Бишкекте алгачкы жолу «Китеп форум» болуп өттү. Анын негизги максаты Кыргызстандын адабий чөйрөсүндө, китеп өндүрүшүндө иштеген тараптарды жана окурмандарды бир платформага чогултуу, басма үйлөр, авторлор, жазуучулар, котормочулар, китеп дүкөндөр жана окурмандар арасындагы байланышты чыңдоо, бул тармактагы жаңылыктарды, тенденцияларды, өзгөрүүлөрдү талдоо, китеп окуу маданиятын калыптандырып, жайылтууга салым кошуу болуп саналат.
Ар жуманын бейшемби күнүндө китепканага барып турууну адатка айланткан медиакеңешчи Сапаргүл Абдинабиева «Китеп форумга» спикер катары келген. Ал кайсы жанрда болбосун, китеп бетин ачып, окуй баштоонун өзү чоң аракет экенин айтып, балдарга арналган кыргыз тилиндеги иллюстрациялык китептерди көбөйтүү керектигин белгиледи.
«Кыргызстанда балдарга багытталган китептер чындыгында аз болуп жатат. Өзгөчө иллюстрациялык китептерге коом абдан муктаж. Себеби тамга тааный элек бала дүйнөнү сүрөттөр аркылуу тааныйт. Ошондуктан кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын же башка тилдерде жазылган китептерди кыргыз тилине которуп чыгаруу керек деп ойлойм. Балага жаш кезинен китеп окутууну кааласа, биринчи кезекте ошол баланын апасы же атасы үйүндө сөзсүз түрдө китеп окуйт. Бала эч качан сөз укпайт, биринчи кезекте көргөнүн кылат. Баланын алгачкы эки жылында ата-эне жанына отуруп алып, китеп окуп бериши керек. Бала ага көңүл буруп жатабы, бурбай жатабы, маани бербөө керек. Үч-төрт жашка чыкканда бала китепти өзү сүйрөп калат. Балага китеп окуганда образга кирип окуу керек. Мисалы, ар бир жаныбардын үнүн ошол жаныбардыкына окшоштуруп, баланы кызыктыруу керек».
Китеп форумдун спикерлеринин бири жазуучу, котормочу Насыпбек Асанбаевдин айтымында, акыркы учурда окурмандар шыктандыруучу, тез акча табуунун жолдору сыяктуу китептерден алыстап, адабий китептерге басым жасай баштады. Мындан улам «Каныбек», «Маркумдар үнү» сыяктуу китептер кайра басылып чыгып жатат. Аны менен катар кыргыз жазуучулары кыргыз тилдүү окурмандарын азайтып алды. Муну жазуучулардын чоң көйгөйү катары карайт Асанбаев.
«Мурда шыктандыруучу, бат байып кетүү жолдорун көрсөткөн китептер, диний китептер көп сатылчу. Байкашымча, азыр эл алардан бир аз болсо да алыстап, көркөм адабиятка умтула баштады. Ошонүчүн Касымбековдун, Айтматовдун чыгармалары, дүйнөлүк адабияттагы чоң орду бар китептер кайра чыгып жатат, а мурда алар жок болчу. Ал эми орус тилдүү окурмандар мурдатан бери эле адабияттарды окушчу экен. Кыргыз жазуучуларынын бирден-бир көйгөйү: кыргыз тилдүү окурмандарыбызды орус тилдүү окурманга айлантып алганыбызда».
Форумдун уюштуруучусу Нурболот Азамат интернет өнүккөн заманда китеп окулбай калды деген пикирге кошулбайт, тескерисинче, интернет менен китеп айкалышкан заман. Ошондой эле социалдык тармактар китептерди жарнамалоодо чоң роль ойнойт.
«Азыркы учурда жарнаманын, маркетингдин жаңы жолдору пайда болду. Инстаграм, Tik Tokту, социалдык тармактарды китептерди жайылтуучу курал катары колдонушубуз керек, бул нерсе өтө маанилүү. Ошондой эле китеп дүкөндөр мына ушул мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбай пайдаланып калуулары керек. Азыркы учурда бизде бир муун бар: «Интернет пайда болду, китеп окулбай калды» деп, экөөнү бири-бирине карама-каршы коюп алышкан. Биз, тескерисинче, экөөнү айкалыштырып китептерди жайылта алабыз».
Иш-чарада «Акбарак» адабий фонду жана «Китепстан» басма үйү тарабынан жүргүзүлгөн «Кыргызстандыктардын китепке мамилеси кандай?» аттуу социалдык сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөтүлдү. Ага басымдуу көпчүлүгүн 35 жашка чейинкилер түзгөн беш миң киши катышкан. Алардын көбү окурмандарды алгач китептин сырткы көрүнүшү жана жанры кызыктырарын белгилешкен. Китеп дүкөндөрдүн жетекчилеринин айтымында, акыркы учурда бала тарбиялоого багытталган китептерге да суроо-талап өсүп жатат.