Министрлер кабинети беш жыл ичинде Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун толук камсыздоону пландоодо. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Вашингтондогу тегерек столдун жүрүшүндө билдирди. Жапаров бул үчүн өлкөдө бир эле учурда мамлекеттик саясаттын бир нече багыттары тартылганын белгиледи. Тагыраагы, социалдык коргоо жана социалдык өнүктүрүү системасы, айыл чарбасы, суу ресурстарын башкаруу жана бюджеттик саясат. Бул пландар канчалык реалдуу?
Кыргызстандын Министрлер кабинети беш жыл ичинде өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун толук камсыздоону пландаштырып жатканын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтондо өткөн дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу боюнча тегерек столдо билдирди.
Жапаров азык-түлүктүн туруктуулугун башкарууда активдүү жана көп кырдуу багытка өтүү керектигин белгиледи.
Ошондой эле ал өлкөлөрдүн азык-түлүк туруктуулугун бекемдөөгө тийиш болгон эки багытты сунуштады.
Мурунку айыл чарба министри Тилек Токтогазиев айыл чарба тармагы экономиканын өсүшүнүн бир фактору экенин белгиледи.
Ал Кыргызстан өзүн толук азык-түлүк коопсуздугу менен камсыздай алышын айтып, бирок ага керектүү концепцияны иштеп чыгуу керектигин сунуштады.
«Азык-түлүк коопсуздугуна жалпы 9 өндүрүш кирет. Баарын 100 пайыз камсыздаганга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок кандай жолдор менен деген суроо туулат. Ошол эле Дубайды же Сингапурду алсак, аларда азык-түлүктүн көбүн өздөрү өндүрбөйт. Бирок алар азык-түлүк жагынан жогорку деңгээлде турат. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн 100 пайыз мамлекеттин ичинде өстүрүү же өндүрүү деген негизги максат эмес. Кыргызстанга жалпы эле айыл чарба боюнча концепцияны бекитүү керек. Расмий статистиканы алсак, жылына 600 миң тоннага жакын дан азыктары өндүрүлөт деп айтылат. Бирок бул маалымат чындыкка дал келбейт».
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан 2021-жылы 769 миң буудай керектесе, анын 393 миңи гана өлкөдөн чыгып, 376 миңи импорттолот. Тактап айтканда, 49% буудай сырттан сатып алынат.
Ошондой эле кумшекердин да 60%ы сырттан импорттолуп келген. 2021-жылы кыргызстандыктар жалпы 170 миң тонна кумшекер керектесе, анын 64 миңи менен гана өзүн-өзү камсыздаган. Калган 106 миң Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн импорттолгон.
Айыл чарба тармагы боюнча адис Турусбек Асаналиев азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган иштер азыркыдай улана берсе, беш жылдын ичинде эч кандай жылыш болбойт деген ойдо. Ал түшүмдүүлүктү көбөйтүү менен азык-түлүк коопсуздугун толук камсыздаса болорун белгиледи.
«Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо багытында өзүнчө баскычтар бар. Мисалы, буудай, күрүч жана башкалар. Буудай боюнча бир маселе бар. Эгер түшүмдүүлүктү көтөрсөк, ошондо өзүбүздү толук камсыздай алабыз. Ал үчүн эң биринчи өндүрүлүп жаткан буудайлардын сортун жакшыртуу керек. Мындар сырткары жерге бере турган азыктарды толук кандуу берүү керек. Түшүмдүүлүктү көтөрсөк гана өзүбүздү камсыздай алабыз. Азыркы учурда кандай дыйканчылык кылып жатышат. Учурда топуракка толук кандуу азык-заттарды беришкен жок».
Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарлары менен азык-түлүк коопсуздугу өздүк өндүрүштүн эсебинен: нан азыктары боюнча – 58,7 %, картошка – 192,5 %, сүт – 118,6 %, эт – 88,1 %, жашылча-жемиштер – 162,8 %, мөмө-жемиштер – 28,4 %, жумуртка – 53,9 %, өсүмдүк майы — 20,2 %, кум шекер — 58,5 %ды түзөт.
Ал эми Айыл чарба министрлигинин Азык-түлүк коопсуздук бөлүмүнүн башкы адиси Чолпонай Жолочу кызы бүгүнкү күндө өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында бир катар иштер аткарылып жатканын билдирди.
Ошондой эле ал алдыда бул боюнча кандай пландар коюлганы тууралуу маалымат берди.
«Азыркы учурда Кыргызстандын азык-түлүк камсыз кылуу максатында министрлик тарабынан лизингге техникалар берилет. Атайын долбоор менен 6 пайыздан жогору насыялар берилип жатат. Ошондой эле бул багытта 2023-жылдан 2027-жылга чейин «Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу» программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Министрлер кабинети тарабынан токтом долбоору иштелип чыгууда. Демилге 5 жылдын ичинде өзүнүн эң жакшы жыйынтыктарын берет деп баалап жатабыз. Анткени бул токтомдо бардык иш-чаралар камтылган».
Азык-түлүк коопсуздугу 3 негизден турат: физикалык жеткиликтүүлүгү, экономикалык жеткиликтүүлүгү жана азык-түлүктүн сапаты.
Кыргызстандыктар сатып алган азык-түлүктүн жарымынан көбү сырттан ташылып келет.
Кыргызстан азырынча эң керектүү делген кумшекер, картошка, нан азыктары, мөмө жана жер жемиштер, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү, өсүмдүк майы, сүт азыктары, эт азыктары, жумурткадан турган 9 азыктын үчөөсү менен гана өзүн-өзү камсыздап, сыртка экспорттой алат. Алар: картошка, сүт азыктары, жашылча-жемиштер.