Биз менен байланышыңыз

«Түшүм биз болжогондой алынса, өзүбүздү 80-90% камсыздай алабыз»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Мар 2023 | 1847 | 0

Быйыл буудайдын түшүмү биз болжогондой болсо, өзүбүздү 80-90% камсыздай алабыз. Мындай пикирин айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Күздүк эгин 142 миң гектар жерге эгилген. Быйыл 665 миң гектар жерге эгин эгебиз деп жатабыз. Биз өзүбүздү өзүбүз азыктык буудай менен камсыз кылуу максатында аракет кылуудабыз. Негизги максатыбыз аянтты көбөйтүү эмес, анын түшүмдүүлүгүн арттыруу», — деди Жаныбеков.

Анын айтымында, быйылкы жылы чет өлкөдөн үрөн алып келинген эмес. Себеби Орусиядан, Өзбекстандан жана Казакстандан былтыркы жылы алып келинген үрөн жетиштүү.

«Быйылкы жылга үрөн толук түрдө жетиштүү. Бизде жазгы талаа иштерине 60 миң тоннадан ашык үрөн керек. Азыркы учурда 90%га жакын камсыздалды. Былтыркы жылы арпа-буудай жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн уругун жаңыртуу максатында Орусиядан 1 млрд 34 млн сомго үрөн алып келгенбиз. Мурда өзүбүздө өндүргөн үрөн 15%га жетпесе, бүгүнкү күндө көрсөткүч 44%га чыкты», — деп кошумчалады министр.

«Быйылкы айдоо-себүүгө үрөн да, күйүүчү май да жетет»

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM