Биз менен байланышыңыз

Мусулмандар бүгүн Бараат кечесин өткөрөт

Кыска кабар | 6 Мар 2023 | 881 | 0

Өлкөбүздө Бараат түнү 6-марттан 7-мартка караган түнгө туура келет. Мусулмандар үчүн мааниси жагынан Кадыр түндөн кийин экинчи орунда турат. Ислам динин тутунгандар: «Дал ушул түнү Алла Таала жер жүзүндөгү бардык адамга ырайым кылат» дешет.

Бараат түнү Исламдагы башка эсте каларлык даталардай эле ай календарына байланган, мусулмандар аны Шаабан айынын 14үнөн 15ине өткөн түнү белгилешет.

Бараат (кыргызча мааниси: тазалануу же кутулуу) түнү тууралуу эскертүү «Куранда» жана алгачкы хадистерде кездешет.

Бул түндө макулуктардын бир жыл ичиндеги ырыскысы, бай-кедей, бакубат-алсыз болуусу, өмүрүнүн узаруусу же ажалынын жетүүсү ж.б. Алла Тааланын буйругу менен периштелер тарабынан күн тартибине коюлары айтылат.

Бараат түнүнүн дагы бир өзгөчөлүгү ушул күнү кыбыла Иерусалимдеги ыйык Кудус мечитинен Каабага карай өзгөргөн. Бул түндө окулчу намаз «салатул хайр (жакшылык намазы)» деп аталган. Кээ бир пикирлер боюнча бул намаз 100 ирекет окулуп, ар бир ирекетинде «Фатиха» сүрөсүнөн кийин 10 ирет «Ихлас» сүрөөсү окулат. Айтор бул касиеттүү түндө ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө жараша намазды көп окуп, түндү ибадат менен өткөрүшү абзел.

Copyright © 2017 Maral FM