Биз менен байланышыңыз

Көк бөрүчүлөрдүн чырлашуусуна эмне себеп болду?

Коом , Саясат | 16 Фев 2023 | 1280 | 0

Бүгүн, 16-февралда Көк бөрү федерациясынын айрым аймактарынын жетекчилери жана улакчылар кезексиз жыйын өткөрүштү. Анда Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиевдин ишмердүүлүгүнө нааразычылыгын билдирип, кызматтан алуу маселесин көтөрүштү. Жыйындын жыйынтыгында Талас Бегалиевдин ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев шайланды. Анын айтымында, бул кызмат ага көптөн бери сунушталып келген, бирок дайым баш тартып турган.

«Чынын айтсам, мен ушул жерге келип, бул кызматка макул болдум. Буга чейин «президент болуп бер» деп суранып келишкен, мен макул болбой койгон элем. Атайын өнүктүрүү жаатында программам деле жок, бирок өнүктүрүү үчүн аттарды алуу керек, каржы маселесин чечүү керек. Мындан сырткары көк бөрү оюнун көп-көп өткөрүү керек, ошондо гана өнүгөт».

Көк бөрү федерациясынын Чүй облустук бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Раимкулов Талас Бегалиев жана анын орун басарларына бүгүнкү жыйынга чакыруу кат жиберишкенин, бирок алар келбей жатканын айтты. Мындан сырткары бир жылдык ишинин отчётун берүүсүн талап кылышкан. Ошондой эле ал буга чейинки өткөрүлгөн оюндардын байгеси бүгүнкү күнгө чейин берилбей жатканына нааразылыгын билдирди.

 «Бүгүнкү жыйын боюнча көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиевге жана вице-президенттерге чакыруу катын жөнөткөнбүз. Андан сырткары биздин Whatsapp группалар бар, ошол эле чакырууну бардык облус башчыларына жана федерацияга бергенбиз. Бүгүнкү жыйынга чакырганбыз, келем же келбейм деген жообун айта элек. Азыр бардык облустан өкүлдөр келди. Бегалиевдин отчётун угуп, ишине баа берип, жакшы иштесе, «жакшы иштеди» деген чечим чыгарып, анан жаңы президентти шайлайбыз».

Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев курултайды бир гана президент чакыра аларын айтып, бүгүнкү жыйынды мыйзамсыз атады. Ал эми буга чейин өткөрүлгөн оюндардын байгеси боюнча суроого мамлекет тарабынан бөлүнбөй келгенин жүйө келтирди.

«Мен маалыматты социалдык тармактардан көрдүм. Федерациядан ал жерге эч ким барган жок. Көк бөрү федерациясынын президенти, вице-президенттер, аймактык жетекчилер келген жок. Бир-эки жетекчи достун чогулуп алып жасап жаткан иши. Акылбек Түмөнбаев чыккандан кийин өзү менен да байланыштым, уялып жатканын, мындай жол менен келбесин айтты. 10-15 күндүн ичинде мыйзамдуу түрдө съезд өткөрөбүз, ошол жерде отчётумду берем. Же өткөрүп берем, же калам. Ошол жерге бардык облустун жетекчилери чакырылат, ошол жерден чечилет. Мурунку Нооруз майрамындагы байгелер берилген, биринчи орундуку эле бериле элек. «Ынтымак» командасыныкы болчу. Ал Ак үйдөн чечиле турган маселе болчу, ар кандай шылтоолор айтылып, бүгүнкү күнгө чейин бериле элек. Ал эми Таласта өткөрүлгөн Өлкө биринчилигиндеги оюнга мамлекеттен бир сом да бөлүнгөн эмес. Биз өзүбүз демөөрчүлөрдү таап, оюндарды өткөрөбүз. Таласта өткөрүлгөн оюнда коюлган миллион сомду Ноорузда өткөрүлүүчү оюнга кошуп берели деп жатканбыз».

Ошондой эле улакчылар жеңүүчү командаларга берилген кубок жөн гана базардагы футбол үчүн сатылып жаткан кубоктор экенин айтты. Алар беш-алты жыл мурда көк бөрүнүн элесин чагылдырган атайын кубок болгонун эскеришип, кайрадан бул маселеге көңүл бурууга чакырышты. Мындан сырткары калыстардын да маселеси көтөрүлүп, оюнчулар нааразылыгын билдиришти. Ал эми көк бөрү федерациясынын калыстар тобунун мүчөсү Каримбек Кадыркулов башкы калысты алмаштыруу керектигин жана оюн учурунда калыстын ишине кийлигишпөө зарылдыгын айтты.

«Мен калыс катары айтып кетейин, ортого чыккан калыстын чечимин башкы калыстар арттан келип чечип коюп жатышат. Анда ортого калыстын эмне кереги бар? Чет өлкөлөрдө калыстарды баркташат. А бизде кайсы жерде болбосун, жакшы сөз укпайт, ар дайым «туура эмес чечим чыгарды, ага тартып койду, буга тартып койду» деген кепти угасың. Ошон үчүн башкы калысты президент эмес, калыстар ич ара шайлайлы».

Белгилей кетсек, Талас Бегалиев Көк бөрү федерациясынын жетекчилигине бир жыл мурда келген. Жобого ылайык, президент төрт жылдык мөөнөткө шайланат.

Copyright © 2017 Maral FM