Биз менен байланышыңыз

Кант диабети менен ооруган балдарга инсулин жетишсиз болууда

Ден соолук | 2 Мар 2023 | 1238 | 0

Өлкөдө кант диабети менен ооруган балдардын ата-энелери мамлекет тарабынан бекер бериле турган инсулин жетишсиз болуп жатканын айтып чыгышты. Бүгүн ата-энелер Саламаттык сактоо министрлигине кайрылышып, бул маселени тез арада чечүүнү талап кылышты. Ата-энелер акыркы бир-эки айда инсулин жетиштүү көлөмдө берилбей калганын айтышууда. Анын кесепетинен оорусу күчөп кеткен балдар катталып жатканы белгилүү болду. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги бүгүнкү күндө Бишкек жана Чүй облусунда гана инсулин аз болуп жатканын билдирди. Бул маселени чечүү боюнча министрлик тийиштүү чараларды көрүүдө. Кант диабетине чалдыккан балдар үчүн инсулин эмне себептен жетишсиз болууда?

Бүгүн Бишкекте кант диабетине чалдыккан балдардын ата-энелери чогулуп, Саламаттык сактоо министрлигине кайрылуу жасашты. Алар мамлекет тарабынан бекер берилип келген инсулин жетишсиз болуп жатканын айтып чыгышты.

Баласы кант диабети менен ооруган Азатбек Жумагулов дартка чалдыккан балдар инсулинди күн сайын колдонорун белгиледи. Ал мамлекеттен тез аранын ичинде бул маселени чечип берүүсүн өтүнөт. Себеби балдардын ден соолугу күндөн күнгө начарлай баштады.

«Бүгүн Кыргызстан боюнча кант диабети менен ооруган балдардын ата-энелери чогулдук. Өлкө боюнча учурда инсулин жетишсиз болууда. Биздин маселебизди тездик менен чечип бериңиздер. Анткени инсулин балдарыбыз үчүн абадай, суудай керек. Инсулинсиз балдарыбыз басып жүрө берет. Бирок ден соолугуна терс таасири тийип жатат. Анын кесепетинен баланын ички организми бузулуп, бөйрөгүнө, бооруна зыян келип жатат. Бул оору балдар үчүн абдан коркунучтуу».

Дагы бир баланын атасы Шухрат Абсаламов кант диабети менен ооруган балага күнүнө жети жолу инсулин колдонуларын айтат. Ал мамлекет буга чейин инсулинди бекер берип келгенин, акыркы бир-эки айда берилбей жатканын белгиледи.

«Биз жана балдарыбыз өтө оор абалда турабыз. Биздин балдарыбыз 1-типтеги кант диабети менен ооруйт. Балдарыбыз бир күндө 12 саат сайын узартылган инсулин алат. Тамактанууда да өзүнчө инсулин колдонулат. Жалпысынан бир күндө 7 жолу инсулин сайылат. Азыркы учурда узартылган инсулинди бизге бербей калышты. Эгер башка инсулинге өтө турган болсок, оору күчөп, комага түшкөндөр көбөйүп кетет».

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева аймактарда беш айга чейин жете турган инсулиндин дозасы бар экенин билдирди.

Муну менен катар ал инсулиндин дозасы эмне себептен жетишсиз болуп жатканын түшүндүрдү.

«Учурда ата-энелер жетишсиз деп жаткан инсулиндин түрү азайып калган. Себеби Бишкекте 1-типтеги кант диабети менен жабыркаган балдар көп болууда. Буга ички миграция да өзүнүн таасирин тийгизип жатат. Баткенден келгендердин көбү Бишкек жана Чүй облусунда жайгашып калышты. Ар бир облуска оорулуулардын санына жараша бөлүнчү. Учурда ушул эки жерде дарылар саналуу гана көлөмдө бар».

Мындан сырткары Ибраева быйыл инсулин дарыларын алуу үчүн мамлекеттик бюджеттен 192 млн сом бөлүнгөнүн белгиледи.

Ошондой эле ал учурда бул маселени чечүү максатында министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

«Өткөн жумадан баштап бардык аймактардагы запастарды карап чыктык. Колдонулбаган дарыларды кайра Бишкек шаарына алып келип, Эндокринолог борборуна которуп жатабыз. Мамлекеттик сатып алуу мыйзамына ылайык, документтерди даярдап, тендер өткөрүүгө камынып жатабыз. Азыр дагы бир көйгөй жаралып жатат. Дарылар тендер аркылуу Европадан сатып алынат. Кыргызстанда буйрутманын саны аз болгондуктан, көптөгөн компаниялар иштешүүгө кызыкдар эмес болууда. Азыркы күндө бул компанияларга кат жөнөтүп жатабыз. Биз өзүбүз тараптан жеңилдиктерди беребиз деп сунуштап жатабыз».

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, учурда кант диабети менен ооругандар үчүн инсулиндин дозасын Европанын эки гана компаниясынан сатып алышууда.

Буга чейин 5 айда бир жолу буйрутма берилсе, бүгүнкү күндө 8 айда бир жолу гана аталган дарыларды алууга мүмкүн.

Кечээ саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова «Диабетсиз балалык» коомдук бирикмесинин төрайымы Нурхан Жумабаева менен жолугуп, анда кант диабети менен ооруган балдарды жана чоң кишилерди жетиштүү өлчөмдө инсулин менен камсыз кылуу маселелери каралып, тез арада тендер өткөрүү жана каржылоону көбөйтүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM