Биз менен байланышыңыз

Ozon аянтчасы кыргызстандыктарга соода кылууга мүмкүнчүлүк берди

Коом , Экономика | 14 Апр 2023 | 758 | 0

Кыргызстанда акыркы убактарда Amazon, Wildberries, Ozon, Alibaba, eBay өңдүү онлайн соода аянтчаларында ишкердик кылгандар көбөйүп жатат. Мындай аянтчалар өз чөйрөсүндө «маркетплейс» деп аталат.

Буга байланыштуу 14-апрелде Бишкекте орусиялык Ozon маркетплейси тууралуу кыргызстандык ишкерлер үчүн электрондук коммерция боюнча алгачкы форум өттү. 

Иш-чарада Кыргызстанда электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн зарыл болгон каржылык төлөмдөр, транспорттук логистика, инфратүзүм, эл аралык аянтчаларда соода жүргүзүү жана Кыргызстандын брендин өркүндөтүү өңдүү маселелер көтөрүлдү.

Ишкер Назгүл Кыштобаева Ozon маркетплейси аркылуу соода кылып, жергиликтүү товарларды башка өлкөлөргө сатуу менен алектенип келет. Ал Ozon`дун башка маркетплейстерден айырмачылыктары жана артыкчылыктары тууралуу ой бөлүштү.

«Негизи бул тармакка 2019-жылы кызыга баштадым. Себеби кичинекей балам менен үйдө отуруп калып, дүкөндөргө чыкканга убакыт, мүмкүнчүлүк да болбой, Түркия жана Кытайдан товарларды буюртма берип сатып алып жаттым. Ошондо маркетплейс тууралуу угуп калдым. Башында Wildberries, OZON маркетплейстери жөнүндө маалыматтарды чогултуп, 2020-жылы катталганга мүмкүнчүлүк болду. Бирок бир жылга жакын киреше түшкөн эмес. Андан кийин менеджер болуп иштөөгө өтүп, азыр болсо ишкерлерге маркетплейс аркылуу товарларын сатууга жардам берип келем.

Wildberries менен OZON`дун айырмачылыгын айтсам, OZON`дун кызмат көрсөтүүлөрү ишкерлер үчүн ыңгайлуу. Мисалы, кандайдыр бир маселелер же суроолор жаралса, тез реакция кылып жардам беришет. Андан тышкары OZON`до ички жарнама бар, тагыраагы, ишкер өз товарларын жарнамаласа болот».

Маркетплейс – бул ар кайсы компаниялар товарларын саткан интернет-дүкөн, кенен соода аянтчасы.

OZON маркетплейси 23 жылдан бери рынокто иштеп келе жатат.

Аталган интернет-компания Орусиядагы электрондук коммерция тармагында экинчи орунда турат. Анын ушундай аталыштагы маркетплейсинде китептен баштап, азык-түлүк жана башка 20 категориядагы товарлардын 150 миллиондой түрү сатылат.

Өткөн жылдын декабрь айында эл аралык бизнести өнүктүрүүнүн алкагында Ozon Бишкекте сорттоочу борборду ишке киргизген. Анда буюртмаларды кабыл алуу, аларды комплектациялоо жана таңгактоо, кайтаруу иштери аткарылат.

«Кыргыз почтасы» ачык акционердик коому соңку жылдары OZON менен иштөөсүн күчөтүп, маркетплейстин товарларын Бишкектеги кеңселеринен берүүнү жолго койгон. Жаңы соода-логистикалык борбор аталган маркетплейстен Кыргызстанга келген товарларды сорттоого жана ыкчам жеткирүүгө мүмкүндүк берет.

Бул тууралуу аталган коомдун төрагасы Марат Черикчиев билдирип, маркетплейске чыгуу аркылуу кыргызстандыктарга чоң мүмкүнчүлүктөр ачыларын айтат.

«Маркетплейс Кыргызстандын аймагында өзүнүн логистикалык инфраструктурасын куруп жатат. Бул жергиликтүү сатуучулардын Орусия рыногуна чыгуусун жеңилдетүү жана Кыргызстандан товарларды тез жеткирүү үчүн зарыл. Ошондой эле бул участокто текстиль буюмдарынын жана чарбалык товарлардын ассортиментин кеӊейтүүгө жардам берет. Кыргызстанда логистикалык комплекстин ачылышы жергиликтүү ишкерлердин Орусия рыногуна чыгуусун жеңилдетет жана аларды аталган маркетплейстин Орусиядагы 35 миллион кардары бар аудиторияга сатууга мүмкүндүк берет».

Ушул жылдын аягына чейин кыргыз ишкерлери үчүн буюртмаларды кабыл алуучу атайын пункттардын саны 15ке жетет. Ал эми «Дордой» базарынын аймагында ири логистикалык борбор май айында ишке киргизилет.

КМШ өлкөлөрүндө OZON бизнесин өнүктүрүү боюнча жооптуу өкүлү Алексей Сапон июнь айында жергиликтүү ишкерлерди колдоо борбору ачыларын кабарлады.

«Июнь айында ишкерлерди колдоо борбору иштей баштайт. Анда адистер ишкерлерге товарларды сатууга байланыштуу бардык маселеде жардам берип, тактап айтканда, керектүү документтерди даярдоо, «жеке ишкер» же ЖЧК ачуу, карточкаларды толтуруу боюнча кеңештер берилет.

Аталган борборду ачуу менен кыргызстандык ишкерлерге маркетплейс аркылуу товарларды тезирээк сатууга жана кардарларды көбөйтүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Себеби OZON`дун 35 миллиондон ашуун туруктуу кардары бар».

Кыргызстандын ишкерлери үчүн Орусиядагы Ozon кампасынан сатуу, сатуучунун жергиликтүү кампасынан сатуу жана Ozon аркылуу жеткирүү, ошондой эле үчүнчү тараптын логистикалык кызматтары аркылуу жеткирүү өӊдүү бардык схема бар.

2021-жылдан бери Ozon Беларусь, Армения, Орусия жана Казакстанда бизнесин жайылтууда. Ozon 23 жылдан бери рынокто иштеп келе жатат. Жеткирүүчүлөрдүн, сатуучулардын, бренддердин жана кардарлардын кызыкчылыктарын коргогон ишенимдүү платформа болуп эсептелинет.

Чет элдик ири онлайн соода аянтчалары Кыргызстандын жарандары менен 2021-жылдан баштап расмий иштей баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM