Биз менен байланышыңыз

Эксперт: «Азаттык» жабылса, Кыргызстандын бир тарых барагы жабылат

Саясат | 24 Янв 2023 | 213 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылды. Министрлик кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. «Азаттык Медиа» бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экенин белгилеп келет. Юристтер жана жарандык активисттер «Азаттыкты» жабуу аракетин кескин сындап жатышат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сотко жолдогон катында «Азаттык Медиа» «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамдын 23-беренесинде көрсөтүлгөн «согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого тыюу салынат» деген пунктту бузуп жатканын көрсөттү.

Өткөн жылы 26-октябрда министрлик «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун дагы бир кызматы «Настоящее время» телеканалынын сайтына жарыяланган 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуялар тууралуу видеоматериал негиз болгонун маалымдашкан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга негиздөөдө.

Министрлик андан кийин «Азаттык Медиа» сайтынын ишин бөгөттөгөн чечимин күчүндө калтырды.

«Азаттыктын» «Демирбанктагы» эсебине бөгөт коюлган. Жогорку Кеңештин Жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредиттөө комиссиясы «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлерине берилген аккредитациялык ырастамаларды 17-ноябрдан тартып чакыртып алган.

Бийликтин «Азаттыкты» жабуу аракети коомдо сынга кабылууда. «Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбековдун пикиринде, бул күтүлгөн эле аракет болчу. «Азаттык» министрлик айтып жаткан мыйзамды бузган эмес. Бирок талаштын өзү мыйзамдагы кемчиликтен улам келип чыгууда.

«Ал репортажды окуядан кийин көргөм. Менимче, «Азаттык» тарабынан бузуу болгон жок. Эки жактан журналист, эки жактан расмий органдардын маалыматы айтылган. Талаштын өзү анык эмес мыйзамдан келип чыгып жатат. Ал жерде бир тараптуу жазылып калган. Мисалы, эгерде ММКнын кайсы материалы болбосун бирөөгө жакпай калса, арыз менен кайрылса, ММК өздөрүнүн жүйөлөрүн келтирип, далилдөөгө мүмкүнчүлүк бербей жатат. Мыйзамдын аталышы «Анык эмес маалымат» болгону менен аны аныктай турган процедурасы да жок, орган да жок».

20-январда АКШ Сенатынын эл аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Боб Менендес жана комитеттин мүчөсү Жим Риш Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына жана «Азаттык» радиосу туш болгон чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирип, президент Садыр Жапаровго кат жолдошкон.

Америкалык сенаторлор Кыргыз Өкмөтүн өзүнүн «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамын көз карандысыз медианы чектөө үчүн, өзгөчө «Азаттык» радиосунун сайттарын жана банк эсебин бөгөттөө үчүн колдонгонун айтышкан.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу АКШ сенаторлорунун «Азаттык Медиа» боюнча кайрылуусуна жооп берген.

«Азаттык Медианын» ишин эки айга хостинг-провайдер менен токтотуу чечимин 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусундагы окуялар тууралуу анык эмес маалымат бергендигине байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабыл алганын эске салгыбыз келет. Бул чечимди кабыл алганга чейин министрлик «Азаттык Медиа» редакциясына бир нече жолу кат жөнөткөн. Өз укугун пайдалануу менен сайт иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык токтотулган. Башкача айтканда, бул атайын чара эмес, анык эмес маалымат таратууга тыюу салган өлкөнүн иштеп жаткан мыйзамын бузууга карата реакция болгон. Кыргызстан — көз карандысыз медиалар толук кандуу иштөөсүнө бардык шарттары бар эркин, демократиялык өлкө».

«Азаттыкка» карата бийликтин аракеттерин көз карандысыз эксперт Руслан Акматбек мындай сыпаттады.

«Светти өчүрүп, караңгы кылып жатпайбы Кыргызстанды, бул да ошондой эле нерсе. Бийлик коомду караңгы кылып, үнкүргө алып барып жашаткысы келип жатат. Болбогон эле шылтоо менен сөз эркиндигин чектөө, Кыргызстан үчүн эгемендиктин, ачык-айкындыктын, адилеттиктин, эриндиктин символу болгон чоң тарыхы бар медианы жабууга аракет жасоо — бул түркөйлүк. «Азаттыкты» жабуу менен Кыргызстандын бир чоң тарых барагын жабабыз. Мунун арты менен дүйнөгө дагы бир ирет шерменде болобуз. Бул — Түркмөнстанга карай бир кадам».

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай «Азаттык» ишенимдүү маалымат булагы экенин белгилеп, ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.

«Азаттыктын» Бишкектеги кеңсесинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Бакыт Асанов мыйзамга каршы аракет болбогонун билдирди.

«Бул боюнча алгачкы соттук процесс 26-январга белгиленген. Анан «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай да «Азаттык» ишенимдүү маалымат булагы экенин белгилеп, тоскоолдуксуз иштөөсүнө уруксат берилиши керектигин бир нече жолу ошол өзүнүн билдирүүлөрүндө айткан».

Ал эми көз карандысыз эксперт Элдар Абакиров сөз эркиндигине катуу чабуул болуп жатканын айтты.

«Албетте, «Азаттыкты» жабуу сөз эркиндигине каршы жасалган бир чоң кадам болот. А сөз эркиндиги талкаланса, мамлекет көп жагынан аксай баштайт. Жеке менчик медиалар акчага көз каранды болуп, айрым маалыматтарды жазып же жазбай коюшу мүмкүн. А «Азаттык» акчага көз каранды эмес. Албетте, Америка каржылайт, бирок Американын өзүндө сөз эркиндиги күчтүү болгону үчүн демократиянын принциптерин карманган эң алдыңкы массалык маалымат каражаттарынын сап башында болчу. Бул — сөз эркиндигине чабуул».

Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар «Азаттык Медианын» сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга чакырып келишкен.

Copyright © 2017 Maral FM