Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Атадагы атмайдан четинен талкалана баштады

Саясат | 17 Апр 2023 | 525 | 0

Айыл чарба министрлиги «2022-2026-жылдарда таза кандуу жылкыларды көбөйтүү» программасын жазып чыкты. Учурда министрлик тиешелүү чарбалар менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Кыргызстанда 36 чарбага асыл тукум статусу берилген. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитети жылкы багуудагы эл аралык талаптардын сакталышы боюнча министрликтин маалыматын укту. Ошондой эле ипподромдордун абалы менен алардын каражат табуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинин бүгүнкү жыйынында «Эл аралык талаптарды сактап, таза кандуу асыл тукум жылкыларды каттоо (эл аралык сертификаттоо) жана эсепке алуу тутумун ишке киргизүү жөнүндө» Жогорку Кеӊештин токтомунун аткарылышы каралды.

Жыйында баяндама жасаган айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров билдиргендей, Кыргыз мал чарба жана жайыт изилдөө институту малдын генетикасын изилдөө боюнча Корея кызматташтык эл аралык агенттиги менен беш жылдык гранттык долбоордун негизинде заманбап ДНК изилдөөчү лаборатория курулат. Курулуш 2024-жылы январь айында башталат.

Министрдин орун басары Кыргызстандагы ат майдандары боюнча да маалымат берди. Анын айтымында, Ысык-Көлдөгү Бактуу-Долоноту ат майданын кайра курууга каражат керек. Ошол эле учурда мамлекеттик ишкана болгон ат майдандын 23 млн сом карызы бар.

«Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын карамагында Жалал-Абад облусунда «Телтору», Ош облусунда «Төлөйкөн», Ысык-Көл облусунда «Каракол» ат майдандары бар. Аталган ат майдандарды иштетүү үчүн жылына департаменттен 4 млн сом бөлүнөт. Анын негизи бөлүгү айлыкка кетет. Мындан сырткары Баткендин Халмион айылына жана Нарындын Эмгекчил айылына жаңы ат майдан куруу үчүн даярдык жүрүүдө».

Депутат Алишер Эрбаев Каракол, Чолпон-Ата жана Нарын шаарларындагы ипподромдор боюнча маселе көтөрдү. Ал ат майдандарды жылдын төрт мезгилинде 24 саат бою иштегендей ыңгайга келтирүүнү сунуштап, Чолпон-Ата шаарында курулган ипподромдун кароосуз калбашы керектигин белгиледи.

Ушул эле маселени депутат Балбак Түлөбаев көтөрүп, Чолпон-Ата, Каракол, Бишкек шаарларындагы ипподромдордун абалына өзгөчө көңүл буруп, иштөө принцибин өзгөртүү керектигин белгиледи. Ал белгилегендей, ипподромдор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өтүшү керек.

«Ипподромдорду эски советтик системадан чыгаруу керек. Караколдогу ат майдан ар тарабынан тешилип, талкаланып калган. Кара-Жал айыл өкмөтүндөгү 67 гектар жерди айыл өкмөтүнө берүү керек.Себеби ал ипподромдо бага турган малыңар жок. Айыл өкмөттүн жерин эски система менен жөн эле алып жүрөсүңөр. Караколдогу ат майданды заманбап шартка өткөрүү керек. Андагы сарайларды элге ижарага бериши керек. Ат майдан боюнча саясатты өзгөртүү керек. Чолпон-Атада эң сонун ат майдан курулуп, азыр четинен талкалана баштады. Мындай уникалдуу ат майдан Орто Азияда өтө аз. Ага тез арада көңүл буруп оңдобосо, жакында жоготобуз. Ансыз деле Бишкекте ат майдан жок. Азыр Бишкектеги «Аккула» ат майданы авариялык абалда турат, ошонун үстүндө отуруп алып, президент оюн-зоок көрүп жатат. Кулап кетсе эмне болот? Аны колдонбоо керектиги боюнча ӨКМдин чечими бар».

Депутат Максатбек Сарбагышев ипподромдордун чарбалык иши боюнча маселени көтөрдү. Ушул эле суроону комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев да берип, ипподромдордун иштеши үчүн натыйжалуу башкаруу керектигин белгиледи. Анын айтымында, Чолпон-Атадагы ипподромдун 24 млн сом карызы бар.

«Бүгүнкү күндө карызыңар 24 млн экен, кантип башкарып жатасыңар? Бир гектар алмадан канча пайда тапса болмок эле. 75 гектар алма багын эсептеп көргүлөчү? Бир гектардан бир миллион тапсаңар эле канча болот? Анан кантип 24 млн карызга кирип кеттиңер? Уюңар да, коюңар да, жериңер да бар. Биз жакында эле катты окудук, Каржы министрлиги банкрот  болгонун жарыялоосун жазыптыр. Бүгүнкү күндө ипподромдун абалы өтө начар. Акча бөлүнбөй, айлыктар төлөнбөй, ремонт кылынбай жатат. Эми жакшы салынган ипподромду жоготуп алышыбыз мүмкүн».

Чолпон-Атадагы ипподромдун жалпы аянты 373 гектар болуп, анын 146 гектары аңыз, 152 гектары шалбаа, 75 гектары алма бак, андан тышкары Бостериде 109 гектар аңыз, Садыр аке айыл аймагында 152 гектар аңыз, Семёновка айыл аймагында 37 гектар аңыз бар. Чолпон-Атадагы ипподром «мамлекеттик ишкана» макамында иш алып барып, чарбасында 100дөн ашык жылкы, 458 кой багат.

Талкуунун жыйынтыгында комитет бир айдын ичинде өлкөдөгү ат майдандардын маселесин чечүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM