Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандыктар түрк боордошторго кезектеги жардам колун сунууда

Коом | 9 Фев 2023 | 321 | 0

6- февраль күнү Түркия жана Сириянын аймактарында эки жолу каттуу жер силкинген. Акыркы маалыматтар боюнча Түркияда зилзалада өлгөндөрдүн саны 9 миңден ашты, жарадарлар 40 миңден көп. Сирияда 2470 киши набыт болгонун, 4000дей жараат алганын Reuters жана башка эл аралык медиалар жазышты. Кыргызстандан да 60тан ашык куткаруучу жер силкинүүнүн очогу болгон Кахраманмараш шаарына барды. Ал эми бул кыргызстандык ишкерлер боордош элге учурда алгачкы гуманитардык жардамын жиберсе, түрк элчилиги жана бир катар мекемелер, кайрымдуулук уюмдар да Түркияга жардамга каражат чогултууда.

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катуу жер титирөөдө мерт болгондордун саны 11 миңден ашканын, 37 миңден көп адам жараат алганын билдирди. Октай учурда 16 миңдей куткаруучу иштеп жатканын, чет өлкөлөрдөн дагы жардамга келишкенин билдирди.

Президен Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу байланышып түрк элине көңүл айтып, ар тараптан жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.

Урандылардын астында калган жарандарды куткаруу үчүн Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 60тан ашык куткаруучу Түркияга жөнөп кеткени кабарланган. Азыркы учурда алар жер силкинүүнүн очогу болгон Кахраманмараш шаарында иш алып барууда.

Куткаруучулар 20 күнгө жетерлик тамак-аш азыктарын, издөө, куткаруу иштерине тиешелүү шаймандарын өздөрү менен алып кетишкен. Мындан сырткары урандылардын астынан жабыр тарткан адамдарды издөөгө атайын машыктырылган 2 ит да тартылган. Жардам берүүгө чыккан курамда куткаруучулар, врач, фельдшерлер, психологдор, кинолог бар.

Түркиядагы жана Сириядагы жер силкинүүдөн жабыр  тарткандарга көмөк көрсөтүү максатында Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги керектелүүчү нерселердин тизмесин жарыялаган. Анда кийим- кече, көп убакытка сатоого мүмкүн болгон тамак- аш, жууркан жана башка керектелүүчү азыктардын тизмесин жарыялаган.

Кышкы кийим (Чоңдор жана балдар үчүн): Куртка, өтүк, жемпир, топу, байпау, колкап, шарф ж/б

Башка керектүү буюмдар: Чатыр, керебет, матрас (чатыр үчүн), жууркан, уктоочу баштык, термос, кол чырак, поративдик заряддагыч (поуэрбанк)

Азык-түлүк кутусу (сактоого туруктуу тамак-аштар-консерва)

Балдар азыгы, жалаяктар, тазалык жана гигиеналык каражаттар, аялдардын гигиеналык каражаттары

Ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу ишкерлер менен чогулуп, 500 жуурканды жардам катары жөнөтүшкөнүн айтты.

 «Биздин ишкана  500 жууркан жөнөттүк. Керектөлүүчү буюмдардын арасында төшөнчү-жууркан, кийим-кече, чатыр экен көпчүлүгү. Биз жергиликтүү өндүрүүчүлөр 500 кишилик жууркан жөнөттүк». 

Түркия сейсмологиялык жактан активдүү аймактардын катарына кирет. 1999-жылы 17-августта Дүзже аймагында болгон жер титирөөдөн 18 миңден ашык киши каза таап, 25 миңге жакыны жабыркаган. Ошол жылдары Түркияда окуп студент болуп жүруп, ыктыярчы катары жардамга барган Руслан Акматбек ошол учурду мындай баяндайт.

«Тилекке каршы, ошол учурда чоң жер титирөө болгон. Бир шаар толугу менен кыйрап, 40 миңге жакын киши набыт болгон. Кыргызстан ошол убакыттада жаржам берген. Мен ал кезде студент элем, ыктыярчы катары ал жакта жардам бергем. Ошогдой эле, Кыргызстандан 30дан ашык боз үй барган. Өзүнчө бир кыргыз айылы түзүлүп, биз бир топ балдар менен барып боз үйлөрдү тигүүгө жардам бергенбиз».

Президенттин Администрациясынын жетекчилиги жана кызматкерлери бир күндүк эмгек маяналарын Түркиядагы акыркы окуяларга байланыштуу материалдык жардам катары которушканы кабарланды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин жыйынында, парламент депутаттары да Түркиядагы зилзаладан жабыр тарткандарга көмөк көрсөтүү үчүн 2 күндүк маянасын бөлүү чечимин кабыл алды. Мындан сырткары “Элим барсыңбы” кайрымдуулук фонду, Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги да атайын эсептерди ачкан. Ошондой эле Кыргызстандын мечиттеринде да түркиялык боордошторго жардам көрсөтүүгө кутучалар коюлганы айтылды. «Элим барсыңбы» кайрымдуулук уюму берген маалымат боюнча, 1 суткадан ашык убакытта 300 миңден ашык каражат чогултулган.

Түркияга каражат которууну каалаган жарандар төмөнкү эсеп жолдору менен жардам колун сунса болот:

Президенттик админстрация жарыялаган расмий эсептер:

Банк: «Айыл Банк» ААКы,

ИНН 01803199710084,

БИК 135001,

ОКПО 30597768,

Эсеп № 1350102119900169 «КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, доллар, евро);

Төлөм коду 14411100 – «Учурдагы жардам»;

Ошондой эле ӨКМ түз байланышы иштеп жатат. Маалымат үчүн номерлер:

ӨКМ —112;

Президенттин Администрациясынын кырдаалдык борбору — (0312) 662292

Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин эсеби:

Банктык аталышы: Демир Кыргыз Эл Аралык Банкы

Эсеп номерлери:

Сом: 1181000500147821

Доллар: 1180000239837197

Евро: 1181000300027727

“Элим барсыңбы?!” коомдук кайрымдуук фондунун эсеби:

Оптима виза: 4169 6151 8216 2796

ЭлСом лиц.счет: 15471

Balance, Mbank, O!: 0770 004 044

 

 

Copyright © 2017 Maral FM