Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын банк системасында канча доллар бар экени айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Янв 2023 | 669 | 0

Кыргызстандан  АКШ долларын накталай түрдө алып чыгууга чек коюлгандан бери суроо-талап азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө банк системасында 600 миллиондон ашык АКШ доллары бар. Анын 40%га жакыны накталай акча. Азыркы учурда валюта өлкөдө жетиштүү.

Улуттук банктын 2 млрд 800 миллиондун тегерегинде резерви бар.

 «Улуттук банк валютанын кескин түрдө жогорулашына жана негизги өнөктөш болгон Орусияга санкциялардын киргизилишине байланыштуу бир нече чечимдерди кабыл алган. Инфляцияга болгон басымды азайтуу үчүн эсептик ченди 14%га чейин жогорулатканбыз. Андан сырткары коммерциялык банктарга чет өлкөгө накталай түрдө АКШ долларын чыгарууга тыюу салынган. Бүгүнкү күндө банк системасында 600 миллиондон ашык АКШ доллары бар. Ошонун 40% жакыны накталай түрдө. Азыркы учурда валюта өлкөдө жетиштүү. Улуттук банктын 2млрд 800 миллиондун тегерегинде резервдери дагы бар. Кандайдыр бир суроо талап пайда болгондо, Улуттук банк доллар менен камсыз кылганга мүмкүнчүлүгү бар», — дейт Карабаева.

Ал кошумчалагандай, өлкөдө валюта рыногундагы абал  туруктуу.

«Кайсы акча алмаштыруу бюросу же кайсы банк чет өлкө валютасын сатуудан баш тартып жатканы боюнча ыкчам түрдө маалымат берсеңиздер болот. Байланыш номери (0501 89 00 00). Улуттук банк көзөмөл функциясынын алкагында чара көрөт», — деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM