Бүгүн, 31-мартта Бишкекте медиаэксперттер жана журналисттер «ЖМК жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясын талкуулоо үчүн тегерек столго чогулду. Буга чейин Президенттин администрациясы «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорунун төртүнчү вариантын сунуштаган.
Документти кайра иштеп чыгуу үчүн былтыр жыл аягында президент Садыр Жапаров түзгөн жумушчу топ ушул күнгө чейин бир чечимге келе элек.
Жумушчу топко кирген эркин медиалардын өкүлдөрү, юристтер принципиалдуу маселелер боюнча берген сунуштары кабыл алынбай жатканын айтышууда.
Президенттин администрациясы сунуштаган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорунун төртүнчү варианты 57 беренеден турат. Анда Кыргызстандагы медиамекемелердин иштөө тартиби, маалымат топтоо жана аны таратуу жол-жоболору жазылган.
Алсак, документте үзгүлтүксүз чыгып турган мезгилдүү басылмалар, телеканалдар менен радиоканалдар, веб-сайттар, маалымат агенттиктери жана маалымат чогултуу, аны таратуу менен алектенгендер жалпыга маалымдоо каражаты деп эсептелинет.
Кыргызстандын жараны, мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар жалпыга маалымдоо каражаттарын ача алат.
Мыйзам долбоорунун 16-беренесинде жалпыга маалымдоо каражаты мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин гана ишин баштай турганы жазылган. Ошондой эле веб-сайттар Юстиция министрлигинен милдеттүү түрдө ЖМК катары катталууга тийиш деген талап коюлган. Дал ушул сунуш талаш жаратууда.
«Медиаполис» институнун юристи Нурбек Сыдыков жогоруда белгиленген сунуштар туура эмес деп эсептейт. Ал жумушчу топ аталган ченемдерди мыйзамдан алып салуу боюнча Президенттин администрациясына бир нече жолу кайрылышканын, бирок майнап чыкпай жатканын белгиледи.
«Бул жерде «бардык веб-сайт милдеттүү түрдө Юстиция министрлигинен каттоодон өтүшү керек» деген маселе бар. Эми ар кандай веб-сайттар бар, мамлекеттик органдардыкы же ММК катары иштебеген веб-сайттар бар, алардын баарын каттоодон өткөрүү мүмкүн эмес.
Көп берене ММК өкүлдөрү үчүн кооптуу болууда. Ошондуктан жумушчу топ мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү талап кылып, жүйөлөрдү келтиришти. Президенттин администрациясы ал жүйөлөрдү негизсиз деп эсептеп, кабыл албай жатат».
«Адилет» укуктук клиникасынын юристи Жылдыз Азыкова медиакоомчулуктун нааразычылыгын туудурган ченемдер алынбаса, сөз эркиндиги чектелерин жана көз карандысыз журналисттерди жоготуп алуу коркунучу бар экенин айтат.
«Алгач албетте медиасектор жабыркайт. Биз көз карандысыз медианы жоготуп алышыбыз мүмкүн. Экинчиден, бул жерде сөз эркиндиги адамдын негизги укуктарынын бири катары басмырланып жатат, анткени мыйзам долбоору ЖМКнын ишин жөнгө салууга багытталганына карабастан, ал бардык жарандын сөз эркиндигин камтыйт. Ошондой эле дагы бир топ тобокелдик бар, бул маселени биздин өлкөдөгү демократиялык мейкиндикти кыскартуу кадамдарынын бири деп эсептесек болот».
Долбоордун баштапкы вариантында 2023-жылдын 1-июнуна чейин кайра каттоодон өтпөгөн ЖМК жабылары жазылган. Серепчилер муну бийликке жакпаган маалымат каражаттарын жабуу аракети деп баалашкан. Азыркы долбоордо мындай ченем ачык жазылбаса да, ошого алып барышы мүмкүн деген кооптонуулар бар.
Ошондой эле буга чейинки вариантта социалдык тармактын колдонуучусу жарыялаган маалымат айына 5 миң адамга тараса, ага кошумча талаптар коюлары да жазылган. Блогер баракчасына өзүнүн сүрөтүн, аты-жөнүн жазып, телефон номурун жана электрондук дарегин көрсөтүшү керек болчу. Ошентип блогерлерге ЖМКлардай эле талаптар коюлмак. Талаш-талкуудан кийин бул алып салынган.
Ал эми Президенттин администрациясынын укуктук бөлүмүнүн эксперти Акылбек Туратбек уулу ар бир сунуш эске алынып жатканын белгилеп, медиакоомчулук айтып жаткан сындарга мындай жооп берди:
«Медиакоомчулук берген ар бир сунушту карап жатабыз. Мисалы айтсам, «5 деген санды 10го алмаштыралы же 5 деген сан жарабайт экен, башка кылуу керек» деген сыяктуу сунуштар көрсөтүлүп жатат. Сунуш бербейт, алмаштыруу керек деп эле айтышат. Кантип, кайсыга, эмне себептен алмаштыруу керек экенин белгилешпейт. Биз суранып, форма түзүп, аларга сунуштадык, «конкреттүү түрдө, формулировкалар менен айткыла» дедик. Азыр сүйлөштүк, чечиштик, 10-апрелге чейин экинчи сунуштарын күтүп жатабыз, андан кийин иштеп чыгып, жооп беребиз».
Эл аралык Freedom House уюму «Дүйнөдөгү эркиндик-2023» аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен «эркин эмес» өлкөлөрдүн катарына кошту. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун белгилейт.