Биз менен байланышыңыз

Чек арага чекит койгон кыргыз-өзбек алакасы

Саясат , Экономика | 27 Янв 2023 | 757 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары бүгүн, 27-январда жыйынтыкталды. Анда эки өлкө ортосунда кызматташуу максатында 20дан ашык документке кол коюлду. Алардын ичинен эң маанилүүсү Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара маселесине чекит коюлганын, эми делимитациялоо иштери калганын президент Садыр Жапаров билдирди. Шавкат Мирзиёев Кыргызстанды Өзбекстандын убакыт сыноосунан өткөн чыныгы досу деп атап, бир катар дымактуу долбоорлорду бирге ашыруу маселеси талкууланды.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапары кечээ, 26-январда башталган. Жолугушуулардын негизинде эки өлкө ортосунда 20дай документке кол коюлду. Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара маселесинин делимитациялоо процесси аяктаганын эң маанилүү окуя деп белгиледи.

 «Биз чек ара маселелери боюнча диалогго жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр экенибизди көрсөттүк. Чек ара маселесине чек коюу менен биз келечек муундун ишенимдүү өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өсүшүнө бекем негиз түзөбүз деп ишенем. Биздин мамлекеттердин ортосунда эч кандай саясий карама-каршылык жок. Биргелешкен күч-аракеттер менен биз достуктун, бир туугандыктын жана ынак коңшулуктун негизинде эки тараптуу кызматташтыктын бүткүл чөйрөсүн мындан ары да кеңейтүүнү камсыз кыла турганыбызды так түшүнүп турабыз. Мамлекеттер аралык мамилелерде маанилүү роль ойногон эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштары барган сайын алдыга өнүгүүсүн улантууда. Бүгүн биз кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чынында эле тарыхый окуя. Биз чек ара маселелери боюнча диалогго жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр экенибизди көрсөттүк».

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эки күндүк иш сапарда 31 жылдын ичинде болуп көрбөгөндөй сүйлөшүүлөр болгонун жана эки өлкөнүн кызматташуусун арттыра турган маанилүү келишимдерге кол коюлганын айтты. Ошондой эле эки кошуна өлкөнүн мамилеси болуп көрбөгөндөй жогору деңгээлге жетти деп баалады.

«Кыргызстан менен Өзбекстан эгемен болгон 31 жылдын ичинде өз ара мамилелер биринчи жолу ушул деңгээлге жетти. Мындагы жеке колдоосу үчүн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирем. Чек араны тактоо маселесинде анын чечкиндүүлүгү болбосо, бүгүнкү жыйынтыктарга жетише алмак эмеспиз. Мурдагыдай «эртең кылабыз» деп улам жылдыра берип, 30 жыл өттү. Ошондой эле, бул жолугушууда көп тармак боюнча келишимдерди түздүк».

Өзбек делегациясынын бул сапарында энергетика тармагына өзгөчө көңүл бурулду. Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, эки өлкө ортосунда энергетика тармагы боюнча үч келишимге кол коюлган.

 «Бүгүн биз энергетика тармагы боюнча Өзбекстандын энергетика министри менен үч келишимге кол коёбуз. Биринчиси, энергетика тармагы боюнча кызматташуу экинчиси, Чаткал суусуна эки ГЭС куруу боюнча, бирөө 1100, экинчиси 700 мегабайттан. Ал эми үчүнчү келишим – көмүр боюнча. Биз азыр мамлекеттик көмүр ишканасынан бөлүктөрүн алып, түштүк калкын көмүр менен камсыздап, калганын Өзбекстанга сатабыз».

Айыл чарба минисри Аскар Жаныбеков 26-январда Кыргыз-өзбек бизнес форумунда Өзбекстандын айыл чарба министрлиги менен үч жылдык жол картага түзүлгөнүн, анын негизинде эки өлкөнүн айыл чарба министрлеринин ортосунда кызматташуу жаатында маанилүү келишимдерге кол коюлганын билдирди.

«Үч жылдык жол картада биз эки өлкөнүн айыл чарбасы менен тыгыз кызматташа турган келишимдерге макулдаштык. Алар: картошканы өстүрүп, үрөнү менен берүү, терини, жүндү кайра иштетүү маселелери, багбанчылык маселеси, күнөсканаларды куруу, ошондой эле тармактык илимдердин кызматташуусу боюнча макулдашылды. Мындан сырткары эки өлкөнүн айыл чарба министрлеринин ортосунда да кызматташууну артыруу максатында кол коюлду».

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин жолугушуусунда жалпы 20дан ашуун документке кол коюлду. Алардын арасында 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган эки өлкө ортосундагы чек аранын айрым тилкелери тууралуу келишимдин ратификациялоо грамоталарын алмашуу жөнүндө протокол жана Чаткал суусуна ГЭС куруу, Нарын облусуна Өзбекстандын текстиль фабрикасын ачуу, биргеликте автоунаа өндүрүү сыяктуу бир катар документтерге кол коюлду.

Белгилей кетсек, Өзбекстан Президентинин Бишкекке болгон сапары буга чейин эки ирет болжолдонуп, бирок белгисиз себептер менен артка жылдырылган. Ушуну менен Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери Кыргызстанга экинчи ирет мамлекеттик сапар менен келди.

Copyright © 2017 Maral FM