Connect with us

«Экстремисттик уюмдарга кирип кетүүгө саясий-экономикалык абал себеп болот»

Коом | 16 Мар 2023 | 454 | 0

Соңку айларда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ондогон жаран диний-экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартканын билдирген. Алар элге мындай топтор кооптуу экенин айтып, азгырылбоого чакырган. Экстремисттик топторго азгыруулардын алдын алуу иштери кандай жүрүүдө? Азгырыктарга эмне себеп болууда? Алдыда айтып беребиз. 

УКМКнын басма сөз кызматы Ноокендин беш тургуну «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунан чыкканын 14-мартта маалымдаган. Жалал-Абад облусундагы башкы башкармалыктын жүргүзгөн иштеринин натыйжасында Ноокен районунун тургундары уюмдан эл алдында баш тартышкан. Ага чейин алар «Хизбут-Тахрирдин» активдүү мүчөлөрү катары экстремисттик идеологияны жайылтып келишкен. Айтылган жарандар эл алдында өздөрү тандаган багыт туура эмес болгонун моюндарына алышып, башкаларды туура эмес иштерге азгырылып кетпөөгө чакырышкан.

Дин боюнча эксперт Канатбек Мурзахалиловдун айтымында, жарандардын экстремисттик уюмдарга аралашып кетүүлөрүнүн негизги фактору: экономикалык абал, коррупция жана билимдин жетишсиздиги. Светтик да, диний да билим албагандар мындай чакырыктарга көбүрөөк азгырылып кетишет.

«Диний-экстремисттик уюмдарга аралашып кетүүдөгү негизги факторлор: экономикалык, социалдык абалдын начардыгы, ошону менен бирге миграция маселелери. Эң негизгиси, диний билимдин жетишсиздиги, диндеги негизги баалуулуктарды билбегени. Аны менен катар айрым жерлерде светтик билимдин начардыгынан улам да аралашып кетишет. Ошондой эле террордук-экстремисттик топтордун эмне экенин билбегени, ал жаатта маалыматтын жоктугу да азгырык торуна түшүрүп жатат».

Эл аралык террор боюнча эксперт Бегижан Ахмедов салттуу Исламдын баалуулуктарын коомчулукка диний аалымдар, белгилүү адамдар туура жеткирип, террордук топтордун мамлекетке, коомчулукка кандай зыян алып келерин, туура эмес иштерин мектептерде, университеттерде түшүндүрүү зарылдыгын кошумчалады.

«Биздин аалымдар, диний кызматкерлер, аксакалдар элдин арасында Ханафий мазхабын жеткирип, бир мазхабды карманууну түшүндүрүшү керек. Мындан сырткары мектептерде, университеттерде алардын идеясы мамлекетке кандай коркунуч алып келерин, эмне үчүн туура эместигин айтып туруу керек».

Дин боюнча эксперт Руслан Жалилдин пикиринде, өлкөдө саясий-экономикалык туруктуулук, эркиндик болгондо эл эч качан экстремисттик топторго жакындабайт.

«Биз тарых менен анализ кылабыз. Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттердин тарыхын карасак, ал жердеги диний-экстремизмдин пайда болуусу саясий эркиндиктин жоктугунан улам келип чыккан. Коом күчтүү авторитардык мамлекеттин басымында калган, эркиндиктин жоктугунан алар айласыз диний лозунгдарга жакындаган. Экинчиден, өлкөдөгү саясий-экономикалык, социалдык туруксуздуктан улам коомчулук нааразы болуп, ар кандай топторго, идеологияларга азгырыла баштайт. Эгер туруктуулук болсо, коомчулук алардын мындай азгырыктарына  жакындабайт».

Кыргызстанда диний-экстремисттик топтордун азгырыктарына алданбоо боюнча түшүндүрүү иштерин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жүргүзөт. Кыргызстандын соттору 2003-жылдан бери террорчул жана экстремисттик уюм катары 21 диний бирикменин өлкө аймагында иш жүргүзүүсүнө тыюу салган.

Copyright © 2017 Maral FM