомчулукта да ар кандай пикирлерди жаратты. Самаевдин жакындары жана жактоочусу окуя боюнча комментарий бере элек. 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин кармалышы боюнча 18-апрелде расмий маалымат таратты.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, Самаевдин «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экени аныкталган. Тактап айтканда, Токмок шаарындагы жеке үйлөрдү борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошуп, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгүн алып турган.

Самаевдин камалышы коомчулукта түрдүү пикир жаратып, өлкөдөгү кадр маселеси күн тартибине чыкты.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев соттун чечими белгилүү болмоюнча күнөөлүү деп айыптоодон алыс болууга чакырат. Ал буга чейин Самаев менен иштешкенин, анын акчага болгон умтулуусун байкабаганын айтат.

Депутат бул окуяга байланыштуу мэрияга караштуу «Токмок жылуулук» ишканасынын жетекчиси да жоопкерчиликке тартылышы керектигин белгиледи.

«Соттун чечими чыгып, күнөөсү мойнуна илингенге чейин кайсы бир жаранды күнөөлүү деп алдын ала айтуу анын укугун тебелегендикке жатат. Урмат Самаев менен жеке иштешип калгам. Акчага умтулуп, артынан чуркаганын көргөн эмесмин жана байкаган жокмун. Ошондуктан аны күнөөлүү же күнөөлүү эмес дегенден алысмын. Бардыгы соттун чечими менен болушу керек. Ар бир шаардык мэриянын астында ишканалар бар. Бул окуяга тийиштүү ишканалардын жетекчилери да жооптуу экенин унутпашыбыз керек».

Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыкова Самаевдин мэр болуп тургандагы ишмердүүлүгүн сынга алды.

Ал буга чейин мэрдин үстүнөн арыз жазып, мыйзам бузуп жатканы тууралуу шаардык прокуратурага бир канча жолу кайрылган. Бирок андан майнап чыккан эмес.

«Бул бала сабатсыз, билим деңгээли төмөн болчу. Кандай жол менен мэр болуп келгенин баарыбыз билебиз. Ал буга чейин көп жолу мыйзам бузган. Буга байланыштуу бир нече жолу прокуратурага арыз менен кайрылгам. Мурда соттолгон кызматкерлерди жумушка ала берген. Чындыгында мен аны күнөөлүү деп эсептейм. Азыр УКМК мэрияны толугу менен текшерип жатат. Андагы тендерлерди да карап жатат. Ошондон деле чоң жыйынтык чыгат деген ойдомун. Самаевди Токмоктун тургундары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары таанышат».

Жалпысынан кадрдык саясат азыркы бийлик келгенден тарта аралаш болуп кеткенин саясат таануучу Эмил Жороев билдирди. Ал кадр саясаты аксап, ар кандай күтүүсүз, түшүнүксүз дайындоолор болуп жатат деген ойдо.

«Акыры кезде президенттин, башка кишилердин туугандары ар кызматтарга дайындалып жатканы белгилүү. Ошондой эле ар кандай күтүүсүз, түшүнүксүз дайындоолор болуп жатат. Бирок ал адам да көп убакыт өтпөй кызматтан бошотулуп, ордуна башкалар келип жатат. Кадр тандоо саясаты чабалыраак болуп жатканы байкалууда. Бирок бийлик жаңы келгенде кадрлар күн сайын алмашчу. Азыр бир аз турукташып келе жатат. Бирок бул жаатта дагы да аракеттер көрүү зарыл».

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков белгилегендей, бүгүнкү күндө президент тарабынан дайындалган кызматкерлер коррупция менен кармалып жатканы өкүнүчтүү.

«Мамлекеттин кадр саясатын иретке келтирип, татыктуу адамдарды кызматка дайындайбыз» деген убадасы аткарылбай жатат.

«Учурда президент тарабынан дайындалган көптөгөн жогорку саясий кызматтагылар коррупция менен кармалып жатканы өкүндүрөт. Кызматка көрсөтүп жатканда президентке да бирөөлөр сунушташы мүмкүн. Ошондой эле президент өзү да кызматка коёт. Алардын кармалып жатканы коомчулукта ар кандай бүдөмүк ойлорду жаратууда. Кечээ Ош облусунда үч жогорку кызматкер пара алуу, саясий интрига, жер сатуу, коррупция боюнча айыпталып, кызматтан кетишти. Эми алар жоопкерчиликке тартылар-тартылбасын коомчулук күтүп жатат».

Урматбек Самаев Токмок шаарынын мэри болуп, 2021-жылы августта шайланган.

Ал күн мурун, 17-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM