Биз менен байланышыңыз

Түркия: Вандык кыргыздар боз үйлөрдү тигип берүүдө

Кыска кабар | 13 Фев 2023 | 613 | 0

Түркиянын Кахраманмараш шаарында жер титирөөдөн жабыркагандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн Кыргызстан жөнөткөн боз үйлөрдү вандык кыргыздар тигүүдө.

Буга чейин президент Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу, издөө-куткаруу иштерине жардам берүү үчүн биринчи топто 67, экинчи топто 80 куткаруучу, 6 дарыгер, андан тышкары 75 боз үй жөнөтүү тапшырмасын берген.

Келерки жумада да куткаруучулардан турган атайын топ, боз үйлөр, дарылоого тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар жөнөтүлөрү белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM