Биз менен байланышыңыз

Түркиядагы кыргыз студенттер эсеп ачып, жардам чогултуп жатат

Кыска кабар | 10 Фев 2023 | 547 | 1

Рысбек Ысманов Түркиянын Самсун шаарында окуйт. Ал ыктыярчы катары зилзаладан жабыркаган жарандарга көмөк көрсөтүп жүрөт. Рысбек учурда Түркиядагы кыргызстандык студенттер атайын эсеп ачып, каражат чогултуп жатышканын билдирди.

«Беш жылдан бери Түркияда окуйм. Түрктөрдүн суусун ичип, нанын жеп, жакшылыгын көргөн катардагы кыргызстандык студентмин. «Боордоштун боору ооруса, биздин да боорубуз ооруйт» демекчи, баарыбыз бир атанын, бир эненин балдарыбыз. Биз да боордош эл катары четте турбай, Кыргызстан менен түзүлгөн атайын штабдарга барып, колубуздан келген жардамыбызды берип жатабыз. Ошондой эле Европада, Орусияда, Кыргызстанда, Түркияда атайын эсептерди ачканбыз. Дээрлик эки күн болду, 70 миң сомдон ашык каражат топтолду, өнөктүк дүйшөмбүгө чейин уланат. Топтолгон каражатты штабга тапшырабыз, керектүү буюм-тайымдарды алып беребиз», — деди Рысбек Ысманов.

Түркиядагы зилзаладан жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү каалагандар төмөнкү банктык эсептерге акча которсо болот:

Түркиядагы мекендештер үчүн:
TR03 0001 0001 5188 6011 2450 02 TL
TR67 0001 0019 3688 6011 2450 04 USD
Rysbek Ysmanov | Ziraat Bankası

Европадагы мекендештер үчүн:
LT643250009742153662
Bostonbek Babaev

Орусиядагы мекендештер үчүн:
5336690143460204
Акжолтой Екишев | Сбербанк

Кыргызстандагы мекендештер үчүн:
9417 0885 5413 6047 | РСК (Элкарт)
+996 708 072 602 O! Деньги
Arzybek Mallabaev

Copyright © 2017 Maral FM