Биз менен байланышыңыз

Психоактивдүү заттардын жаңы түрүн колдонгон жаштар көбөйдү

Ден соолук | 22 Фев 2023 | 1817 | 0

Кыргызстанда психоактивдүү заттардын жаңы түрүн колдонгон жаштардын саны өсүп жатат. Бул тууралуу Республикалык психиатрия жана наркология борборунан билдиришти. Былтыр аталган борборго жыл ичинде 11 адам кайрылса, быйыл жыл башында эле 11 өспүрүм кайрылган. Адистер баңгизаттын бир түрү болгон активдүү заттарды колдонгондордун көпчүлүгү психологиялык жактан жабыркаган өспүрүмдөр экенин айтышат. 

Өлкөдө акыркы жылдары психоактивдүү заттарды колдонгондордун саны көбөйүп жатат. Алардын ичинде өспүрүмдөр да бар.

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун жашы жете электерге психологиялык жардам көрсөтүү медициналык борборунун нарколог дарыгери Эркаим Байышева жыл башталгандан бери борборго 11 өспүрүм кайрылганын билдирди.

Ал психоактивдүү заттарды колдонуу жаштар арасында модага айланганын, аны колдонгондон кийин реалдуулуктан алыстап, жаштар аталган затты көйгөйдүн чечүү жолу катары көрүшөрүн айтат.

«Психоактивдүү заттар — бул нерв системаларына таасир тийгизген заттар. Ал психотроптук заттар болушу мүмкүн. Психиканы дарылаган дары-дармектер кирет. Бирок аларды көбүнчө терапевтикалык нормадан көбүрөөк колдонушат. Ал эми дарыгерлер аны норма менен колдонот. Башкалар болсо наркотик сыяктуу колдонуу үчүн дозасын көбөйтүп алышат. Жаңы психоактивдүү заттарды стимулятор деп коюшат. Булар жаштар арасында аябай популярдуу болуп жатат».

Нарколог Элмира Калиева кайсы дары болбосун, дозадан ашыкча колдонсо, дароо мээге таасир этерин, андан кийин көз карандылыкты пайда кыларын белгиледи.

Ал бардык эле дарыканадан психоактивдүү заттарды сатып алууга мүмкүн экенин айтат. Ошондой эле дарыдан сырткары дагы кайсы заттарда психоактивдүү заттар бар экенин айтып берди.

«Азыркы учурда кандай гана дары болбосун, көп өлчөмдө ичсе, мээге таасир бериши мүмкүн. Себеби дарылар химиялык жолдор менен жасалат. Ал эми психоактивдүү заттарга мээге таасир берген бардык заттар кирет. Тамеки жана алкоголь дүкөндөрдө кеңири сатылат. Булар да психоактивдүү заттарга кирет. Мындан сырткары энергетикалык суусундуктар да бар. Булардын курамында адамдын мээсине, организмине таасир берген токсиндер болот. Психоактивдүү заттар жаштардын ден соолугу үчүн аябай зыян. Аны ичери менен аң-сезимин жоготушат».

Дагы бир нарколог Бермет Төрөниязованын айтымында, психоактивдүү зат организмге киргенден кийин, көз карандылыкты пайда кылат.

Ал мындай заттарды колдонгондордун көбү үй-бүлөсүндө пикир келишпестик болгон, жакындарынан колдоо таппаган өспүрүмдөр экенин айтат.

«Алар психоактивдүү заттарды колдонуу менен жашоосунда болуп жаткан көйгөйлөрдү убактылуу болсо дагы унутушат», — дейт нарколог.

«Психоактивдүү заттарды колдонууга көбүнчө психологиялык абал алып келет. Эгер үй-бүлөдө бала ата-энеси менен тил табышпай, урушуп жана башка ушул сыяктуу көйгөйлөргө туш болсо, ушундай заттарды колдоно башташат. Муну менен катар жөн эле даамын татып көргүсү келгендер да болот. Психологиялык көйгөйлөрү бар балдар психоактивдүү заттардан тез убакыттын ичинде көз каранды болуп калышат. Жыйынтыгында дайыма колдонууга үйрөнүп кетишет. Бара-бара бул зат да тамак сыяктуу организмге керек болуп калат. Бул затты колдонгон бала көйгөйлөрүн унутуп, кандайдыр бир жыргалчылыкка келип калат. Ал зат организмден тарагандан кийин өспүрүм кайра ошол абалга кайткысы келе берет».

Өткөн жылдын жыйынтыгы менен өлкөдө баңгизатын колдонгондордун саны 7 миң 672 адамды түздү.

Психотроптук каражаттар – адамдын борбордук нерв тутумуна дем бере турган же кедерин тийгизе турган табигый жана жасалма заттар. Башкача айтканда, жүрүм-турумга, маанайга, ойлорго же кабылдоолорго таасир этүүчү ар кандай заттар болушу мүмкүн.

Ал эми Бишкектеги наркологиялык борборго терс адаттан кутулуу үчүн жылына ондогон адам кайрылат.

Copyright © 2017 Maral FM