Биз менен байланышыңыз

«Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт?» китеби кыргызча басылып чыкты

Коом , Кыска кабар | 12 Мар 2023 | 804 | 0

Америкалык белгилүү экономисттер Дарон Ажемоглу менен Жеймс А. Робисондун «Why nations fail» китеби «Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт?» деген аталышта кыргыз тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу «Bugupress» басма үйүнүн жетекчиси Жаныбек Абидитегин «Маралга» кабарлады.

Ал китептин бет ачары 14-март күнү саат 10:00дө, Novotel мейманканасында өтөрүн жана ага авторлордун бири Жеймс А. Робисон да  катышаарын кошумчалады.

«Бүгүн «Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт» китеби 1000 нускада басылып чыкты. Бул китепти которуунун негизги себеби, кыргыз тилинде тарыхый экономикалык, тарыхый саясий китептердин булактарынын жоктугу. Ошол багыттагы китептердин санын көбөйтүү максатында кыргыз тилине котордук. Китептин бет ачарына авторлордун бири Жеймс А. Робисон да катышат».

Авторлор бул китеп менен өлкөлөрдүн өнүгүп же өнүкпөй калышынын себептерин мисалдар менен талдашат. Өлкөлөрдүн өнүгүшү алардын  географиялык жайгашуусунда же кен байлыктарында деген факторлорду жокко чыгарып, мамлекеттик институттардын маанисин мисалдар менен түшүндүрүп берет.

«Why nations fail» китеби 2012-жылы англис тилинде чыккан. New York Times жана The Wall Street Journal басылмаларынын версиясы боюнча бестселлен деп табылган жана бир нече тилдерге которулган. Кыргыз тилине түркология илимдеринин доктору Мирлан Нурматов которгон. «Bugupress» басма үйү автордук укугун алып, басып чыгарды.

Copyright © 2017 Maral FM