Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Венгриянын президенттери жолукту

Кыска кабар | 13 Фев 2023 | 180 | 0

Бүгүн, 13-февралда Венгриянын Будапешт шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Венгриянын президенти Каталин Новак менен расмий жолугушуу аземи өттү. Ардак кароолдун саламдашуусунан кийин, аскердик оркестрдин аткаруусундагы «Ракоци маршынын» жаңыруусу менен президенттер Будапешт шаарынын гарнизонунун туусунун жанына токтошту.

Оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды. Садыр Жапаров жана Каталин Новак Венгриянын туусу менен гербине таазим этип, өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырып өттү.

Азем гарнизондун өздүк курамынын, атчан гусарлардын, аскердик оркестрдин салтанаттуу маршы менен аяктады.

Садыр Жапаров расмий сапар менен Будапештке 12-февралда барды. Анын алкагында Венгриянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу, башка расмий иш-чаралар пландалган.

Сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM