Биз менен байланышыңыз

100 миң сомдук кайтарымсыз жардамды кимдер алса болот?

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Мар 2023 | 2082 | 0

Социалдык жардамды колунда жок үй-бүлөлөр, «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун 16 жашка чейинки балдарына 1200 сомдон алган жарандар алса болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыздоого көмөктөшүү бөлүмүнүн башкы адиси Жолой Каниметов «Маралдын» эфиринде билдирди.

«Бул долбоор боюнча эки социалдык комиссия бар. Жарандар жалпысынан сегиз формуланы толтурушат. Андан сырткары жергиликтүү мамлекеттик администрациянын буйругу менен убактылуу комиссия бекитилет. Алар белгилүү мөөнөттө тандалып алынган долбоорлорду карап чыгып чечим чыгарат», — деди Каниметов.

Анын айтымында, долбоордун талабына ылайык, бизнес план түзүү жана каржылык сабатты жогорулатуу боюнча атайын окутуулар жүргүзүлөт. Ал жаатта жаран министрликтин аймактык башкармалыктарына кайрылса болот.

Долбоорго катышкан жарандарды тандап алуудагы критерийлер:

  • Үй-бүлөсүнүн макулдугу;
  • 100 миң сом алган жарандын акчаны туура пайдалана алуу, анын арты менен жашоосун оңдоп кетүү жөндөмү;
  • Мүлктү иштетүү мүмкүнчүлүгү, маселен, мал алып бага турган болсо, короо-сарайы, тигүүчүлүк менен алектенем десе, үйүндө өзүнчө бөлмө болушу шарт.

«Үй-бүлөгө көмөк алуучулар 100 миңден ашат. Орточо эсеп менен 16 жашка чейинки 340 бала катталган. Ал эми аймактарга жайгашуу шартына, каттоодо тургандардын санына карап үлүш берилет», — деп кошумчалады ал.

Copyright © 2017 Maral FM