Биз менен байланышыңыз

Индия калкынын саны боюнча Кытайдан ашып өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Янв 2023 | 1844 | 0

2022-жылдын акырында Индиянын калкы 1 млрд 417 миллион адамды түздү. Бул — Кытай калкынан 5 миллион адамга көп. Бул тууралуу Bloomberg сайты дүйнө жүзүндөгү калктын эсебин алган World Population Review уюмунун маалыматына таянып жазды.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму Индия Кытайды басып өтүп, калктын саны боюнча дүйнөдө лидер болорун божомолдоп жаткан.

World Population Review уюмунун маалыматы боюнча, 18-январга карата Индиянын калкы 6 миллионго көбөйүп, 1 млрд 423 миллионго жетти.

Индия кылкынын саны боюнча маалыматты расмий жарыялай элек. Адатта өлкөдө эл каттоо 10 жылда бир жолу өткөрүлөт. Акыркы эл каттоо 2021-жылы өтмөк, бирок пандемиядан улам белгисиз мөөнөткө жылдырылып, калктын эсеби алынбай калган.

2022-жылы Кытайдын калкы 2021-жылга салыштырмалуу 850 миң адамга кыскарган. Мындай төмөн көрсөткүч 1960-жылдан бери биринчи жолу болгон.

БУУнун божомолунда 2050-жылга чейин Конгонун , Египеттин, Эфиопиянын, Индиянын, Нигериянын, Пакистандын, Филиппиндин, Танзаниянын калкы өтө көбөйөт.

Индия дүйнөлүк IT-компанияларды жетектеген кадрларды кантип чыгарды?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM