Социалдык фонд өткөн жылдын январь-декабрь айларында 74 миң 580 жаранга пенсия чегерген. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинде 2022-жылдын декабрында 6 миң 515 жаранга пенсия чегерилген.
Мындан сырткары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 2 миң 294 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.