Биз менен байланышыңыз

Бажы тармагындагы өсүштүн сыры эмнеде?

Саясат , Экономика | 28 Мар 2023 | 829 | 0

Президенттин  администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков кечээ Фейсбук баракчасына бажы тармагынын кирешеси пландан ашыгы менен аткарылып жатканын жазды.

Орунбековдун билдирүүсүнө таянып айтсак, бажы кызматы 2023-жылдын январь айында республикалык бюджетке 6 млрд 42 млн сом акча төккөн. Бул көрсөтүч коюлган пландан 316,4 млн сомго ашык.

Ал ошондой эле бажыдан түшкөн каражатты төмөнкүдөй салыштырып берген:

«2017-жылы — 1,9 млрд сом, 2018-жылы — 3,2 млрд сом, 2019-жылы — 2,7 млрд сом, 2020-жылы — 1,8 млрд сом, 2021-жылы — 2,8 млрд сом, 2022-жылы — 4,7 млрд сом, 2023-жылы — 6 млрд 488 млн сом түштү». 

Андан тышкары бул тармактагы кирешенин жогорулашы мамлекет башчысынын жана анын командасынын жакшы иштеп жатканынан кабар берерин кошумчалаган.

Экономист Адилет Маматов бажы төлөмдөрүн сом менен эсептөө туура болбой каларын, аны долларга айлантып, анан эсептөө керектигин айтат. Ал ошондой эле бажы тармагында «өсүш» деп белгилеп жаткан көрүнүш тууралуу буларга токтолду:

«Номиналдык түрдө, салыштырмалуу сом менен алып караганда өсүү болуп жатат. Бирок бул жерде реалдуу өсүүнү билишибиз керек. Анткени бажы төлөмдөрү башка валюта менен эсептелет. Азыркы көрсөтүлгөн өсүшкө доллардын кыргыз сомуна каршы өсүшү таасирин тийгизип койгон. Бул жерде көптөгөн факторлор бар. Мисалы, АКШ доллары менен кыргыз сомунун ортосундагы алмашуу курсунун жогорулашы буга таасирин тийгизген. Мындан тышкары пандемия учурунда кызмат көрсөтүүлөргө чектөө коюлду. Андан соң 2021-жылдан тарта экономика жандана баштады. Келбей калган товарлар көп келе баштады. Ошондой эле Орусияга салынган чектөөлөрдөн улам бизде кийим тигүү, бут кийим сатуу жана башка тармактагылар аябай жакшы көрсөткүч көрсөтүп жатат. Алар биз аркылуу кеткендиктен таасирин тийгизди».

Экономист Уран Сыдыгалиев да Маматовдун пикирин колдоп, бажыдагы өсүү боюнча өз оюн билдирди.

«Соода-сатыктын көбөйүшүнөн бажы тармагындагы киреше көбөйүшү мүмкүн. Бирок физикалык жактан канча болгонун кароо керек. Мисалы, мурун 10 тонна өтсө, азыр 20 тонна өттүбү?.. Ошондой эле Кытайдын чек арасы ачылды, Орусиядагы кырдаал таасирин тийгизип жатат. Сооданын көлөмү көбөйгөндүктөн бажы тармагынан түшкөн каражаттын көбөйүшү кадыресе эле көрүнүш». 

Айта кетсек, буга чейин бажы кызматындагы жемкорлукту азайтуу максатында «2019-жылдан 2023-жылга чейин өлкөнүн бажы тармагын толук санариптештирүү» стратегиясы кабыл алынган. Анын алкагында 2019-жылы өткөрмө пункттарга 472 видеокөзөмөл камерасы, 2020-жылы дагы 34 камера орнотулган. Андан тышкары 2020-жылдагы карантин учурунда ишкерлерди тейлөөдө бир катар жеңилдиктер киргизилген. Ошондой эле электрондук системага өткөрүү этабы башталган.

Ал эми Акылбек Жапаров башында турган өкмөт бийликке келгенден аз өтпөй, бажы тармагы толук санариптешип, коррупцияга бөгөт коюлганын жар салган.

Copyright © 2017 Maral FM