Биз менен байланышыңыз

Былтыр ЕАЭБдин алкагында Кыргызстандын соода-сатык көлөмү 39%га көбөйдү

Экономика | 10 Фев 2023 | 441 | 0

Алматыда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында 8 документке кол коюлду. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешов маалымат жыйында билдирди. Жыйындын алкагында «Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө мамлекеттердеги макроэкономикалык абал жана экономиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу сунуштары жөнүндө» буйрукка, ошондой эле «Өнөр жай чөйрөсүндөгү мамлекеттер аралык программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу, каржылоо, ишке ашыруу жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» чечимге жана башка документтерге кол коюлду. Мындан сырткары бир канча эл аралык келишимдердин долбоорлорун даярдоо маселелери да талкууланды.

Февраль айынын башында Казакстандын Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтүп, анда мамлекеттер ортосундагы экономикалык мамилелер талкууланып, жыйынтыгында бир канча документке кол коюлду.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешов жыйындын негизинде «Электр энергиясын (кубаттуулугун) мамлекеттер аралык берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнүн эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомго кол коюлганын айтты.

Ошондой эле «Индикативдик баланстар түзүлө турган товарлардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» буйрукка кол коюлду.

Мындан сырткары министрдин орун басары өткөн жылда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-сатыктын көлөмү тууралуу маалымат берди.

«Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагында 2022-жылы соода-сатык көлөмү ушул мамлекеттер менен 39 пайызга көбөйдү. Кыргызстандын ички дүң экономикасы 7,2 пайызга жогорулады. Арменияныкы болсо 11,3 пайызга жогоруласа, Казакстандыкы 2,8 пайызга көбөйдү. Беларусияныкы 4,7 пайызга, ал эми Орусияныкы 1,6 пайызга төмөндөдү. Кыргызстан жакшы көрсөткүч көрсөтө алды».

Министрликке караштуу ЕАЭБ координациялоо башкармалыгынын жетекчиси Нурсултан Мукаев буга чейин Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2023-жылдагы биринчи отуруму өткөнүн, анын күн тартибинде 30дан ашык маселе каралганын маалымдады.

«Кеңештин отурумунда күн тартибиндеги 31 маселе каралып, жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды. Ошентип, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча «ЕАЭБге мүчө мамлекеттердеги макроэкономикалык абал жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча сунуштар жөнүндө» баяндама боюнча буйрук кабыл алынды. «ЕАЭБдин жалпы электр энергиясынын рыногунун алкагында мамлекеттер аралык электр энергиясын берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө» Өкмөттөр аралык кеңештин чечими жактырылды. Комиссия Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы чечими менен бекитилген ЕАЭБдин карантиндик объектилеринин бирдиктүү тизмесине калифорния жаңгак куртуна карата толуктоолор бекитилди».

Өкмөт башчылар катышкан жыйындын алкагында «Жаңы реалдуулукта санариптик өнөктөштүк» форуму өткөрүлдү.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага дүйнөнүн отуздан ашуун өлкөсүнөн 30 миңдей өкүл катышты.

Мындан сырткары министрликтин макроэкономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Абдекиров жыйында «ЕАЭБге мүчө мамлекеттердеги макроэкономикалык абал жана экономиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча сунуштар жөнүндө» буйрукка кол коюлганын белгилеп, анын негизинде мүчө мамлекеттер кандай иштерди аткарышы керектигин айтып берди.

«Кеңештин кезектеги жыйынында макроэкономикалык маселелер да каралды. Биринчиден, азыркы учурда мүчө мамлекеттердин экономикалык абалы каралды. Бул баяндамалар 9 айдын ичинде жасалды. Мында өлкөдөгү инфиляциянын, карыздын жана бюджеттеги жетишсиздиктин деңгээли каралган. Эгер кайсы бир кеңешке мүчө мамлекетте оор абал жаралса, анда ал мамлекетке беш өлкө чогуу жардам бериши керек».

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, ЕАЭБдин алкагында газ боюнча биргелешкен рынок түзүү маселеси каралууда.

2025-жылга чейин Биримдикке мүчө мамлекеттер жалпы газ рыногун түзүшү керек. Бүгүнкү күндө бул максаттарга жетүү үчүн динамикалык иштер жүргүзүлүүдө. Учурда бир катар пикир келишпестиктер жаралууда. Мисалы, ички керектөө үчүн үчүнчү өлкөлөрдөн газды басмырлоосуз ташуу, газ ташуу кызматына тарифтерди белгилөө жана газ тармагындагы эки тараптуу эл аралык келишимдердин иштеши жана башка маселелер.

Талкуунун жыйынтыгында тараптар маселени мындан ары да изилдөөнү чечишти.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 2-3-февралында Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеши жана 2023-жылдын 25-январында Москва шаарында Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйындары өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM